АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон бул сапарынын алдында Орусиядан Сирия боюнча эмне күтөрүн жарыялады. Ал "Чоң жетинин" Италиядагы саммити аяктагандан кийин Сирияда мындан ары химиялык чабуулдарга жол берилбесин, Орусия бул өлкөдөгү химиялык куралды жок кылуу боюнча 2013-жылы алган милдеттенмесин аткара албаганын айтты. Эң маанилүүсү орус тарап Сирия маселесинде ким менен болорун чечиши керек деди:
- Орусия Асаддын режиминин, ирандыктар менен "Хезболланын" таламын талашууда. Бул Орусиянын кызыкчылыгына жарай турган узак мөөнөттүк өнөктөштүкпү? Же Орусия Сирия кризисин чечүү аракетин көрүп жаткан АКШ сыяктуу башка батыш өлкөлөрү жана Жакынкы Чыгыш мамлекеттердин тарабына кайра өтөбү?
Сирияда президент Башар Асаддын үй-бүлөсүнүн күнү бүтүп баратканын айткан Тиллерсон 12-апрелде АКШнын позициясын орус тышкы иштер министри Сергей Лавровго билдиргени турат.
10-11-апрелде Италиянын Лукка шаарында саммитке чогулган "Чоң жетинин" Тиллерсон баштаган тышкы иштер министрлери Сирия маселесинде орток пикир табууга аракет кылышты. Саммиттин жыйынтыгында дипломаттар Сириядагы соңку химиялык чабуулду атайын иликтөөнү макулдашты.
Бирок британ тышкы иштер министри Борис Жонсондун Орусиянын жана Сириянын аскердик адамдарына санкция жарылоо демилгеси колдоо тапкан жок. Италиянын тышкы иштер министри Анжелино Алфано Орусия Сирия президенти Башар Асадга кысым көрсөтөрүнө ишенерин айтты:
- Саммитте Италиянын позициясына окшош пикир үстөмдүк кылды. Ал үчүн кубандым. Биз Орусияны бурчка такоодон качып, аны менен диалогго барышыбыз керек. Орусиядан Асадга көрсөтүлгөн ишенимди актоону сурашыбыз зарыл. Биздин оюбузча, орус тарапта Асадга басым кылуучу жана биринчи кезекте ок атышпоо келишимин сыйлоого мажбурлоочу күч бар.
Сириянын көтөрүлүшчүлөр көзөмөлдөгөн Хан-Шейхун аймагында дээрлик 90го жакын адамдын өмүрүн алган 4-апрелдеги химиялык чабуул Орусия менен Батыш өлкөлөрүнүн ортосундагы кайым айтышуунун жаңы толкунун жаратты.
АКШнын химиялык чабуулга жооп кылып 7-апрелде Сириядагы аба базага сокку урушу Дональд Трамптын президенттиги маалында орус-америка мамилеси оңолот деген тараптарды күмөн санатып койду.
Орусия АКШнын ракета чабуулун кескин айыптап, аны "агрессия" деп мүнөздөдү. Сирия президенти Башар Асад химиялык чабуул боюнча айыптарды четке какса, аны колдогон Иран да Американы айыптап жатат.
Орус президенти Владимир Путин АКШнын аба соккуларына биринчи жолу 11-апрелде түз реакциясын билдирди. Ал эл аралык коомчулукту Сириядагы химиялык чабуул деп мүнөздөлгөн окуяларды иликтөөгө чакырды:
- Бизде Сириянын башка аймактарында, анын ичинде Дамасктын түштүк райондорунда бул сыяктуу чагымчыл аракеттер, (аны башкача атай албайм) даярдалып жатканы тууралуу түрдүү булактардан маалымат бар. Ал жерде кайра кайсы бир затты ыргытышып, Сирия бийлигин күнөөлөгөнү жатышат. Бирок биз мындай көрүнүштөр тыкыр иликтениши керек деп эсептейбиз. Биз БУУнун Гаагадагы тиешелүү түзүмүнө расмий кайрылганы жатабыз жана эл аралык коомчулукту бул көрүнүштү тыкыр иликтөөгө жана анын жыйынтыгы менен тең салмактуу чечим кабыл алууга чакырабыз.
Путиндин бул сөзү АКШ баштаган Батыш өлкөлөрүнүн талаптарын Орусия оңой аткара койбостугун көрсөттү. Андыктан президент Башар Асаддын тагдыры жана аны колдоого алган Орусиянын позициясы кандай өзгөрөт деген суроо ачык бойдон турат.