Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:09

Москвадагы миграциялык борбор

Москванын сыртында жайгашкан Сахароводогу көп функциялуу миграциялык борбор чет элдик мигранттар үчүн патентке керектүү бардык кызматты көрсөткөн мекеме. Борбор Москва шаарынын өкмөтү тарабынан 2014-жылдын этегинде түзүлгөн жана Орусиянын Федералдык миграция кызматына карабайт.

Москванын сыртында жайгашкан Сахароводогу көп функциялуу миграциялык борбордо 12-январдан бери 1600гө жакын патент берилди. Жаңы борбор чет элдик мигранттарга көрсөткөн кызматы үчүн жылына 1 млрд. 200 миң рублдан ашуун киреше алууну пландаштырууда. Учурда жаңы үлгүдөгү патент алуу үчүн ар бир мигрант 3 жарым миң рубл төлөйт. Кыргызстандык жарандар борборго кайрылгандардын жалпы санынын 3 пайызын гана түзөөрүн миграциялык борбордун генералдык директорунун орун басары Андрей Краснов “Азаттыктын” кабарчысына билдирди.

Өткөн аптада Кыргызстандын Москвадагы элчилиги Орусиянын Тышкы иштер министрлигине нота жиберип, миграциялык борбордо түзүлгөн кырдаалды оңдоого чакырган. Борбордун кеңешчилеринин кабылдамасында эле үч миңден ашуун чет элдик жаран 3-5 саат бою кезекте турганы, павильондор тыгылыш жана кымгуут экени, борбордо тартип сактоону камсыздаган «Кельт» жеке ишканасынын кызматкерлери мигранттардын кайрылууларына өтө орой мамиле жасаары, мамлекеттик мекеме кылмыш жазасын өтөөчү жайды элестеткен тикен зым менен курчалып, иттер менен кайтарылары айтылган. Ошондой эле борбор бир күндө кезекте турган үч миң кишинин 30 пайызын гана тейлөөгө жетишип жатканы белгиленген.

Көп функциялуу миграциялык борбор Москва шаарынын өкмөтү тарабынан 2014-жылдын этегинде түзүлгөн жана Орусиянын Федералдык миграция кызматына карабайт. Жаңы борбор патентке керектүү бардык кызматты аткарган мекеме болуп саналат.

16x9 Image

Лазат Жаныбек кызы

"Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG