Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:12

Навальный кемпай, Трамп ак ниет. Медведев дагы эмне айтты?


Дмитрий Медведев маектешүү учурунда. 30-ноябрь, 2017-жыл
Дмитрий Медведев маектешүү учурунда. 30-ноябрь, 2017-жыл

Орусия премьер-министри Дмитрий Медведев жергиликтүү беш телеканалга маек курду.

100 мүнөттүк жыйында Дональд Трамп, допинг чыры, Навальныйдын иликтөөсү, президенттик шайлоо жана башка суроолор көтөрүлдү.

Бул Дмитрий Медведевдин премьер-министр катары онунчу кеңири маеги болду. Аягында "Жаңы жылыңар менен" деп элин 30-ноябрда, күздө эле куттуктап жибергенине караганда быйылкы айтчусун айтып койгондой.

Орус премьеринин эл аралык коомчулукту кызыктырган айрым жоопторуна орун берели.

Кызытма чыры - кызылдай саясатпы?

2015-жылы тутанган допинг чыры акыркы айда өзгөчө күч алды. Анткени Сочидеги кышкы Олимпиадага катышкан орус спортчуларынан алынган анализдер жыйынтык берүүдө. Натыйжада 19 атлет кызытмадан кармалып, өмүр бою эл аралык мелдештерден четтетилди. Эл аралык олимпиада комитетинин иликтөөсү кызытманы мамлекет кубаттаган деп билдирүүдө. Ушундан улам февралда Түштүк Кореяда өтчү кышкы Олимпиадага бүткүл Орусия курамасын катыштыруу-катыштырбоо маселеси каралганы турат.

Бирок расмий Москва кызытма боюнча далилдерди мойнуна албай келет. Премьер бул ирет деле жаңы нерсе айтпады:

- Бул таптакыр саясий, таптакыр автономдук тема болуп калды. Бул жерде допинг 30 пайыз эле. Калганы саясий амалкөйлүк. Тилекке каршы бул тема кезектеги антиорусиялык кампанияны кызыта турган нерсе болуп калды. Анын эң кызуусу кайсы бир саясий циклге туш келиши керектигин туюп турабыз.

Медведев-Путин ысыкта да, суукта да бирге келатышат
Медведев-Путин ысыкта да, суукта да бирге келатышат

Президенттик шайлоого чыгабы?

Жогоруда айтканы менен Медведев Орусияда эмки жылы марттагы президенттик шайлоону эске алууда. Төрт айдан аз убакыт калганына карабастан Кремль ага катышчу талапкерин айта элек, бирок кайра эле Путин өзү чыгат деген ишеним күч.

- Эгер азыркы президент Владимир Владимирович Путин талапкерлигин койсо, же талапкерлигин сунуштоого макул болсо, сөзсүз, ачык эле биздин партия, партия төрагасы катары мен ал кишини толук колдойбуз. Анткени ал биздин өлкөнү башкарып аткан ийгиликтүү президент деп эсептейбиз.

Премьер өзү болсо бул жолкусуна катышпасын так айтты. Орус өкмөтүн эң узак жетектеген Медведев премьерликтен кетери тууралуу быйыл көп сөз болду. Шайлоодон кийин жаңы өкмөт башчы келет деген божомолдор күчөдү. Ушуга ишара кылган журналист андан аркы карьерасына кызыгып, такыганы менен так жооп алалбады.

Антиөкмөттүк митингдердин символу
Антиөкмөттүк митингдердин символу

Навальныйды жарнамалагысы келбейт

Сурамжылоолорго ылайык, Дмитрий Медведевдин кадыр-баркы төмөндөдү. Ага себептердин бири “Ал силерге Димон эмес” деген документалдуу фильм. Автору – Антикоррупциялык фонддун жетекчиси Алексей Навальный Медведевде яхта, бир нече хансарайлар, жер тилкелерин кошкондо декларацияда көрсөтпөгөн 70 млрд рублдик байлыгы бар экенин, ал жемкорлук менен топтолгонун иликтеп чыккан. Ошондон кийин Орусиянын ондогон шаарларында үч ирет антиөкмөттүк митингдер өттү. Премьер карьерасындагы эң масштабдуу айыптоолорду кайдагы “кагаз-магаздар”, “сандырак” деп гана кутулган. Буга канааттанбаган журналист дагы жооп уккусу келди:

- Башка айтарым жок. Эмне демек элем. Канчалык жооп бере берсең кемпайлар менен митаамдарга ошончолук жакшы. Алар ошону эле күтүп атышат, - деген премьер сотко бербеген себебин алардын атын чыгаргысы келбегени катары чечмеледи.

Трамп ак ниет

Филиппиндеги саммит учурунда
Филиппиндеги саммит учурунда

Ички атаандашы Навальныйды эстегиси келбегени менен сырткы атаандашы – АКШ президенти Дональд Трампты жылуу эскерди. Аны менен жакында эле Филиппиндеги саммитте бир болгон эле.

- Ал ак ниет, толук кандуу байланыштарды түзүүнү каалаган, баарын адекваттуу кабыл алган саясий ишмер. Биз ошол кечки тамак учурунда отуруп бардык маселелерди талкууладык. Ал Экинчи дүйнөлүк согуш учурундагы биздин кызматташтыкты эстеп, ал Орусияга да, Америкага да маанилүү экенин айтты. Ушундан алганда байланыш жакшы эле, президент Путин да жеке мамилеге келгенде баары жакшы дегени бар.

Ал эми мамлекеттер аралык мамилени Медведев өзү эс тарткандан, же Брежнев доорунан берки “эң жаман абалда” деп сыпаттады. Бул үчүн Кошмо Штаттарынын саясий жетекчилигин, албетте, Трамптан башкасын күнөөлөдү.

Вашингтон-Москва мамилеси Орусия Крымды каратып алып, Донбасстагы жикчилдерге кол сунгандан, Сирия кризисинен, Кошмо Штаттарындагы президенттик шайлоого орусиялыктар кийлигишти деген шектенүүлөрдөн тарта бузулганы белгилүү.

Айтмакчы, 100 мүнөткө созулган маектешүүдө Кыргызстанга жакын темалар: миграция маселелери, Евразия экономикалык биримдигиндеги көйгөйлөр көтөрүлгөн жок.

XS
SM
MD
LG