Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:31

Навальный сот чечимин аткаруудан баш тартты


Генрих Падва менен Алексей Навальный
Генрих Падва менен Алексей Навальный

Орусиядагы оппозициячы Алексей Навальный премьер-министр Медведев жана миллиардер Усмановго байланыштуу иликтөөсүн интернеттен өчүрбөй турганын айтты. Ал эми Усманов тарап сотко ыраазы. Өкмөт билдирүү тараткан жок.

31-майда Москванын Люблинский райондук соту миллиардер Алишер Усмановдун оппозициячыга каршы доосун толук канааттандырган. Ага ылайык, Навальныйдын "Коррупцияга каршы күрөшүү фондун" интернет баракчаларынан Усмановду паракорчулукка күнөөлөгөн "Он вам не Димон" аттуу даректүү тасманы өчүрүүгө өкүм кылган.

Алексей Навальный соттон келери менен жаздырган видеоблогунда:

- Кандай гана болбосун биздин фильмди да, биздин иликтөөбүздү да алып салбайм. Соттун чечимин тааныбайм. Мен дегеле аны сот деп эсептебейм. Бул жөн гана медведевдик-путиндик кол баланын чындыкты жашыруу аракеттери. Мен ал чындыкты таратууну улантам.

Соттогу атмосфераны мен Твиттерде окуган “колунда соту турганда Усмановго адвокаттын кереги не” деген тамашадан артык сүрөттөө кыйын. Биздин күбөлөрдү чакырышкан жок. Биздин документтерди тиркешкен жок. 23 өтүнүч келтирсек, 22син канааттандырган жок. Эң күлкүлүүсү, "сот өчүр" деп чечим чыгарган “Он вам не Димон” деген фильмди көрүүдөн баш тартты. - деди.

Алишер Усманов
Алишер Усманов

Келтирилген өтүнүчтөрдүн бири Медведевдин өзүн жараянга чакырууну да сот четке каккан.

Ал эми Усманов сот чечимине ыраазы. Анын адвокаты Генрих Падва:

- Саясий кайым айтышуунун кызуусу менен жок жерден эле кимдир бирөөнүн ар-намыс, бедели жана ишкердик репутациясы кордолушуна жол берилбеши керек. Усмановду жаманатты кылган билдирүүлөрдө жетиштүү негиз жок. Бышыктоолор объективдүү эмес деп эсептейбиз. Сот бул жүйөлөрдү бекитип, ушундай чечим чыгарганына аябай кубанычтабыз.

Дмитрий Медведев
Дмитрий Медведев

Кеңсеси Москвадагы "Коррупцияга каршы күрөшүү фонду" быйыл мартта Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведевдин мүлктөрү боюнча иликтөөсүн жарыялаган. Анда фонд премьердин декларацияда көрсөтүлбөгөн мүлктөрү деп Орусиянын булуң-бурчунда жана Италиядагы хансарайларды, жер тилкелерди, жүзүмзарларды, андан тышкары яхталарды көрсөткөн. Анын ичинде ишкер Алишер Усманов Медведевге курсташы аркылуу 5 млрд рублдик бак-шактуу үй бергенин белгилеп, муну пара деп атаган.

Илья Елисеев аттуу курсташы премьердин бүтүндөй жашыруун мүлктөрүн көзөмөлдөрү баса айтылат.

Медведев иликтөөнү "сандырак" деп атаган.

Ал эми Усманов Навальныйды сотко берген. Видеоблог аркылуу да жооп кайтарып, натыйжада интернет аркылуу да экөөнүн кайым айтышы уланууда.

Орусиядагы антиөкмөттүк акциялардын бири
Орусиядагы антиөкмөттүк акциялардын бири

«Он вам не Димон» фильми жарыяланган соң катуу талкуу жаратып, марттын аягында Орусиянын жүзгө чукул шаарында өкмөткө каршы нааразылык акциялары өткөн.

Ал эми апрелдин аягында «Левада» борбору жүргүзгөн сурамжылоодо орусиялыктардын 45% Медведевдин отставкасын колдой турганын билдиришкен.

Навальныйдын фильми орус телеканалдарынан көрсөтүлгөн эмес, Ютубдагы анын баракчасынан ушу тапта 22 миллион жолу көрүлдү, жүз миңге жакын пикир түштү. Көрүүчүлөрдүн да, митингге чыккандардын да басымдуусу жаштар. Буга байланыштуу андан бери Думадагы бийликчил депутаттар интернеттеги социалдык сайттарга көзөмөлдү, чекти күчөтүүнү сунушташууда.

Бул тапта Алексей Навальный өкмөткө каршы нааразылык акцияларын 12-июнда да өткөргөнү жатат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG