Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:22
Жогорку Кеңештин депутаттары
Жогорку Кеңештин депутаттары

Депутаттар референдумдун жол-жобосун талашты

Жогорку Кеңеш Конституциянын долбоорун жана Референдумду дайындоо боюнча мыйзам долбоорун жалпы отурумда карап жатат.

Баш мыйзамдын жаңы долбоорун Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитети 2-мартта талкуулап, жактырган.

Жогорку Кеңештин сайтына 9-февралда жарыяланган долбоорду бийлик быйыл апрелде референдумга койгону жатат. Бир топ саясатчылар, юристтер долбоорду процедураларды бузуу менен кабыл алуу аракети жүрүп жатканын, анда демократияга каршы жоболор бар экенин жана президенттин укуктары эбегейсиз күчөтүлгөнүн айтып, сынга алышууда.

Президент Садыр Жапаров долбоордо парламенттин негизги функциялары сакталарын, өкмөт Жогорку Кеңештин макулдугу менен дайындаларын, Жогорку соттун, Конституциялык соттун судьяларын шайлоо, бошотуу жана башка милдет-укуктар парламентке тиешелүү болорун билдирген.

12:57 3.3.2021

12:46 3.3.2021

Бактыбек Турусбеков: Мен балдарыма ар бир адам жоопкерчиликтүү болгон келечекти каалайт элем. Бул жерге келгенде баш тартпай.

Дастан Бекешев: Сиз балдарыңызга диктатордук жашоону каалап атасыз. Мунун арты өкүнүчтүү.

12:38 3.3.2021

Наталья Никитенко: Быйыл эгемендик алганыбызга отуз жыл болду. Отуз жыл ичинде эмнеге жеттик? Экономика өнүгүп кеттиби? Болгону сөз эркиндигибиз, эркиндигибиз бар. Ошону жоготуп албайлы. 10-январда эл президенттик башкарууну тандаган, бирок жеке бийлик болсун деп добуш берген эмес. Бул Баш мыйзамда парламент жөн гана нотариалдык контора болуп атса. Курултай парламенттин көчүрмөсү болуп жатса. Бул Баш мыйзамдын долбоору жаңы толкундоолорго алып келет.

12:34 3.3.2021

Чынара Урумкалиева: Мен демилгечи болуудан баш тарткам. Менин фамилиямды алып койсоңор.

Жогорку Кеңештин депутаты Чынара Урумкалиева «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» мыйзам долбооруна байланыштуу референдум дайындоо тууралуу долбоорго автор болуудан баш тартканын билдирди. Бул тууралуу ал 3-мартта парламенттин жалпы жыйынында айтты.

Аталган мыйзам долбоору 2020-жылдын 17-ноябрында талкууга чыгарылып, 80 депутаттын аты-жөнү жазылган.

«Конституция бийлик менен элдин ортосундагы социалдык келишим экенин эске алып, анын үстүнө бул мыйзам долбоорун коомчулук терс кабыл алганын эске алып, эртеби-кечпи жарылууга алып келбесин деп, 2020-жылдын 20-ноябрында президенттин №45 жарлыгы менен Конституциялык кеңешме түзүлгөн. Сиздерге ноябрь айында 80 депутат кол койгон Конституциялык мыйзамдын долбоорун окуп берейин. Демилгечи топ аны "Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору боюнча референдум дайындоо тууралуу" деп атаган. Жарлык боюнча Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө деп эле турат. Демек, бул жаңы Конституциялык долбоор. Кайрадан 80 депутаттын демилгеси деп киргизүүгө туура келип атат. Ушуга көңүл буруп коюуңуздарды өтүнөм», - деди Урумкалиева.

Чынара Урумкалиева Кыргызстан социал-демократиялык фракциясынан депутат.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG