Борбордук Европадагы пост-коммунисттик Румыниянын парламенти 23-декабрда жаңы өкмөттү бекитти. АКШда таалим алган банкир Флорин Кицу жетектеген чордончул-оңчул коалициялык жаңы өкмөт Европа Биримдигин, Батышты жактаган нукту карманмакчы.
Парламенттин 260 мүчөсү коалициялык өкмөттү жактап, 186сы каршы добуш беришти.
Мурда каржы министри болуп иштеген Флорин-Василе Кицу (Florin-Vasile Cîțu) өз өкмөтү коронавирус илдетинин залакаларын жеңүү жана учурдагы экономикалык кыйынчылыктардан өлкөнү чыгаруу үчүн бар аргасын жасайт деп убада берди:
“Менин өкмөтүм эки башкы милдетти аркалайт: саламаттык сактоо жаатындагы кризистен чыгуу жана экономиканы кайра өз нугуна салуу”, – деди Кицу мырза.
Улуттук Либералдык партиянын буга чейинки азчылык өкмөтүндө каржы министри болгон 48 жаштагы Кицу (ал 1972-жылы 1-апрелде туулган
) 2001-жылы америкалык Айова университетинде макроэкономика жана эл аралык экономика жаатында докторлук диссертациясын жактаган экономист адис.
Кицу мырза 2001–2003-жылдары Жаңы Зеландиянын Резерв банкында экономист болуп иштеген. Ал эми 2003–2005-жылдары ал Европа инвестиция банкында иштеп турган.
Андан соң ал 2011-жылга чейин банк ишмердиги менен алектенген нидерланддык “ING Group” каржы конгломератынын Румыниядагы бөлүмүндө капиталдык салымдар жаатында банкир болуп иштеген.
2019-жылдын 4-ноябрынан 2020-жылдын 9-декабрына чейин Кицу мырза Румыниянын коомдук каржы министри болуп иштеп келди.
Жаңы өкмөттүн антын ушул эле шаршемби күнү президент Клаус Йоханнис кабыл алды.
Быйылкы 6-декабрдагы парламенттик шайлоодон соң, Улуттук Либералдык партия 2019-жылы түзүлгөн Ю-Эс-Ар-Плюс ынтымагы (USR-PLUS Alliance) жана өлкөдөгү мажарлардын партиясы менен биргелешип, коалициялык өкмөт түзүүгө жетишти.
Алардын атаандаштары – мурдагы коммунисттердин солчул уюму болгон Социал-демократиялык партия шайдоодо эң көп добуш алганына карабастан, коалициялык шерик таба албай, оппозицияда калды.
Жаңы коалициялык өкмөт сот бийлигинин көз карандысыздыгын камсыз кылууга, жемкорлукка каршы иш-аракеттерди чамдатууга, бир катар олуттуу демократиялык реформаларды жүзөгө ашырууга убада кылууда.
Румынияда жыл башынан бери 604 251 киши коронавирус илдетине чалдыккан, 516 423 киши айыккан; алааматтуу илдеттин айынан 14 766 киши өмүрүнөн айрылган. (23.12.2020 карата маалымат).
Румынияда коронавируска каршы алгачкы эмдөө аракеттери 2020-жылы 27-декабрда башталмакчы.