Советтик оккупация мезгилинде Эстония массалык түрдө Сибирге зордоп көчүрүлгөн куугун-сүргүндү эки ирет башынан кечирген. Биринчи депортация 1941-жылы май айынын соңунда, Германия менен согуштун алдында болгон.
Экинчиси 1949-жылга туура келет. Анда НКВД Балтика өлкөлөрүндө “эл душмандарынан тазалоонун” жаңы айлампасын өткөргөн.
Веллонун таржымалы
Камакка алынганга чейин Велло Хиндреус Таллинндеги "Октябрь" кинотеатрында киномеханик болуп иштеген. Анын атасы менен агасы Экинчи дүйнөлүк согуштун аягында Кызыл Армия Эстонияны бошоткондо “чыккынчылыкка” айыпталып соттолот. Совет бийлиги үчүн Велло сыяктуулар “ишенимсиз адамдар” эле. Ошондуктан "тазалоо" жүргөндө аны унутушкан эмес.
Велло өзүнүн жумуш ордунда - кинотеатрдын жертөлөсүндө жашачу. Ошондон улам НКВДнын тузагына илинбей, көбүрөөк убакыт эркиндикте жүргөн. Бул учурда аны жатаканадагы катталган жеринен издеп, таба албай жатышкан.
1949-жылдын жаз айында Эстонияда (башка Балтика боюндагы республикаларда дагы) депортациянын жаңы толкуну башталды. Веллону ишемби күнү кечинде, мончодон чыгып баратканда кармап кетишет. Сумкесинде кир кийиминен башка эчтемеси жок Велло заматта эле жүк салган вагондо, Сибирге зордоп көчүрүлгөндөрдүн катарында отуруп калды. Оңдой берди болуп, Сибирге жол тарткан поезд бир топ убакытка кармалып калат. Ушул учурдан пайдаланып Велло досторуна кат жазып бирөөдөн берип жиберет. Поезд жолго чыкканча достору жылуу кийим-кече менен фотоаппаратын жеткиргенге үлгүргөн.
Сон кыштагындагы жашоо
Велло башка депортациялангандар менен чогуу Хакасиянын Сон айылына жеткирилген. Орус тилин такыр билбеген Велло бул аймакта сегиз жыл жашайт. Айылдагы фотаппараты бар жалгыз адам болгондуктан анча-мынча сый-урматка да ээ болгон. Сүргүндө жүргөндөрдүн жашоо-турмушун сүрөткө тарткан.
"Баарынын сүрөткө түшкүсү келчү, жергиликтүүлөр да, сүргүндө жүргөндөр дагы",– деп эскерет Велло.
Велло Хакасияда эстон кызына үйлөнүп, эки уулдуу болгон.
Сон кыштагында электр жарыгы жок эле. Бирок Велло керосин лампасынанан сүрөттү чоңойткон проекторду жасап алган. Фотореактивдерди ага Эстониядагы достору салып турган.
Акыркы интервью
- Колумда фотоаппарат болгондон кийин Сибирдеги жашообузду сүрөткө калтыргым келген.
Негизинен өзүмдүн үй-бүлөмдү жана биз менен кошо депортация болгондордун жашоосун сүрөткө тартчумун. Биз өзүбүздүн жайкы майрамдарыбызды белгилечүбүз.
Айылды бадалдуу талаалар курчап турчу. Биз ошол жерлерге эс алууга чыгат элек. Башка бара турган тоо же токой айланада жок эле.
Сүрөткө тартканымда баары кубанчу. Жергиликтүүлөр да сүрөткө тартуумду суранышчу. Кээде бул кызматым үчүн жумуртка же жана башка тамак-аштарды беришчү.
Пленкамды үнөмдөп, негизинен кишилердин иштегенин, жашоо-турмушун тартат элем. Бирок эмнегедир сүрөттөрдүн кайда, качан тартылганын такыр жазбаптырмын. Эмнеге анткенимди өзүм деле билбейм.
Кызыктуу окуялар да болду. Кышында ичимдиктен өлгөн колхоздун башкармасын кантип көмүшкөнү эсимде. Айылдагылардын көпчүлүгү аракеч эле.
Кышында жүк ташуучу автоунаа менен бир жактан келе жатышып, мас болгон башкармага тон жаап, жаткырып коюшкан экен. Ал өз кусундусуна какап өлүп калганын үйүнө жеткенде гана билишкен. Мен ошондо башкарманын тажиясын сүрөткө тартып алган элем.
Ошол жылдары катаал шартта жашоого туура келди. Сен дайыма бирөөнүн көзөмөлүндө, башкаруусунда болосуң.
Велло Хиндреустун Сибирдеги жашоосу тууралуу бул интервьюсу 2019-жылы Эстониянын Тарыхый эс тутум институтунун кызматкерлери тарабынан Kogu Me Lugu оозеки тарых порталы үчүн жазылып алынган. Мындан бир жыл өткөндөн кийин Велло 90 жашында дүйнөдөн кайткан.
Анын тарткан сүрөттөрү Сибирге депортация болгон эстондордун жашоосун чагылдырган баалуу жана эң чоң эмгек болуп саналат.
Тарыхый эс тутум
Kogu Me Lugu ("Биздин тарыхты жыйна") долбоорунун жетекчиси Эльмар Гамстын айтымында, Сибирге мажбурлап көчүрүлгөн эстондордун жашоосу тууралуу архив документтерди чогултуу иши 10 жыл мурда башталган.
- 2013-жылы Эстонияда кезектеги ыр майрамы өтүп, ага Сибирден баштап, Калифорнияда жашаган эстондордон бери келип катышты. Ошондо алардын жашоо-турмушу тууралуу жакындан сурап билүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. 2016-жылдан тартып Эстониянын Тарыхый эс тутум институтунун кызматкерлери мурдагы муундун өтмүшү тууралуу өзүнчө долбоор катары интервьюларды жаздыра баштады.
Биз командировкаларга чыгып, 2017-жылы Сан-Франциско, Торонто жана Нью-Йорктогу эстон диаспорасынын улуу муундагы өкүлдөрүнө жолуктук. Андан кийин Финляндияга, Швецияга да бардык. Акыркы эки өлкөгө 1944-жылы 70 миңден ашуун эстондор Кызыл Армиядан качып, баш калкалаган.
2018-жылы Орусиянын Томск облусундагы Березовка, Вомбалы деген эстон айылдарын кыдырдык. Ал айылдарда XX кылымдын башында столыпиндик реформа учурунда (ред. - П.А. Столыпин Орус империясынын Министрлер кеңешинин төрагасы (1906-1911-жылдар). Столыпиндик реформалар - жерди жеке менчикке бекитүү, жери жок дыйкандарды Сибирге, өлкөнүн чыгыш аймактарына, анын ичинде Борбор Азияга көчүрүү болгон) Сибирге жер которгон эстондордун урпактары жашайт. Биз алардын ата-бабалары тууралуу маалыматтарды чогулттук.
– Алардын урпактары тарыхый мекенине кайтууну каалашабы?
– Албетте, биз алардан бул жөнүндө сураганбыз. Алардын айрымдары совет доорунда Эстонияга кайтууга аракет кылган. Бирок Сибирден кийин алар Эстонияда жашап кете алган эмес. Анткени алар сүйлөгөн эстон тилиндеги көп сөздөр колдонулбай, тилде кыйла айырмачылыктар пайда болуп калган. Сүйлөгөнү, кийген кийими менен айырмаланып калгандыктан, Эстонияга кайткандардын көпчүлүгү жашап кете алган эмес.
ХХ кылымдын башында Сибирге отурукташып калган эстондорду НКВДнын райондук башкармалыгы "тыңчылык" (шпионаж) боюнча кармап, керек учурда жазалап турган.
Коммунисттик режимдин курмандыктары
Сибирге отурукташкан эстондордун урпактарынын бири Березовка (эстончо аталышы – Казекюла) айылынын тургуну Эллен Бурмистрова (Рейле) чоң атасы Мартин Рейле 1937-жылы "1932-жылы Эстониянын чалгындоо кызматынын резидентинин көрсөтмөсү боюнча түзүлгөн шпиондук, диверсиялык, козголоңчул террористтик уюмга" мүчө деген шек менен кармалганын айтат.
Эллендин чоң атасы 1937-жылы Чулым дарыясындагы музду жардырганы үчүн соттолуп, өлүм жазасына тартылган. (Ал мезгилде жергиликтүү тургундар жаз алдында айылды суу каптап кетпесин деп, дарыяны музда тазалап, чоң муздарды жарып, суунун жолун ачып турушчу). Иш жүзүндө Мартин Рейлеге "көпүрөнү жардырган" деген айып коюлган. 1990-жылы гана Рейле акталат.
"Эмне үчүн алар (НКВД) мындай жолго барган? Эгер Сталиндин убагындагы документтерди карап чыксак, чыныгы террористтер ошол кездеги бийлик өкүлдөрү болгон. Алар канчалаган күнөөсүз адамдардын өмүрүн кыйган, азапка салган айыптарды ойлоп таап, чечим чыгарышкан", - дейт Эллен Бурмистрова (Рейле).
Азыр эми бул суроолорго Орусияда эч ким жооп бербейт. Чындап келгенде коммунисттик режимдин курмандыктары калкынын саны аз, чакан Эстонияда эле 75 миң кишиден ашык адамды түзгөн.
"Эжем ат ордуна араба сүйрөчү..."
Рони Кузнецова (Штейн) 1941-жылы үй-бүлөсү менен Эстониядан Сибирге депортацияланган учурда беш жашта болгон.
Рони Кузнецова (Штейн) Kogu Me Lugu порталы үчүн курган интервьюсунда, ошондогу жашоосу тууралуу буларды айткан:
"Бизге айылдын ичинде гана ары-бери жүргөнгө уруксат берилген. Эч кимибизде паспорт жок болчу. Мындайча айтканда, түрмөдөгүдөй эле жашайт элек. Бизге орус тилин окутушуп, элге аралаштырган жок. Тескерисинче, бизди өзүнчө бөлүп карашчу. Ошондогу жетекчилер өздөрүн "жолдоштор" деп аташчу. Бизди алар тилдеп, сөгүп сүйлөшчү. Биздин кожоюндар Украинадан депортациялангандар болгондуктан мен кайсы тилде сүйлөп жатканымды билбей эле, украинче сүйлөй баштагам", - деп эскерет Рони Кузнецова (Штейн).
"Мына ошол "жолдоштор" согуш жылдары тылда калганын актоо үчүн эстон улутундагыларга түрдүү кутумдарды ойлоп табышчу. Бир абышканы кемпирин "советтик радио сыяктуу калп айтат" дегени үчүн камакка калышкан. Андан кийин жапониялык, англиялык "тыңчыларды" кармашкан. Кышында кимде жаш баласы жок болсо токойго отунга айдашат эле. Менин апам кирпич заводдо, консерваторияны бүткөн эжем ат ордуна араба сүйрөп иштечү. Алар үчөөлөп чоң кудукту казып, анын ичиненен тоодой болгон кумду алыш чыгышкан.
Кийин Бакчар райондук бейтапканасы тиш дарыгерисиз калып, апамды ал жакка жумушка алган. Ооруканын жетекчиси партиялык билети бар, бирок такыр билими жок улгайган аял эле. Ал апамдын Тартусск университетинен алган жогорку дипломун "советтик техникумдун деңгээлидеги диплом" деп атап, медайымга төлөнгөн маянаны жазган.
Апам ал жерде иштей баштагандан көп узабай "дарыгерлердин делосу" чыккан учурда аны дароо кызматтан алып, кайсы бир "жолдоштун тиши ооруп калса, жаныбызда болсун" деп регистрацияга отургузуп коюшкан.
Сталин өлгөнгө чейин Сибирге айдалгандарды институтка кабыл алышчу эмес. Муну алар совет бийлигине таандык эки жүздүүлүк менен жасашчу. Жыл сайын жазма экзамендерге катыштырып, бирок аларга эки деген баа коюп, окууга өткөрбөй коюшчу. Абитуриент "катамды көрсөтүңүзчү" дегенде "мүмкүн эмес!" деп кутулушчу", - деп эскерет Рони.
Ронинин атасы беш бир тууган болгон экен. Ал Уралдагы лагерде каза болгон. Эки агасы эмгекке мажбурлоо (ГУЛАГ) лагеринде отурган. Дагы эки агасы немис концлагерине түшүп, дайынсыз кеткен. Советтик лагерге түшкөндөрдүн бири гана аман калып, Эстонияга кайткан. Бирок аны кайра эле Сибирге депортация кыларын билгенде Ташкенте кетүүгө аргасыз болгон. Ошол бойдон ал мекенине келген жок.
"Биздин үй-бүлөбүз ушинтип жок болуп, чачырап кетти. Бирөөсү Сталиндин бийлигинен, бирөөсү Гитлердин бийлигинен ажал тапты", - деп Рони Кузнецова сөзүн жыйынтыктады.