Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:22
Жогорку Кеңештин депутаттары
Жогорку Кеңештин депутаттары

Депутаттар референдумдун жол-жобосун талашты

Жогорку Кеңеш Конституциянын долбоорун жана Референдумду дайындоо боюнча мыйзам долбоорун жалпы отурумда карап жатат.

Баш мыйзамдын жаңы долбоорун Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитети 2-мартта талкуулап, жактырган.

Жогорку Кеңештин сайтына 9-февралда жарыяланган долбоорду бийлик быйыл апрелде референдумга койгону жатат. Бир топ саясатчылар, юристтер долбоорду процедураларды бузуу менен кабыл алуу аракети жүрүп жатканын, анда демократияга каршы жоболор бар экенин жана президенттин укуктары эбегейсиз күчөтүлгөнүн айтып, сынга алышууда.

Президент Садыр Жапаров долбоордо парламенттин негизги функциялары сакталарын, өкмөт Жогорку Кеңештин макулдугу менен дайындаларын, Жогорку соттун, Конституциялык соттун судьяларын шайлоо, бошотуу жана башка милдет-укуктар парламентке тиешелүү болорун билдирген.

12:02 3.3.2021

Тазабек Икрамов: Аймак-аймактарга, түндүк-түштүккө бөлгөндөргө, педофилдерге жазаны күчөтүүнү сунуштайт элем. Ушуну Кылмыш кодексине киргизип берсеңер.

12:05 3.3.2021

Дастан Бекешев: Алмаз Акматов каза болду, Кубанычбек Жумалиев абакта эми ошентип айтып жатышат, Алиярбек Абжалиев Кыргызстанда жок. Бирок колу турат.

Соттор көз каранды болсо бул өлкөгө инвесторлор кантип келет? Макул эл чечти, президенттик болсун деди. Бирок "хандык башкаруу болсун" деген жок да. Бул жерде бардык маселени "президент чечет, бирок эч нерсеге жооп бербейт" деп турат. Жоопкерчилик жок. Кийин ушул эле депутаттар күнөөлүү болот.

12:09 3.3.2021

Ирина Карамушкина: Эл талап кылды деп жатабыз. Мына азыр жер басып алгандар да талап кылып атышат. Аларга да макул бололубу?

Талант Мамытов: Талкуу үч ай жүрдө ушул сунуштарды, сындарды ошондо айтсаңар болот эле го.

12:09 3.3.2021

Айгерим Бешимбаева: Мен бул долбоордун талкуусуна кол койгон эмесмин, катышкан да эмесмин. Менин колумду алып коюшуңарды суранам.

Жогорку Кеңештин депутаты Айгерим Бешимбаева Конституциянын жаңы долбоору жана референдум дайындоо жөнүндө мыйзам долбооруна автор эмес экенин, колун чакыртып алганын айтты. Ал бул тууралуу 3-мартта парламенттин жалпы жыйынында билдирди.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG