Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:38

Пенсия реформасы Путиндин баркын кетирди


Владимир Путин.
Владимир Путин.

Орусиядагы социологиялык борборлор президент Владимир Путинге калктын ишеними июнь айында кескин төмөндөп кеткенин аныкташкан.

Орусиянын президент Владимир Путиндин рейтинги июндун экинчи жумасында 62 пайыздан 54 пайызга чейин түшүп кеткен. "Общественное мнение" социологиялык фонду билдиргендей, бул 2013-жылдан берки эң төмөнкү көрсөткүч. Ал эми коомдук маанайды изилдөөчү ВЦИОМ борбору Путиндин ишин жактагандардын пайызы 77ден беш пайызга азайганын маалымдайт. Буга кошумча премьер-министр Дмитрий Медведевдин жана анын өкмөтүнүн ишине нааразылар көбөйгөн.

Дмитрий Песков.
Дмитрий Песков.

Орусиялыктардын арасындагы нааразылыкка Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков "Владимир Путин өз рейтингинин өйдө-ылдый жылышына көңүл бурбайт" деп жооп берген. ​"Силер билесиңер, адамдардын кызыкчылыгы ал үчүн дайыма жогору" деп кошумчалаган Песков.

Орусияда Путинди жактагандардын кескин азайышын саясат таануучулар менен социологдор пенсия реформасынын жарыяланышына, кошумча нарк салыгынын көтөрүлүшүнө жана бензиндин кымбатташына байланыштырышууда.

14-июнда Орусияда Футбол боюнча дүйнөлүк чемпионаттын ачылышы менен өлкөдө пенсия курагын көтөрүү реформасы башталган. Орус өкмөтү пенсия курагы эркектерге 60 жаштан 65ке чейин, аялдарга 55тен 63 жашка чейин көтөрүлөөрүн жарыялаган. Ошол эле күнү кошумча нарк салыгы (НДС) 18ден 20 пайызга жогорулай турганы кабарланган.

Социолог Григорий Кертман Путиндин рейтинги бир жумада 62 пайыздан 54 пайызга түшүп кеткени, ага ишеним арткан орусиялыктар 75 пайыздан 67 пайызга кемигени, ал эми анын ишмердигин колдогондор 69 пайызга чейин азайганы олуттуу көрсөткүч деген ойдо:

Григорий Кертман.
Григорий Кертман.

- Бул көрсөткүчтөр дагы канчага түшүп-түшпөгөнүнө карабай азыркы абал бир кыйла олуттуу. Анткени бир топ жылдан бери рейтинг эч кыймылдабай, бир ордунда келген. Эми миллиондордун жашоосуна таасир этүүчү өзгөрүүлөргө байланыштууу көрсөткүчтөр түшө баштады.

Орусиялыктардын маанайын чөгөргөн себептердин катарына жыл башынан бери бензиндин кымбаттап баратканы да кошулууда. Росстаттын маалыматы боюнча январь-май айларында бензин 7,2 пайызга кымбаттаган.

Социолог калк арасындагы нааразычылык тез арада басаңдабайт, мындай маанай элди көчөлөргө алып чыгышы мүмкүн деп божомолдойт.

Орусиялыктардын Путинге болгон ишениминин төмөндөшү 2013-жылы да катталган. Саясат таануучулардын пикиринде, анда Крымдын аннексияланышына байланыштуу Путиндин рейтинги көтөрүлгөн.

Саясат таануучу Леонид Гозман бул жолу бийлик өкүлдөрү элдин ишенимин кантип кайтараары белгисиз экенин айтты:

Леонид Гозман.
Леонид Гозман.

- Эми алар эмне кылышаарын билбейм. Алар өздөрүн оор абалга кептешти. Адамдардын жашоо шарттарына сокку урулгандан тышкары, алардын намысына да шек келтирилүүдө. Өкмөт эл менен эсептешпей тургандыгын, ага малдай мамиле кылаарын ачык көрсөтүп койду. Мурун Болотныйдагы адамдарды шайлоонун жыйынтыгы нааразы кылган болсо, мында жөнөкөй, карапайым адамдар нааразы.

Пенсия реформасына Мамлекеттик Думада "Единая Россия" партиясынан башка партиялар нааразычылык билдирип чыгышкан. Ал эми Орусиянын Эмгек конфедерациясы жарыялаган change.org сайтындагы пенсия курагын көтөрүүгө каршы петицияга 2,5 миллиондон ашуун кол чогулган.

Буга кошумча Эмгек конфедерациясы, Көз каранды эмес профсоюздардын федерациясы жана Кремлди сындап жүргөн Алексей Навальныйдын тарапташтары жер-жерлерде пенсия реформасына каршы нааразылык акцияларын өткөрүшүүдө. Пенсия реформасына каршы митингдер бул кезде Иркутскиде, Красноярскиде жана Читада өтсө, дагы 19 шаарда митинг уюштурууга жергиликтүү бийликтен уруксат алынып, дагы ондогон шаарларда адамдар көчөгө чыгууну пландап жатышат.

Демограф Сергей Белановский - калк арасында пенсия курагындагылар көбөйгөнүн белгилеп, пенсия реформасына орус өкмөтү аргасыздан барып жатканын айткандардын бири. Бирок ал калкты каржылык кысымга алууну токтотуш керек деген ойдо:

Сергей Белановский.
Сергей Белановский.

- Жакыр коомдо мамлекет социалдык чыгымдарды азайтуу менен адамдарга ал жеңилдиктердин ордуна бир нерсе бериши керек. Мисалы, салыктарды азайтыш керек. Күчтүү лоббисттер бюджетти, анын кирешелерин бөлүштүрүп кетишти. Салыктар болсо көбөйүп баратат. Элден акчаны тартып алышты. Эми "саламаттык сактоого, билим берүүгө жумшайбыз" деп жатышат. Чындыгында эле ошондой болдубу же атомдук кыймылдаткыч өндүрүшүнө жөнөтүштүбү деген суроо пайда болду.

Азыркы кезде Орусияда 43 миллиондой пенсионер катталган. Пенсия курагын көтөрүү реформасы пенсионерлерди 9 пайызга - 38,52 миллион адамга чейин кыскартаары айтылууда.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG