Алардын мындай жүрүм-туруму арийне, биримдиктин чечкиндүү аракеттенүүсүнө кедерги болууда.
НАТОнун өткөн жумада Уэльсте болгон жыйынында көпчүлүк батыштыктарды таң калтырган окуя болду. Чехиянын президенти Милош Земан саммитте Швециянын тышкы иштер министри Карл Бильдт менен “чарпыша” түштү. Земан орус аскерлеринин Украинага басып киргени жөнүндө “даана далилдерди” көрбөдүм дегенде Бильдт: “Президент Земан элинен сурасын. Чех Республикасынын чалгындоо кызматы барбы? Ал иштейби? Анда алардан сурасын”, - деп кеңеш берди.
Кайым айтышуу Москванын кылычын жалаңдатканына жана Украинага басып киргенине НАТОнун айрым мүчөлөрү камырабай карап турганын айгине кылды. Муну серепчилер Вышеград төрттүгүнө кирген Чехия, Словакия жана Мажарстандын Орусия менен ар жактуу экономикалык байланышта экени менен түшүндүрүшөт. Болбосо, Мажарстанга 1956-жылкы, Чехия жана Словакияга 1968-жылкы советтик аскерлер басып кирип, улуттук ар-намысын танкалар менен таптаганы унутула элек.
Мартин Майер Братиславадагы Борбор Европа саясаты институтунун коопсуздук жана коргонуу боюнча улук эксперти. Анын “Азаттык” радиосуна айтышынча, Вышеград төрттүгүнүн мүчөлөрү арасында экономикалык кызыкчылык үстөмдүк кылууда:
- Украинадагы кризис береги өлкөлөрдө стратегиялык ойлонуу жана коркунучту кабыл алуу ар башка экенин, айрымдарында экономикалык аргумент стратегиялык аргументтен жана узак келечекке сарасеп салгандан оорлук кылып жатканын көрсөттү.
Мындан улам Чехия, Словакия жана Мажарстандын өкмөттөрү Евробиримдикке мүчө катары уюмдун Орусияга каршы санкцияны дагы катуулатууну колдоого көңүлсүнбөй турушат. Чехиянын курама өкмөтү жаңы санкциялар өлкөнүн өнөр жайына келтирчү чыгымды эсептөөдө. Бирок коалициядагы солчул социал-демократтар Москвага каршы санкцияны күчөтүүгө макул эмес.
Словакиянын премьер-министри Роберт Фицо анын өкмөтү “өлкөнүн кызыкчылыгына кедергисин тийгизчү кээ бир санкцияларга кошулбашы” ыктымал экенин каңкуулаган.
Мажарстандын улутчул өкмөт башчысы Виктор Урбан болсо санкция Орусиянын жүрүм-турумун өзгөртөт деп ишенүүнү “өзүн-өзү алдоо” деп мүнөздөгөн.
Москва эскерткендей, Европадан автомобилдерди импорттоого тыюу салынса, айрыкча Словакия жана Мажарстан зыян тартары кажетсиз.
Вышеград тобунан жалгыз гана Польша жана аны менен кошо 1939-жылы советтик агрессияга кабылган Литва, ошондой эле Латвия, Эстония Орусиянын коркунучуна каршы чечкиндүү чара көрүүгө чакырышууда.
Вышеград төрттүгүндөгү абалды The Economist журналынын улук редактору Эдвард Лукас төмөндөгүдөй сыпаттады:
- Польша экс-коммунисттик дүйнөнүн эч кимди алдына чыгарбаган талашсыз лидери. Калгандарынын көз караштары ар кыл. Словакия сыягы башынан эле путинчил өңүттө же санкцияга каршы. Чехтер да, өзгөчө президент Милош Земандын ушундай линияны карманганы өкүнүчтүү деп ойлойм. Булардын эң начары европалыктар тааныган либерал-демократтык принциптерди ачык чанган Мажарстандын премьер-министри Виктор Урбан. Ал менимче, геосаясый же дипломаттык оюнчулук боюнча Вышеград идеясын оор абалга коюуда.
Эдвард Лукас “Жаңы кансыз согуш: Путиндин Орусиясы жана батышка коркунуч” (The New Cold War: Putin's Russia and the Threat to the West) деген китептин автору.
Бирок братиславалык таллдоочу Мартин Майердин сөзүнө караганда, Чехия менен Словакияда бытышчыл жана наточул маанай күчтүү. Жарандар улуттук өкмөттөр батышчыл багытынан жазбайт жана Орусиянын орбитасына кайтууну каалабайт, дейт серепчи.
Эртең Евробиримдик Украин кризисиндеги ролуна байланыштуу Орусияга каршы жаңы санкцияларды кабыл алат. Уюм лидерлери мындай бүтүмгө 5-сентябрда Уэльстеги кездешүүдө келишкен.