Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:34

Путин башкы прокурорун алмаштырууну чечти


Орус президенти Владимир Путин менен башкы прокурорлук кызматтан кетип жаткан Юрий Чайка.
Орус президенти Владимир Путин менен башкы прокурорлук кызматтан кетип жаткан Юрий Чайка.

Орусиянын башкы прокурору Юрий Чайка кызматынан кетүүдө. Президент Владимир Путин анын ордуна Тергөө комитетинин жетекчи орун басары Игорь Красновдун талапкерлигин сунуштады.

Орус өкмөтү отставкага кеткенден көп өтпөй президент Владимир Путин башкы прокурор Юрий Чайканы кызматтан бошотууну чечти. Кремль башкы көзөмөл органын 14 жыл бою жетектеп келген бул аткаминер башка ишке өткөнүн 20-январда билдирди. Бирок кайда кетип жатканы так айтылган жок.

Айрым орус басылмалары Чайканын иштен алынышына анын жашы өтүп калганы себеп болушу мүмкүндүгүн жазып жатышат. Себеби орус мыйзамына ылайык, башкы көзөмөл органынын жетекчисинин жашы 70тен өйдө болбошу керек. Чайка быйыл май айында 69 жашка толот.

Соңку жылдары оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный жетектеген "Коррупцияга каршы күрөшүү фонду" Юрий Чайканы жана анын үй-бүлөсүн бир нече жолу жемкорлукка айыптаган. Маселен фонддун 2015-жылдагы иликтөөсүндө Чайканын эки уулу атасынын таасири менен менен мыйзамсыз байыганы тууралуу сөз болгон.

"Бул - Орусиянын башкы прокурору Юрий Яковлевич Чайканын калкалоосу менен ишке ашкан бандитизм, талап-тоноочулук жана коркутуп-үркүтүү", - деп билдирген убагында Алексей Навальный.

Чайканын уулдарынын бири Игорь.
Чайканын уулдарынын бири Игорь.

2017-жылы АКШ "Магнитский мыйзамынын" алкагында Чайканын тун уулу Артёмго санкция салган. Кошмо Штаттардын Финансы министрлиги Артём Чайка "атасы ээлеген кызматынан пайдалануу менен мамлекеттик мүлктү колго алып, атаандаштарына басым көрсөткөнүн" билдирген. Убагында Чайка мындай дооматтарды жана Навальныйдын иликтөөсүндө айтылган маалыматтарды четке каккан.

Эми коррупция дооматтары артылган Чайканы кызматтан бошотуу сунушу 22-январда Федерация кеңешинин добушуна коюлат. Ага удаа Владимир Путин башкы прокурордун ордуна сунуштаган Игорь Красновдун талапкерлиги каралат.

44 жаштагы Краснов акыркы төрт жылдан бери Тергөө комитетинин жетекчи орун басары болуп иштеп келген. Ал Тергөө кызматына өткөнгө чейин прокуратура тармагында эмгектенген.

Краснов 2015-жылы оппозициячыл саясатчы Борис Немцовдун Москвада өлтүрүлүшү боюнча алгачкы тергөө тобун жетектеген. Немцовду өлтүрдү делген адамдарга сот чечими чыкканы менен буюртма бергендердин аты-жөнү ушул күнгө чейин белгисиз.

Башкы прокурорлукка сунушталган Игорь Краснов.
Башкы прокурорлукка сунушталган Игорь Краснов.

Кантсе да Орусиянын башкы көзөмөл органынын жетекчиси орус бийлигинде чоң өзгөрүү болуп жаткан учурда алмашып жатат. 15-январда президент Путин Федерация Кеңешинде билдирүү жасап, мамлекет башчынын айрым ыйгарым укуктары парламентке берилиши керек экенин айткан эле. Ал бул үчүн Конституцияга өзгөртүү киргизүү зарыл болорун белгилеп, референдум өткөрүү боюнча демилге көтөргөн.

Бул билдирүүдөн бир нече саат өтпөй премьер-министр Дмитрий Медведев орус өкмөтү кызматтан кеткенин жарыялаган. Медведев муну президентке керектүү чечимдерди кабыл алууга толук мүмкүнчүлүк түзүп берүү максаты менен түшүндүргөн.

Путин өкмөт башчылыкка 2010-жылдан бери Федералдык салык кызматын жетектеп келген Михаил Мишустиндин талапкерлигин көрсөткөн. Бул сунушту Мамлекеттик Дума 16-январда карап, каршылыксыз жактырган. 20-январда президент Конституцияга киргизиле турган өзгөртүүлөрдү орус парламентине жөнөттү.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG