Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:14

Орусия Сириядагы жеңишти өзүнө ыйгарды


Орус президент Владимир Путин жана коргоо министри Сергей Шойгу, Москва, 7-декабрь 2017-жыл.
Орус президент Владимир Путин жана коргоо министри Сергей Шойгу, Москва, 7-декабрь 2017-жыл.

Орус армиясы Сириянын аймагы "Ислам мамлекети" террордук тобунан толугу менен бошотулганын жарыялады. Бирок эксперттер Сирияда согушкерлер жок кылынды деп айтууга эрте экенин, орус тарап жеңишти биринчи жарыялоо менен өзүнө упай топтогусу келерин айтышат.

Орусия эки жылдан ашкан аскердик операциялардан кийин Сириядагы "Ислам мамлекети" террордук тобун жок кылуу тапшырмасы аткарылганын жар салды.

Орус армиясынын башкы штабынын оперативдүү башкармалыгынын жетекчиси, генерал-полковник Сергей Рудской 7-декабрда Москвада брифинг өткөрүп, Сирия согушкерлерден бошотулганын айтты:

- Бүгүнкү күнү Сирия араб республикасында "Ислам мамлекети" тобунун көзөмөлүндө турган бир дагы район же калктуу пункт жок. Сириянын аймагы бул террорчул топтун согушкерлеринен толугу менен бошотулду. Учурда өкмөттүк күчтөр тазалоо жана бошотулган аймактардагы миналарды жок кылуу ишин жүргүзүүдө.

Орусиянын Коргоо министрлигинин өкүлү Рудской орус армиясы азырынча Сирияда кала берерин, бул өлкөгө согушкерлердин жаңы диверсиялык топтору кирип келиши мүмкүндүгүн, алардын мизин кайтарууга президент Башар Асаддын күчтөрүнүн кудурети жетерин кошумчалады.

Генерал-полковник Сергей Рудской Моксквадагы брифингде, 7-декабрь 2017-жыл.
Генерал-полковник Сергей Рудской Моксквадагы брифингде, 7-декабрь 2017-жыл.

Эки күн мурда орус куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын жетекчиси Валерий Герасимов да Сириянын аймагында ИМ тобу жок кылынганын билдирген. Орус коргоо министри Сергей Шойгу да бул тууралуу башкы командачы, президент Владимир Путинди кабардар кылганы белгилүү болгон.

- Коргоо министри Евфрат дарыясынын чыгыш жана батыш жээктериндеги операциялар террорчулардын жок кылынышы менен аяктаганын кабарлады. Албетте, майда каршылык дале болушу мүмкүн, бирок жалпысынан бул аймакта аскердик аракеттер аяктады, - деп билдирген Путин 6-декабрда Нижний Новгороддогу жыйында.

Октябрь айында Сириянын демократиялык күчтөрү күрттөрдүн катышуусунда "Ислам мамлекети" экстремисттик тобу ээлеп турган Ракка шаарын бошоткон. Ага улай Сирия армиясы жана Дамасктын союздаштарынын күчтөрү өлкө чыгышындагы Дейр-эз-Зор калаасынан согушкерлерди сүрүп чыгарышкан.

Сириянын өкмөттүк күчтөрүнүн Дейр-эз-Зордогу аба чабуулу, 31-октябрь 2017-жыл.
Сириянын өкмөттүк күчтөрүнүн Дейр-эз-Зордогу аба чабуулу, 31-октябрь 2017-жыл.

Байкоочулар Орусиянын билдирүүсүнө макул эмес

Сириядагы кырдаалга көз салган Москвадагы Conflict Intelligence Team иликтөөчүлөр тобу орус армиясынын бейшембидеги маалыматын "шашылыш жасалган", "чындыкка туура келбеген" билдирүү деп мүнөздөдү. Топтун эксперти Руслан Левиев "Азаттык" менен маегинде Сириядан келген тасма, кабарларды талдап чыгышканын, аймакта дале болсо "Ислам мамлекети" тобу ээлеген жерлер бар экенин айтты:

- Бизге келген маалыматтардан Евфрат дарыясы менен Дейр-эз-Зордун батыш тарабындагы аймактын кыйла бөлүгү "Ислам мамлекети" тобунун көзөмөлүндө турганын көрүп турабыз. Ал жакка согушкерлердин көбү Дейр-эз-Зор менен Абу-Кемалдан качып барышкан. Алар маал-маалы менен Асаддын позицияларына чабуул коюп жатышат. Ошондой эле жагдай Евфраттын чыгыш тарабында да байкалууда. 6-декабрда күрттөрдүн күчтөрү ИМдин контрчабуулунун мизин кайтарганын көрсөткөн видеотасманы жарыялашты. Бирок бул эки аймак тең генерал Рудскойдун материалында согушкерлерден бошотулган жерлер катары көрсөтүлдү.

Эксперт Левиев "Ислам мамлекети" террордук тобунун күүгүмү алыс эместигин, ошентсе да көп согушкерлер чөл аймактарына чыгып кеткенин, алар жакынкы айларда чабуул койсо таң калбастыгын кошумчалады. Ал орус бийлиги үчүн эртелеп жеңишти жарыялоонун өзүнчө себеби бар экенин айтты:

- Биринчиден, Владимир Путин кийинки жылдагы президенттик шайлоого катышарын жарыялады. Аны жеңүүчү катары көрсөтүү үчүн башкы штаб мындай билдирүү жасады. Экинчиден, бул жеңиштин желегин биринчи болуп желбиретүү аракети. Себеби ИМ тобуна каршы күрөштүн бурулуш учуру аяктады. Азыр бардык тарап бул топту толук жок кылууга аракет кылып жатат. Шашылыш болсо да биз жеңишти жарыялагандан кийин эл аралык коалиция болобу же күрттөр болобу, алардын билдирүүлөрү экинчи планда калат. Үчүнчүдөн, биздин спорчуларыбыз олимпиададан четтетилди. Негативдүү кабардын таасирин позитивдүү жаңылык менен азайтуу аракети болду.

Орусия алты жылдан бери жарандык согуш жүрүп жаткан Сириядагы аба чабуулдарын 2015-жылдын күзүндө баштаган. Москва бул чечимин террорчуларды жок кылуу максаты менен түшүндүрсө, Сирия оппозициясы менен айрым Батыш өлкөлөрү Орусия президент Башар Асадга гана жардам берүүнү көздөйт деп келишет.

АКШ баштаган эл аралык коалиция Орусия кандай чечим кабыл алса да, Евфраттын чыгыш тарабындагы миссиясын аткара берерин кабарлады. Ал тапта француз президенти Эммануэл Макрон Катардагы иш-сапары маалында Сирия менен Иракта ИМ тобунун үстүнөн жеңишке жетүүгө аз калганын айтты.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG