Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:09

Кандуу жазага кабылган жаш кызматкер


Сакмамбет Исмаиловдун сөөгү «Ата-Бейитке» коюлган.
Сакмамбет Исмаиловдун сөөгү «Ата-Бейитке» коюлган.

Сакмамбет Исмаилов 1938-жылы атылган партиялык кызматкерлердин эң жашы болчу.

Жооптуу партиялык кызматтарга дайындалып, жаратмандык иштин кызыгы менен жүргөндө «эл душманы», революцияга каршы чыккан адам катары айыпталып, кандуу жазанын капканына туш келген.

Репрессиянын чалгысы

1937-1938-жылдары өзгөчө күчөгөн кандуу кыргынга туш келген партиялык-советтик кызматкерлердин, карапайым адамдардын арасында ак сакалын жайкалткан карыдан чырымтал мурут жаштарга чейин адамдар, аял-эркек, жаш-кары дебей бар болчу. Анан да кандуу кылыч улутуна, ишенимине карабай бардык улуттардын өкүлдөрүнө бирдей шилтенген. Репрессияга коммунисттик түзүлүштүн орношу үчүн жан аябай кызмат кылган чыныгы коммунист, комсомолдордон тартып элдик бийликке ачыктан ачык каршы чыккандарга чейин кабылган.

СССР өлкөсүн тегиз камтыган кандуу жазалоонун масштабы ушу азыркыга чейин адам үшүн алчу коркунучтуу чекке жеткен. Кыргызстанда ар бир бешинчи үй-бүлө репрессияга туш келген. Адам өмүрү түккө арзыбай, аны жок кылуунун планы иштелип чыгып, бул иште өзгөчө ынтаа, демилге көрсөткөндөр мактоого алынып, аймактар ортосунда кайсы бир деңгээлде «социалисттик жарыш» күчөгөн. Кийинчерээк жазаланчулар менен жазалоочулар аралашып, кандуу кыргын күнөөлүү-күнөөсүздөрдү иргебей жок кылган. Сакмамбет Исмаилов мына ушундай чоң кыргынга, кандай да болсо «планды аткаруу» өнөктүгүнө туш келип, ак жеринен атылып кеткен.

Колхоздоштуруу учурунда кетирген кемчилиги үчүн партиянын катарынан чыгарылып, бирок көп өтпөй кайра эле мүчөлүгү калыбына келтирилген. Болбосо анын совет бийлигинин алдында олуттуу дегидей күнөөсү деле жок болчу. Репрессия күчөп турган кезде кимдир-бирөөнү күнөөлүү кылыш, олчойгон айып коюш текейден арзан эле. Тергөөчүлөрдүн алдында «Алаш-ордочу, Социал-туран партиясынын мүчөсү, кайсы бир чет өлкөнүн тыңчысы, эл душманы, улутчул, жаатчыл» сындуу толгон-токой айыптар тирелип турчу. Ошонун каалаганын кошуп, олчойгон айыпты моюнга илип, ансыз да тергөө учурундагы уруп-кыйноодон азап жеп, пенделик сөлөкөтү гана калган шордууларды атууга өкүм кылуу конвейерге салынып калган.

Сакмамбет Исмаиловго «кайсы бир партиянын мүчөсү болгон» деп айып коюуга эч кандай негиз жок болчу – өтө эле жаш. «Чет өлкөнүн тыңчысы» дешке да негиз жок эле - партиялык жооптуу кызматтарга жаңыдан аралашып, келечеги алдыда болчу. Социалдык негизи, ата-энесинен, урук-тууганынан бай-манап чыгабы десе - колунда жок кедей үй-бүлөдөн чыккан. Өз колу менен толтурган өмүр баянында Сакмамбет Исмаилов үй-бүлөсүнүн материалдык жагдайы кандай болгонун эч жашырбай ачык жазган:

«1908-жылы Кыргыз АССРинин Каракол районуна караштуу Отузуул айылында төрөлгөм. Атам 1897-жылдан 1903-жылга чейин ошол эле райондогу Аксуу айылындагы кулактардын коюн баккан. 1903-жылдан 1909-жылга чейин мен да атама (абама) жардам кылып, колумдан келген иштерди жасадым, кулактардын эгинин сээп, өстүрүп, чөбүн чаап, кызматын кылдым.

1909-жылы атам кайтыш болуп калды. Атам өлгөндөн кийин апам башка бирөөгө турмушка чыгып, бирок оорусунан оңоло албай апам да 1915-жылы каза болуп калды. Атам жети бир тууган болчу, төрт иниси бар эле. Анан ушунча үй-бүлөнүн ишенген малы - жалгыз аты менен бир ую, анан да эки гектирге жакын жери болчу. Атам, артынан апам өтүп кеткенден кийин мен абамдын колунда болуп калдым. 1916-жылы абамды ээрчип үрккөн эл менен кошо Кытайга бардык. Бир жылдан кийин жерибизге кайтып, Каракол районундагы Аксуу айылына келип, 1919-жылга чейин кулактардын колунда иштедик».

Катаал турмуштун сабагы

Сакмамбеттин атасы Ысмайыл каза болгондон кийин кыргыз салты боюнча жеңесин иниси Ысага алып беришкен. Сакмамбетти Ысмайылдын иниси Шаакүт багып алган. Сакмамбет Исмаилов абасы Шаакүттүн колунда тарбияланган. Өзү толтурган өмүр баянында Сакмамбет Исмаилов абаларынын бирөө да шайлоо укугунан ажырабаганын, ак падышанын аскеринде кызмат өтөбөгөнүн белгилеген. Атасынын бир туугандарынан үч үй-бүлө калганын, баары совет бийлигине кызмат кылып жүрүшкөнүн, бир абасы Каракол районундагы Бауман совхозунда жумушчулар комитетинин башчысы, партия мүчөсү, ВКП(б) Кыргыз обкомунун мүчөсү экенин, калган эки абасы Кызыл-Туу колхозунун Отузуул айылында колхозчу экенин маалымдаган.

«1921-жылы мен Караколдогу балдар үйүнө кабыл алынып, ал жерде 1924-жылга чейин окудум. Балдар үйүндө башталгыч мектепке кирип анын эки тобун аяктадым. 1924-жылдан тартып ошол эле Караколдогу жети жылдык мектепке кирип, анын төрт классын 1927-жылы аяктадым.1927-жылы Фрунзедеги советтик партиялык мектепке кирип, аны 1929-жылы аяктадым.

Партиянын мүчөлүгүнө 1928-жылы 16-декабрда Фрунзе партиялык уюмунда өттүм», – деп белгилеген Сакмамбет Исмаилов.

Анын партияга өтүшүнө ВКП(б)нын эки мүчөсү, анын бирөө комсомолдук кызматкер, партиялык мектепте чогуу окуган курсташы Быстряков экенин, башка партиянын мүчөсү болбогонун, коммунисттик партияга каршы оппозицияда, өзүнчө уюшулган топторго кошулбаганын ырастаган. Сакмамбет Исмаилов кара жумушка каргадай кезинен тартылып, Кытайга барганда бир дунгандын ашканасында тамак ташыгыч болуп иштегенин, өз жерине келгенден кийин орус кулактарынын колунда жүргөнүн, жаш кезинен жалданып иштеп келгенин билдирген. Окуудан бошосо эле байлар менен кулактардын жумушун кылып, негизинен кышында окуганын, билим алуу кыйла эле оорго турганын арман менен кеп кылган.

Кыска мөөнөттүк кызматтар

Партиялык мектепти бүтүргөндөн кийин Сакмамбет Исмаиловдун кызмат тепкичтери башталат. 21 жаштагы жигит башталышы кызык, аягы бүдөмүк катаал турмушка аттанат. Кыска убакыт кайсы бир жерде иштеп, андан башка жакка которулуу, бир жагынан колхоздоштуруу өнөктүгү күчөп, кыйла чыр-чатак менен коштолгон жер-суу реформасынын талашы бүтө элек, элдин көбү жаңы бийликтин айткан сөзү менен жасаган иштери төп келбей, турмуш казаны кайнап жаткан. Бишкектеги эки жылдык партиялык мектепти аяктаган жаш кызматкерди республиканын түштүгүнө жөнөтүшөт. Партиялык кадрларды сыноонун, ишке каныктыгын көрсөтчү жер ушул.

«1929-жылдын 1-июнунан 1-ноябрга чейин Ош округдук аткаруу комитетинде инструктор болуп иштедим. 1-ноябрдан 1930-жылдын 1-майына чейин партиянын Жалал-Абад райондук комитетинин инструктору болдум. 1930-жылдын 1-ноябрынан тартып Сүлүктү кениндеги шахтада жумушчу болуп, ага улай ошол эле Сүлүктү шаарында райондук аткаруу комитетинин жооптуу катчысы болуп 1931-жылдын 1-августуна чейин иштедим. 1931-жылдын сентябрынан тартып Аламүдүн райком комсомолдун катчысымын», - деп жазган Сакмамбет Исмаилов өмүр баянында.

Ош менен Жалал-Абадда райондук партия комитетинде инструктор болуп иштеген кызматкердин Сүлүктү көмүр кенинде жумушчу болуп калышын Сакмамбет Исмаилов колхоздоштуруу өнөктүгүнө байланыштуу түшүндүргөн. Колхоздоштуруу өнөктүгүндөгү аша чабуу үчүн Сакмамбет Исмаилов партия катарынан чыгарылып, Сүлүктү кенине жумушчу катары жиберилген. Бирок мындай катаал жазаны облустук партия комитети жеңилдетип, ага катуу сөгүш эскертүүсү менен берилип, партиянын мүчөлүгү калыбына келтирилген.

Сүлүктүдөн келгенден кийин Сакмамбет Исмаилов негизинен комсомолдук иштерге чегерилип, жарым жылдан ашуун комсомолдун кыргыз обкомунун маданий-агартуу бөлүмүнүн башчысы, анан 1932-жылдын 1-августунан 1933-жылдын 1-июлуна чейин партиянын Алай-Гүлчө райондук комитетинин маданий-агартуу бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалган. Алайдан Көлгө которулуп, бир жарым жыл Ысык-Көл машина-трактор станциясынын саясий бөлүмүнүн комсомол боюнча жетекчисинин орун басары, кийинчерээк партиялык иштер боюнча жетекчинин орун басары болгон.

1935-жылдын 1-февралынан тартып Сакмамбет Исмаилов кайрадан партиялык ишке дайындалып, партиянын Өзгөн райондук комитетинин экинчи катчысы болуп иштеген. Камакка алынарга жакын 1937-жылы ал партиянын Өзгөн райондук комитетинин биринчи катчысы болуп иштеп турган эле. «Бир жумуштан экинчисине тез-тез которулуштун себеби жогоруда турган башкаруучулардын буйругунан улам болду», деп жазган Сакмамбет Исмаилов.

Партиялык кадрлар ушинтип тез-тез жер которуштуруп кызмат өтөшкөн. Сакмамбет Исмаилов партиялык, комсомолдук кызматтарын так аткарып, кетирген кемчилиги үчүн кара жумушка чектелгенине деле капа болбой, тапшырылган ишти аткарууга киришкен. Сакмамбет Исмаилов өмүр баянында кызматтык милдетине мамилесин, саясий турум-турпаты кандай экенин чогуу иштешкен кесиптештеринен суроону өтүнүп, өмүр баянында жазылгандардын баары чын экенин алар ырастап беришерин атайын белгилеген. Аялы Кененбаева Кант районундагы кедей-дыйкан үй-бүлөсүнөн экенин, кайната-кайненеси колхоздо иштеп жүрүшкөнүн, кайнагасы коммунисттик окуу жайын аяктап, Жети-Өгүз районунда райондук жер бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп жатканын, аялы комсомолдук курсту бүтүп, Өзгөн райондук гезитте иштеп жатканын маалымдаган. Сакмамбет Исмаилов 1938-жылдын башында камакка алынып, ага РСФСР Кылмыш-жаза кодексинин 58-беренеси, мамлекеттик оор кылмыштар боюнча айып коюлуп, атылып, 1958-жылы акталган.

30 жашында атылган азаматтын сөөгү 1991-жылы табылып, Чоң-Таштагы «Ата-Бейитке» кайрадан коюлган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG