Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:03

“Туюктагы муңдун” айыкпас жарасы


Ажал аңдыган Колыма.
Ажал аңдыган Колыма.

Колыманын азабын тартып келип, тагдыр жолундагы тоскоолдуктарга карабай кылым ашуун жашаган Шертай Субановдун “Туюктагы муң” китеби тууралуу “Азаттыкта” мурдараак кеп кылганбыз.

Шертай Субанов аксакал өмүрүнүн соңунда “Туюктагы муң” деген китеп жазып, ал 2006-жылы жарыяланган.

Миңге бергис бир китеп

Сталиндик репрессия тууралуу бир топ эле китептер жазылган. Алардын арасынан окурман журту А. Солженицындын, В. Шаламовдун, И. Бродский сындуу көркөм сөздүн дөө-шааларынын жазгандарын жакшы билишет. Ал эми кыргыз тилинде Шертай Субановдун “Туюктагы муң” деген гана китеби бар.

Ошол эле темага дагы токтолуп атышыбыздын жөнү издеген китептин колго тийип, ал жөнүндө кенен-кесир кеп кылуу мүмкүнчүлүгү пайда болгондон улам чыгууда. Анын үстүнө Шертай Субановдун кыргызча китеби сталиндик репрессия тууралуу жазылган жападан-жалгыз чынчыл эскерүү болуп калды. Большевиктик бийликтин ыдыгын көргөндөрдүн көбү башынан өткөн азап-тозокторун айтып беришпей бул жалгандан арманда өтүп кете беришти. Социализм тарыхый тактысынан жылмышып түшпөсө 30-жылдардын канабайрамы эскерилбей деле калмак.

Сталиндик азапка Шертай ата 23 жашында туш келген. Ага коюлган айып да укмуш. Касым Тыныстанов менен Сакен Сейфуллиндин китептерин окуткан, жаш муундарга “эл душмандарынын” жазгандарын пайдаланган деген уккан адамды айран калтырар айып менен камалып, тергөөчүлөрдүн кыйноосуна чыдап, анан Колыманын адам чыдагыс суугунда боо түшүп өлүп жаткан шордуулардын бири болбой, 12 жылдан кийин элине келип, бул жерден да кыйла жыл коопсуздук кызматынын көзөмөлүндө болуп, жашы сексенден ашкандан кийин гана акталып, анан бактысына Кыргызстан эгемендиги туш келип, анын натыйжасы “Туюктагы муң” жазылган.

Билимдүү кишини майтарыш кыйын

Бул китеп жашында башы азапка малынып, сталиндик абактардан кайтпай калган кайрандарга арналган. Жараткан өзү Шертай абаны толгон азап-тозоктордон аман алып калып, Колымада калып кеткен кайрандар тууралуу тирүүлөргө айтып берсин деп аман калтырган окшойт.

Айылдык карапайым мугалимде билимимди улантсам, дагы терең билим алсам дегенден башка максат да мүдөө да жок болчу. Ойдо жок жерден аны абакка алып келип тыгышып, күн алыс суракка алышат. “Туранчысыңбы, троцкийчисиңби, эмне үчүн “Душмандар” деп жазгансың? Касым Тыныстанов кимиң болот?” ж.б.у.с.

Тынымсыз ур-токмоктон кыйналган адам аягында тергөөчүлөрдүн айткан-дегенине айныксыз макул болгон жоош-момунга айланат. Бирок Шертай аба ойлоп табылган күнөөлөрдүн бирөөн да мойнуна албайт. А бирок “эл душмандарына” айланган авторлордун китептерин окутканы чын болчу. Ал кезде кыргыз мектептеринде андан башка китептер деле жок эле. Мына эми китептин айынан ит көрбөгөн кордукту көрүп, жаны кыйналып абакта жатат.

“Көзүмдү ачсам, эки кишилик бөлмөдө жатам. Оодарылайын десем, бүткүл боюм ныл болуп, сезимге баш ийбей, жаны жоктой туюлат. Аздан соң колум кыймылга келди. Колумду араң бутума жеткирип, кармалап көрсөм, бутум мупмуздак. Тынымсыз жөтөлө баштадым. Сууда жана бул бөлмөдө канча убакыт жатканымды билбейм. Тапчанда жатып демигем. Кийимим тоборсуп калганын сездим. Бутумдагы булгаары өтүгүмдү чечип, ордуна ным чылгоону ороп коюшуптур. Коридордон кобур-собур үндөр, адамдын басканы угулат. Кээде туруп, «туугандар, кошкула!» деген катуу кыйкырыктар угулуп жатты.

Баягы сууда калган бутумдун шишиги күн өткөн сайын тарап, кыймылга келе баштады. Бара-бара бөлмөнүн ичинде эптеп ары-бери басууга аракет кылам. Түнкүсүн эшиктин жанына жылып барып коридордо чыгып жаткан үн-сөздөрдү тыңшай турган болдум. Коридордогу электр жарык күнү-түнү күйүп турат. Кеч киргенде эшиктеги тор терезе аркылуу бөлмөнүн ичине жарыктын шооласы кирип турат. Мына ушундан улам күн мезгилин билип жүрдүм”.

Түрмөдөгүлөр жан-жака белинде болуп аткан иштерди сезип турушчу. Эчен мыкты азаматтар атууга кетип, алардын ордуна улам жаңысы келип, абак жайды бошотуш үчүн өкүм чыккандан кийин алыска айдачуларын поюзга жүктөшүп, атчусун атып, эңгезер өлкөнүн жаналгычы жаны тынбай иштеп аткан.

Адам ит жандуу

Пржевальскиден Рыбачьеге, андан Фрунзеге алып келип он эки жылдык абагын өтөш үчүн Шертай атаны Ыраакы Чыгышка поюзга салышкан. Эчен азап-тозок менен камалгандардын өлгөндөн калганы мухит жээгиндеги Владивостокко келишип концлагерге, узун палаткаларга жайгашат. Ташбоор ажал бул жерде өкүмүн жүргүзүп турган экен.

Жыйырма жылга кесилген эски большевик Кобелев деген шордуу өз жанын кыйып алса, экинчи палатадан дагы бир эски большевик асынып алыптыр. “Мына ушундай өкүнүчтүү окуялар кудайдын куттуу күнү болуп жатты”, деп жазат Шертай Субанов.

“Биздин палаткада СССРдин ошол кездеги интеллигенттеринин каймагы көп болчу: географ, медик, геолог, артист, жазуучу, аскер, өкмөт кызматкерлери. Аларды көрүп жаның ачышып, жүрөгүң ооруйт. Учурунда жаңы келген Кеңеш бийлигин орнотуп, мамлекетти көтөрүп, бутуна тургузууга жанын үрөп, ак дили менен берилип, кызмат өтөгөн адамдар минтип өз колу менен жасап алган зор системанын курмандыгы болуп отурат. Ошондо да алар жашоого болгон үмүтүн үзбөй, лагердин ичинен да өз милдеттерин ак аткарып жатканын көрдүм. Ошол, адам эмес айбан чыдагыс шартта жашоонун кызыкчылыгын таап, адамдык, ак сөөктүк сапаттарын жоготпой күйүп-жанып, дилгирлик менен жанындагы адамдарга аянбай пайдасын тийгизип, билимин тартуулап турушту”.

Адамдын кандайлыгы мына ушундай өмүр менен өлүм бири-биринен жатыркабай, аралашып кеткен оор чакта билинет экен. Шертай атаны колунан келишинче колдоп, жакшылыгын аябаган Шварц деген немис киши касиеттүү Ысык-Көлдөн болчу. Шертай ата лагердеги жолдоштору менен абактан качып, Кытайга өтүп кетүү аракети ишке ашпай калгандан кийин камактагыларды кемеге салып Колыманы көздөй алып жөнөшкөнүн жазат.

“20-ноябрь күнү кемебиз деңизге жолго чыкты. Мындай зор кемеге өмүрүмдө биринчи сапар түшүп, өмүрүмдө биринчи жолу деңиз мейкиндигин көрдүм. Кеменин чайкалганы, дүкүлдөгөн табышы бизге байкалып турду. Кеме жээктен чыгып жатып, кулак тундурган коштошуу добуш ун чыгарды. Трюмдардын ооздорун жаап, сыртка бир да кишини чыгарбады. Канча мезгил жүргөнүбүз, күнбү-түнбү белгисиз. Айтор, бир маалда кемебиз катуу чайпала баштады. Трюмдун ичи сасып, буу болуп, эч нерсе көрүнбөй калды. Трюм ичиндегилердин жүрөгү айланып, окшуп куса баштады. Менин же жүрөгүм жакшыбы, же Кудай чоң колдодубу? Жүрөгүм да айланбады, кускум да келбеди. Бирок сыртка чыгып, таза аба жутуп, деңизди жакшылап көрөйүн дегенге эки көзүм төрт болду. Чыдабай, элди аралап басып барып, трюмдун эшигин түртсөм, ачылып кетти. Ошол учурда аркамдан бирөө бөйрөккө муштап жиберди. Мен полго куладым, туш тарабымдан бир нече ирет тепкиледи. Көрсө биздин трюмда НКВДнын кийиминин сыртынан эле шырмал кийип, арабызда шек алдырбай бир НКВД отурган экен. Анын деле НКВД экенин кайдан билейин".

Ошентип 1937-жылдын 20-декабрында чоң кеме толтура камактагыларды Магадан калаасына алып келип, шаар четиндеги лагерге жайгаштырышат. Эртеси баарын мончого салып, түрмө кийимин беришет. Адам жаны ушунчалык бекем экенине Шертай ата ушул ирет ишенген экен. Киринип жаткан адамдар ач арбактай тартайып, сөөккө жабышкан териси эле калган. Анын өзүнүн сынган кабыргасы сыздатып, бирок жанындагы адамдардын көрүнүшүнөн чындап эле чочуйт. Фашисттик концлагерден эч айырмасы жок көрүнүш.

“Кабыргалары дапдаана саналып, май куйруктан эчтеме жок, эчкинин куйругундай чычаң болуп сөөгү уркуюп турат. Кара куштан арка сөөктөрү таз жорунукундай куркуюп чыгып турат. Денени тарамыш менен эле тери кармап тургандай. Эгер алар болбогондо сөөк чачылып кетчүдөй. Эркиндикте казы байлап жүргөндөрдүн териси шалпылдап жүргөнүн көрөсүң. Көздөрү ары кирип, үңүрөйүп кеткен. Тик багып караган кишинин жүрөгүн түшүрчүдөй. Кыскасы, тирүү адам деген эле аты болбосо, онун катарга тизип туруп бир соо кишиге түрттүрсө ону тең түгөл кулап кетчүдөй абалда. Алардын арасында мен да тирүү басып жүргөн адам деген эле атым».

Мына ушул тирүү басып жүргөн адамдардын көбү ушул жерде калып, аман калган азыноологу кийин Сталин өлгөндөн кийин боштондукка чыгып жерине кайтмак. Бирок ал жерде деле аларды кучак жая тосуп турган эч ким жок. Ошондон бир тобу мына ушул жарым аралда калып калышат.

Ажал Шертай атаны аяганда

Магадандагы мончого салгандан кийин камактагыларды Колымага карай жөө айдап жөнөшөт. Катуу суук, жолдо тоңуп өлгөндөрдү машинеге чогултуп салып отурушуп, акыры бир жерге келишет. Кыштын чыкыроон суугунда миндеген адамдарды күн-түндөп түндүктү көздөй айдап эле келатышат. Токой аралаган жол деле аягына чыкчудай эмес. Шертай ата жол азабында камактагылар бири-бирине кандай көмөктөшкөнүн, оор абалга чыдай албай канчалаган кишилер боо түшүп кырылганын, айласы жок адам баарына көнөрүн белгилеп, момундай окуяга токтолот.

«Эртең менен ойгонсом онтологон эле үндөр угулуп жатты. Соо адам жок. Биринин буту кызыл жоору болсо, дагы бирөөнүн колу-бетин үшүк алган. Юрий Сергеевич экөөбүз Коля берген бир бөлкө нан менен чочконун ышталган майын кошуп жеп алдык. Эки тушенканын бирин ачып жейли десек, Юрий Сергеевичтин башына жаздалган баштыкты тилип, бирөөсүн түнкүсүн уурдап кетиптир.

Түшкө жакын палаткабызга кара сур келген, элүүлөрдөгү дене мүчөсү кең, узун бойлуу догдур келди. Догдур менен бирге Коля да келди. Колянын көзү кызарып калыптыр, түнү бою ыйлап чыкса керек. Юрий Сергеевич уулун капалантпайын дегенчелик кылып, жер тиктеп отурду . Догдур тапчанда отурган күнөөкөрлөрдү четинен көрө баштады. Колу-буту үшүгөндөргө атайын сыйпай турган дары май берип, кээ бирөөнүн буту-колун ак даки менен таңып жатты. Айрымдардын колтугуна градусник салып, өпкөсүн тыңшады. Өпкөсү начарларын өзүнчө отургузуп бөлүп турду. Кезек мага келгенде өпкөмдү тыңшап:

— Сол өпкөң катуу оорулуу экен. Сен да мындай тура тур — деп мени бөлүп койду. Баарыбызды текшерип бүткөндөн кийин, бөлүп койгондордун аты-жөнүн жазып алып: - Жолдош ага сержант, буларды эртеңден баштап дарылабасак болбойт — деп Коляга кайрылды.

Ошентип, биз Мякитте беш күнгө токтоп, догдурдун көзөмөлү алдында дарыланып жаттык. Төртүнчү күнү кечки тамактан кийин кичинекей үйгө барып үчөөбүз коштоштук. Коля колубузга тюлендин майынан жасалган эки консерва, сухарь карматты. Эртеси кароолчулар алмашып, биз кайрадан жолго чыктык. Дарылангандан кийин мен өзүмдү кыйла жеңил сезип, басканым тыңып калыптыр».

Шертай ата жолдо келатканда узун бойлуу, орто жашаган адамдын археолог экенин, ал Красноярск – Кызылжарды изилдеп келгенин, кыргыздар байыркы эл экенин айтып, бир казак таанышынан уккан жаңылыгын ортого салат:

«Кечээ Мякиттен бир күнөөкөргө жолугуп калдым. Ал байкуш 1933-жылы айдалып келиптир. Өзү казакстандык экен. 30-жылдары аларда ачарчылык болуп, көп адам ачкадан өлүптүр. Ал эми ал колхоздун бир килограмм буудайын уурдайм деп, «7-8-август» деген берене менен он жылга кесилген экен.

Ошол казак мага: «Азаптуу жылдар али алдыда. Ушул Мякитке биз миң адам болуп келгенбиз. Төрт жылдын ичинде теңинен көбү өлүп, үч жүздөй эле киши калдык» деп айтты».

Чыныгы азап, миндеген адамдардын өмүрүн алып кеткен тозок мына ушул Колыманын токойлорунда башталат. Күнөөкөрлөрдү алтын казууга алып келишкен экен. «Тү» деген түкүрүк жерге түшпөй тоңгон аязда чуңкурдан топурак казып, аны жүктөмөй тозоку жумуш. Анын үстүнө бул жерде адам өмүрү түккө да турбайт.

«Эртеси жумуштан кийин түшкү тамакка келе жатып, дагы бир аңдын жанынан өтүп бараттык. Бир маалда эле дүңгүрөгөн үн чыгып, кулак тунуп, жер силкинди. Чөгүндөй болгон кара таш учуп келип, жанымда келе жаткан украин улутундагы Сулжинконун башына тийди. Биз чуркурап карга жата калдык. Мына эми кайра туралы дегенде, дагы бир дүңгүрөдү, арабыздагы бирөөнүн сол ийини шылынып түштү.

Жардыруу басылгандан кийин баарыбыз ордубуздан турдук. Жанагы экөө, ошол эле жерден жан берген экен. Ак кардын үстүнө кызыл кан жайылып калыптыр.

Зверь жер жардырып жүргөн жумушчуларга бакырып, сөгүп кирди. Алар да өзүнүкүн бербей, тирешип белги катарында кайыңга байланган кызыл желекчелерди көрсөттү:

— Алар го алар, жаңы келди, бул жердин шартын билбейт. Сени Кудай урдубу? Эмне үчүн буларды жардыра турган жерден айдап өтөсүң? Биз булардын өлүмү үчүн жооп бербейбиз!

Зверь сөз кайтарып унчуга албай туруп калды. Ошентип, бөөдө кырсыктын айынан тобубуздун дагы эки мүчөсүнөн айрылдык.

Күндөр өтүп жатты. Бир күнү жанымда иштеп жаткан Сабит жумуштан келе жатып:

— Кыргыз тууган, мен бул Колыманын каардуу суугунан элиме аман кайтпай каламбы дейм. Сага айтаарым, эсиңен чыгарба, менин эки уулум, эки кызым бар. Мына бу даректи катып ал — деп койнунан алакандай кагазды сууруп чыгып, колума карматты.

Анан сөзүн улап:

— Кокус, ары карап кетсем, үй-бүлөмө кабар берип кой. Бул менин сага деген аманатым — деди.

Мен анын бул айтканын үндөбөй угуп бараттым. «Жок, анте албайм!» дегенге оозуң барбайт. «Макул!» дейин десең, аманатты моюнга жүктөп алып жүрүү кыйын. Себеби, бул жалгандан ким биринчи өтөөрүн, бир Кудай өзү билбесе, эч бирибиз билбейбиз».

Колымада Шертай ата ар кыл тагдырларга жолугат. Зубченко деген 58-берене менен соттолгон адам мына ушул жерде уулуна жолугат. Уулу НКВДда иштеп, күнөөкөрлөрдү кайтарат экен. Ата-бала жашырын жолугушуп, жакын экендиктерин билдиришпейт. Атасы өлгөндөн кийин ошол конвой Коля колунан келген жакшылыгын Шертай атага көрсөтөт. А бирок алардын баары эле андай боорукер эмес болчу. Оор жумуш, күн сайын ондогон адамдардын өлүп атканын көрүп Шертай абанын деле жашагысы келбей калган болчу.

«Тобубуз суюла баштады. Кырк кишиден болгону 23 эле адам калдык. Оорукананын ичи бейтаптарга толуп кеткен. Оорулуулардын көбү өпкөсү менен жаткандар. Аларды биз «дохода» деп коёбуз. Жыйырма саат иштейбиз. Анын ичинен эки саат тамактанууга кетет. Темир челекке толтурулган топуракты тартып жүрүп эки ийиним кызыл жоору болуп калган. Зверге кайрылып:

— Эки ийиним жооруп болбой калды. Мен топурак жүктөйүн, ордума башка киши коюңуз — десем, кашайып болбой койду.

Ушундай кордукту көргүчө мүрт кетип, өлүп калганым оң деген чечимге келдим. Ыңгайын келтирип, жүгү менен келе жаткан темир челектин астына жата калайын дедим. Ушул ойлоп тапкан оюмдун ыгын келтириштин амалын издеп калдым. Келе жаткан жүктүү челектин астына жата калдым. Чоң салмак, катуу күч менен келе жаткан челек бутумдун үстүнөн өтүп кетти.

«Өлдү!» деген кыйкырык чыкты. Бутумдун үстүнөн өткөн челектин ары жагынан келе жаткан дагы бир челекти көрө калып, бирге иштеген жолдошум жүгүрүп келип, мени жолдон сүйрөп чыкты. Бутум сынды го деп колум менен кармалап көрсөм, сопсоо. Бир аз ооруганы эле болбосо, мурдагыдай. Ишим ишке ашпай калганына жиним келди.

Өзүмдү өзүм жек көрө баштадым. Тоннага жакын жүк бутумду басып өттү, ошондо да бир аз ооруп, көгөрүп калганы эле болбосо, бутум соо. Жок дегенде сынса эмне? Мени ажал албай койду го? Ажалдын көзү көрбөй, кашайып калган го? Же менин өлө турган саатым келе элекпи? Айтор, башыма ар кандай ойлор келди. Акыры, мындан ары өлүмдү ойлобоону чечтим. Өлсөм да ак өлүм менен өлөйүн дедим. А түгүл, тескерисинче ажал менен күрөшүп, аны жеңип чыгууга астыма максат койдум.

Февраль айында лагерде өлүм көбөйө баштады. Бир күндө жок дегенде эле үч адам өлөт. Палатканын ичине күнү-түнү от жагылат. Ошондой болсо да, полубуз бир элидей муз болуп турат. НКВД бизге душманга же душман тараптан туткун болуп түшкөн адамдарга жасагандай мамиле кылат".

Ажал Шертай атаны ал кезде тооруган эмес экен. Алты жылдык камак, үч жылдык шайлоо укугунан ажыратылган мөөнөтү аяктап, Колыма менен Магадандан кетер алдында эки ирет үйлөнүп, экөөнөн тең ажырап, соңунда өзү бычак жеп аман калып, туулган жерине кайтканы, бирок да бул жерде деле кыйла жыл ээн-эркин жүрө албай басым-кысымдын алдында жүргөнү «Туюктагы муңда» кенен-кесир баяндалган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG