Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:50

Революциянын жоокери жана курмандыгы


«Ата-Бейиттеги» репрессия курмандыктарынын эстелиги.
«Ата-Бейиттеги» репрессия курмандыктарынын эстелиги.

Юсуф Булатовдун кыска өмүр жолу катарлаштарынан анча деле айырмаланбайт.

Оор турмуш, кара жанды багуунун машакаты, жаңы бийликтин тушунда жооптуу кызматта турганда атылып кеткен азаматтардын бири - Юсуф Булатов.

Тилмечтин уулу

Эртелеп билим алып, эртелеп жооптуу кызматка көтөрүлүп, тилекке каршы, сталиндик репрессия капканына да эртелеп чалынгандардын бири Юсуф Булатов болгон. Ал кишинин азанда коюлган аты Жусуп, фамилиясы Болотов болуш керек. А бирок ал кездеги документтердин дээрлик баарында таптаза кыргызча аттар орусча угулушуна ылайыкталып, Жусуп - Юсуф, Болот - Булат, Ысак - Исхак, Орозбек - Уразбек деп жазылып, расмий документтерге кирип калбадыбы.

Ал эми Юсуфтун тагдыр жолу өз курбалдаштарынан анча деле айырмаланбайт дегенибиздин жөнү мындай. Кийин совет бийлигинин тушунда өз колу менен толтурган иш кагаздарда Юсуф Булатов кызматкердин үй-бүлөсүнөн чыкканын, атасы орто чарба болгонун атайын белгилеген. Эмнеликтен орто чарбага өзгөчө басым жасоонун жөнү деле белгилүү.

Юсуф ырастагандай, атасы Исхак Булатов жердиги Көлдүн күңгөй жагындагы Тору-Айгырдан экен. Ал да эртелеп билим алып, ошо кездеги кыргыз коомундагы өзгөчө таасирдүү кызматка – үйөз аткаминерлерине тилмеч болууга жетишиптир. Тоолук кыргыздар орус колониялык бийлигинин тушунда тилмеч, котормочу болгондон бийик кызматты деле эңсешчү эмес. Билимдүү жаштардын көбү тилмечтикке жетип, орус бийлиги менен жергиликтүү тургундардын ортосундагы мамиле-катнашта ортомчулук кылышчу. Андан жооптуу кызматтарга жергиликтүү элдин өкүлдөрү дайындалган деле эмес.

Буга кошумча, кыргыз жеринде ачылган орус-тузем мектептерине көбүнесе колунда бар кишилердин балдары алынчу. Колониялык бийликтин саясатын бай-манаптар, анан көпчүлүк шайлоо менен бийликке жеткен болуштар - волостнойлор жүргүзүшкөн. Кийин совет бийлиги башында мына ушул билимдүү катмардын кызматынан пайдаланган. Кедей-кембагалдардан билимдүүлөр болбосо эмне кылышмак? Кийинчерээк «тап күрөшүнүн» күчөшү менен мурдагы замандан калган адистерди кодулап, кызматтан алып, аны менен эле тим болбой, түрмөгө камап, куугунтукташкан. Кайриет, андай куугунга Юсуфтун атасы Исхак Булатов туш келбей калды.

Юсуфтун өмүр баянындагы мына ушул жагдай, атасынын орто чарба, орус төбөлдөрүнүн тилмечи болгону кийин камакка алынып, «эл душманына» айланган кезинде дагы бир жолу калкып чыгып, ага каршы айныксыз саясий жүйө, жаш кезинде жок кылууга негиз берген айып катары колдонулган. Кыйналып жашаганына карабай атасынын Юсуфту окутушунун максаты деле турмушта кыйналбай жашасын, орусча жакшы билип алсын деген тилек болгондур. Юсуф акыйкатта да орус тилин мыкты билген, өз оюн эркин жаза алган билимдүү кадрлардан болчу. Совет бийлигине дал ушул Юсуфтай сабаттуу, ишке берилген, жигердүү адамдар керек эле. Анткени жаңы бийликтин саясатын карапайым калкка түшүндүрүү, аларды мурда-кийин болбогон жалпы чарбага бириктирүү, мал-мүлктү ортолоштуруп, жалпы чарбага өткөрүү сындуу опсуз милдеттер дал ушул улуттук кадрлардын аракети менен ишке ашмак.

Юсуф Булатов 1900-жылы Караколдо төрөлгөн.

«Атам Пржевальск үйөзүнүн Тору-Айгыр болуштугундагы бир кедей-дыйкандын баласы экен. Анан жергиликтүү калк арасынан орус мектепке балдарды чогултуп атканда Пржевальскидеги шаардык мектеп-интернатка алынып, билимдүү болуп калган. Мектепти аяктагандан кийин аз убакыт мугалим, анан Жаркендеги (азыр Казак АССРине тийиштүү аймак) үйөздүк төбөлдүн кызматкери, анан тилмечи болуп иштеген. 1919-жылы жүрөк оорусунан атам кайтыш болду (көп жыл илешкен дарттын азабын тартты). Атамдын келиштире салган үйү, малы же башка байлыгы деле жок болчу. Кедей эле жашачубуз, алган айлыгы айдын аягына чейин араң жетчү. 1910-жылы мени Верныйдагы балдар гимназиясынын интернатына беришти, мамлекеттик казынанын эсебинен бекер окудум. Гимназиядан беш класс гана окудум, интернат жабылып калгандыгына байланыштуу окуй албай Жаркендеги үйүбүзгө кеттим. Ошол кезден тартып иштей баштадым», деп жазган Юсуф Булатов өмүр баянында.

Мына ушул кыска үзүндүдөн деле байкалып калгандыр, Юсуф Булатов үй-бүлөсүнүн абалын, сүзөктөгөн дарттан жапа чеккен атасынын оор абалын, кыйын заманда уулун окутуп, келечегине кам көрүшүн ынанымдуу баяндаган. Кургак стилдеги иш кагаз эмес, бир үй-бүлөнүн тарых-таржымалын баян кылган көркөм чыгармадай жеңил окулат.

Жаштардын жалындуу жетекчиси

Канатташ казак жериндеги оор турмуш кабыргасы ката элек жаш бала менен оорунун азабын тарткан атанын тагдыры Юсуф Булатовдун өмүр баянын окуган адамдын көз алдына тартылат. Орус колониялык бийлиги кулап, башкаруу большевиктердин колуна өткөн, империянын чет-жакасында жаңы өзгөрүү уруш-согуш, көнүмүш бийлигин бергиси келбеген «актар» менен жаңы бийликти орнотууга куштар «кызылдардын» ортосундагы уруш күчөй баштаган кез эле.

«1918-жылдын башынан 1919-жылдын мартына чейин Жаркен үйөзүнүн Сатай болуштугунда катчы болуп иштедим. 1919-жылдын башынан тартып апийим аткезчилигине каршы уюмга кирип иштей баштадым, ушул учурда Жаркендин Колжат участкасында фронт ачылып калгандыгына байланыштуу биздин уюм Верныйдан келген Журавлевдун отрядына кошулуп, ноябрда орус казактарынын куралдуу топторун жок кылууга катыштык. Ноябрь айында мени комсомолдордун облустук мусулман бюросу Верныйга чакырып калды. Облмусулмандар бюросу мени жаштар арасына иштөөгө жиберди.

1919-жылдын ноябрынын аягынан тартып Жаштар союзу уюшулуп, мени төрага кылып шайлашты, бул жерде мен 1920-жылдын мартына чейин иштедим.

Анан 1920-жылдын мартында мени Жаркен шаарына жөнөтүштү, ал жерде Үйөздүк аскер-революциялык комитетинин үчилтигине мүчө болуп калдым.

1921-жылдан 1923-жылдын январына чейин Кызыл армиянын Батыш Бухара жана Чыгыш Бухара фронтунун Верный шаарындагы кавалерия полкунда кызмат өтөдүм. 1923-жылдын январында аскерден бошонуп Жаркенге келип, ал жерде Советтердин үйөздүк курултайында Жерге жайгаштыруу кызматынын жетекчиси жана үйөздүк жер бөлүмүнүн башчысы болуп шайланып, бул жерде 1925-жылга чейин иштедим», деп жазган Юсуф Булатов өмүр баянында.

Кызыл аскерлердин катарында жүрүп, советтик жумушка өткөн маалында 1925-1926-жылдары Юсуф Булатов Ленинграддагы финансы кызматкерлеринин тогуз айлык курсун аяктаган. Андан соң 1932-жылга чейин ал өз кесиби боюнча финансы кызматтарында иштеген. 1932-жылы Кыргыз АССРинин партиялык комитети Юсуф Булатовду кайрадан советтик жумушка жөнөткөн. Базар-Коргон менен Талас райондорунда райондук аткаруу кеңешинин төрагасы болуп иштеген. 1932-жылы кайрадан Фрунзеге жооптуу кызматка, Кыргызстан Эл комиссарлар кеңешинин иш башкармалыгынын башчысы болуп дайындалган. 1936-жылдын 20-ноябрында ал кызматынан бошотулуп, Кыргыз АССРинин совхоздорунун эл комиссары болуп дайындалган. Бул анын камакка алынганга чейинки кызматы болчу.

Партияга кайра өтүү

Юсуф Булатов өмүр баянында партиянын катарына эки ирет киришинин чоо-жайына атайын токтолгон. Большевиктердин катарына биринчи ирет 1919-жылы өтүп, 1923-жылга чейин мүчөсү болуп жүргөн экен. Анан партиялык билетин жоготуп алып большевиктердин катарынан чыгып калган. Бирок да беш жылдан кийин ал дагы бир жолу Коммунисттик партиянын мүчөлүгүнө өтүп, бул ирет бир нече белгилүү инсандардын колдоосу менен билет алган окшойт.

Юсуф Булатовдун ВКП(б)нын катарына киришин Ленинграддагы Финансы академиясынын директору Урюпин, саясий бөлүмдүн башчысы Сергеев, Кыргызстан Борбордук аткаруу комитетинин төрагасы Абдыкадыр Орозбеков, Наркомхоздун төрагасы Темирбеков, Живтресттин жетекчиси Мукамбаев, Кыргызстан эл комиссарлар кеңешинин төрагасы Жусуп Абдырахмановдор сунуш кылышкан. Буга улай Юсуф Булатов партиялык ишмердигине карата шек-шыбаа болсо анын кимдигин жакшы билген бардык кыргыз кызматкерлеринен, өзгөчө бир учурда Караколдо чогуу иштеген кесиптештеринен сурап билишин өтүнгөн. Караколдогу ишин Жандосов, Кошкунов, Уразбакиев, Таиров жолдоштору жакшы билишерин, алардын баары ушу тапта Казакстанда жооптуу кызматтарда экенин атайын белгилеген.

Идеологиялык бекем платформага негизденген большевиктер партиясында темирдей катуу тартип орнотулган болчу. Кандайдыр бир себептерден партиялык баалуу документин жоготуп жиберген Юсуф Булатовдун аны жакшы билгендердин атын атап, өз чындыгын ырастоонун камын көрүп атышына караганда партиялык билеттин жоголуп кетиш маселеси, кыязы, саясий өң-түс алып кеткен окшойт.

Юсуф Булатов аялы Айнуш Максутова Казакстандын Копол үйөзүндөгү Жаңгызагач кыштагында төрөлгөн кедейдин кызы экенин, анын атасы да 1918-жылы өлүп калганын, кайненеси уулунун колунда жашап жатканын, кайниси балдар комиссиясында иштээрин маалымдаган. Өзүнүн эки баласы бар экенин, чоң кызы тогуз жашка чыгып, 2-класста окуп жатканын, жүрөк оорулуу уулун карап аялы иштебей үйдө отурганын, өзүнүн ден соолугу мыкты экенин билдирген. Өмүр баян 1936-жылдын 4-ноябрында толтурулган. Арадан туптуура эки жыл өткөндөн кийин Юсуф Булатов Фрунзеде НКВДнын жертөлөсүндө атылып, сөөгү Чоң-Таштагы коопсуздук кызматкерлери эс алчу пансионаттагы эски кыш заводунун чуңкуруна ташталып, 1991-жылы «Ата-Бейитке» коюлган.

Арадан жарым кылым өткөндөн кийин сөөгү Чоң-Таштан табылган саясий-мамлекеттик ишмерлердин 33үнүн документтери Кыргызстан саясий документтер архивинде сакталып турат. Архив кызматкерлеринин демилгеси менен жакында 1924-жылдан 1938-жылга чейинки Кыргызстандын жогорку кызматта иштегендердин документтери өзүнчө китеп болуп чыкты. Китепте Юсуф Булатовдун да документтери бар. Саясий документтер архивинин жетектөөчү адиси Айнагүл Табышеванын айтымында, бул иш дагы улантылат.

- Бул китептин мааниси аябай чоң, - дейт архив өкүлү. - Архивдик материалдарга таянып бир четтен акырын алып келе жатабыз. Иманалы Айдарбеков, Абдыкадыр Орозбеков жана башкалардын материалдары, ошол кезде кабыл алынган чечимдер, өмүр баяндары камтылган. Мындай китеп жогорку окуу жайларында, мектепте биздин тарыхты окуган жаштарга керек. Кыргыз мамлекетинин түптөлүшүнө чоң салым кошкон адамдар тууралуу маалыматтар бар.

Айнагүл Табышева китеп аз нускада чыкканын, кийинчерээк анын электрондук версиясы да чыгып каларын, изилдөө иштери улантыла турганын ырастады. Кыргызстан башка республикалардын катарында турушун, маданий-экономикалык жагынан өнүгүшү үчүн каруусун казык кылып жан аябай иштеген алгачкы муун интеллигенцияны, сталиндик кандыбулоонго кабылып, жок болуп кеткен карапайым адамдарды кийинки муун эскерип жүрүшү керек.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG