Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:23
Жогорку Кеңештин депутаттары
Жогорку Кеңештин депутаттары

Депутаттар референдумдун жол-жобосун талашты

Жогорку Кеңеш Конституциянын долбоорун жана Референдумду дайындоо боюнча мыйзам долбоорун жалпы отурумда карап жатат.

Баш мыйзамдын жаңы долбоорун Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитети 2-мартта талкуулап, жактырган.

Жогорку Кеңештин сайтына 9-февралда жарыяланган долбоорду бийлик быйыл апрелде референдумга койгону жатат. Бир топ саясатчылар, юристтер долбоорду процедураларды бузуу менен кабыл алуу аракети жүрүп жатканын, анда демократияга каршы жоболор бар экенин жана президенттин укуктары эбегейсиз күчөтүлгөнүн айтып, сынга алышууда.

Президент Садыр Жапаров долбоордо парламенттин негизги функциялары сакталарын, өкмөт Жогорку Кеңештин макулдугу менен дайындаларын, Жогорку соттун, Конституциялык соттун судьяларын шайлоо, бошотуу жана башка милдет-укуктар парламентке тиешелүү болорун билдирген.

11:47 3.3.2021

Каныбек Иманалиев: Конституциялык палатанын корутундусу жок болсо кантип кабыл алабыз? Парламент сунуш бериши мүмкүн, кабыл ала албайт.

11:52 3.3.2021

Рыскелди Момбеков: Азыркы Конституциянын автору ким? Ээси ким, мээси ким? Айтып койгулачы? 1-мартта кирген документте 65 депутаттын колу турат? Дүйнө салган депутат да кол коюптур, ал кантип кол койду. Кубанычбек Жумалиев түрмөдө жатат, ал кантип кол койду?

Бул долбоор Бөрүбашевдин колу, инструкциясы менен кирди. Элди алдабагыла. Бир дагы депутаттын аты жок кирди. Талант Турдумаматович, 20-январдагы жарлыгыңызды окуп коюңуз. Аталышы эки башка. Эртең бул депутаттар секирет, "мен кол койгон эмесмин" деп. Элдин талабы деп жатасыңар, элдин атынан бир кайрылуу киргизгилечи. Элдин талабы курултай болчу. Элди "кидайт" эттиңер, бизди дагы "кидайт" эттиңер.

11:53 3.3.2021

Дастан Бекешев: "Ханституция" элдин шору болот

11:59 3.3.2021

Наталья Никитенко: Айрым кесиптештер кол койбогонун айтып чыгышкан. 80 депутат кол койбошу мүмкүн. Бул тарыхый документ. Шашуунун кереги жок. Эркин Кыргызстандын келечегине коркунуч жараткан документти кабыл алууга шашылбагыла.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG