Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:32

Назарбаев жаштардын сакал койгонуна каршы


Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев. 2015-жыл.
Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев. 2015-жыл.

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев сакал коюуну жана чолок шым кийүүнү мыйзам чегинде тыюу салууга чакырды.

Мындай көрүнүш казак элинин салт-санаасына туура келбестигин белгилеген Назарбаев буга жаштардын диний сабатсыздыгы себеп болуп жатканын айтты.

Казак президенти 19-апрелде Казакстандын мусулмандар дин башкармалыгынын лидерлери менен жолукту. Астанада өткөн иш-чарада мамлекет башчысы айрым казак жарандарынын сакал коюп, кыска шым кийип жүргөнү казак салтына жана элине жат экенин белгилеп, буга мыйзам чегинде тыюу салууну сунуштады.

- Караңгылыктын айынан биздин жаштар сакал өстүрүп, шымдарын кыскартып алууда. Толугу менен карага чүмкөнүп алган казак кыздары көбөйдү. Бул биздин салтыбызга да, элибизге да жат көрүнүш. Буга мыйзам чегинде тыюу салуунун жолун караштыруу керек. Казактар аза күткөндө гана кара кийген, - деди Назарбаев.

Президент санариптик маалымат заманында Казакстан салттуу эмес диний агымдарга бөгөт коюуну билиши керек деп, өлкө үчүн исламдын ханафи мазхабы салттуу экенин баса белгилеген. Ошондой эле президент керек болсо өкмөт диний башкармалыкты колдоп, миңдеген имамдардын кесиптик деңгээлин көтөргөнгө жардам берерин кошумчалады.

Анткен менен шектүү диний агымдардын жайылышына каршы турууда кандайдыр бир тыюу салуулар жардам бербейт деген пикирлер жок эмес. Казакстандык теолог Досай Кенжетай маселени күч менен токтотуу натыйжалуу болооруна ишенбей турат:

- Тыюу салуу менен эч нерсе өзгөрбөйт. Анткени биз ал мезгилден өттүк. Бирок, муну президент айтып жаткандан кийин күч органдары эске алып, механизмин ойлоп табышат. Бирок, мен буга ишенбейм. Шым жана сакал көйгөйдүн болгону үстүнкү катмары. Бизге көрүнбөгөн таасир эткен аракеттер бар. Аларды күч менен токтото албайсың.

Казакстан бийликтери соңку жылдары өлкөдө исламдын башка багыттары, тактап айткан салафизм менен вахабизмдин өрчүп баратканына тынчсызданып келишкен.

Дегеле Борбор Азия өлкөлөрүнүн бийликтери башкa диний маданияттын таасирине бөгөт коюуга аракет кылып жаткандай. Маселен, 2014-жылы Тажикстандын көчөлөрүндө, базарларда милиция сакалчан кишилерди кармап, ал тургай мажбурлап сакалын алдырышы коомчулуктун нааразылыгын жараткан. 2015-жылы Өзбекстанда күч органдары сакалчандарды текшерип, жаштарга сакал-мурутту кырып, ар кандай агымдардан оолак жүрүүнү эскерткен.

Ал эми Кыргызстанда былтыр кара түстөгү хижабчандардын чоң сүрөттөрү чапталып, "кайран элим кайда баратабыз" деген баннерлер көчөлөргө илинген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG