Тизмеге негизинен Азия, Африка, Латын Америкасы жана КМШ өлкөлөрүнөн 35 адам жана бир канча уюм кирген.
RWB талдоочулары булар эркин прессаны цензура жана журналисттерди коркутуу, камоо, өлтүрүү жолдору менен муунтууда деп билдиришет. Уюмдун баш катчысы Кристоф Делуар буларды белгиледи:
- Тизмедегилер ММК эркиндигин баарынан көп басынтып, журналисттерге карата оор кылмыштарга баргандар, бирок ал үчүн жазаланбагандар.
Кристоф Делуар жазасыздык чынжырын үзүп, БУУнун журналисттерди коргоо боюнча атайын өкүлүн дайындоо керек деп эсептейт.
КМШдан "прессанын душманы" деп Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев, Беларус президенти Александр Лукашенко аталган. Алар 90-жылдардын башынан бери бул тизмеде. Түркмөнстан, Орусия жана Азербайжан президенттери да кызматка келгенден аз өтпөй ушул катарга кошулган. Өзбекстандын маркум президенти Ислам Каримов да алардын арасында болчу.
"Чек арасыз кабарчылар" өзгөчө Түркмөнстанга көңүл бурушат. Гурбангулы Бердымухамедов бийликке келгенден тарта эле "прессанын душманы" деген "кара тизмеге" кирген. 2013-жылы бул өлкөдө цензурага каршы мыйзам ишке киргени менен, ал болгону кыңыр ишти калкалаган беткап экени белгиленет.
"Чек арасыз кабарчылар" уюмунун өкүлү Йохан Бир буга карабастан бийликтин калпыс иштеринин жүзүн ачкан, каршылык көрсөткөн журналисттер жок эместигин белгилеп, мындай шартта иштеген журналисттер бааланууга тийиш дейт:
- Андай үрөй учурган шартта иштөөнүн өзу баатырдык. Бул бааланышы керек жана бул үмүткө шоола чачат. Бардык эле журналисттер кол куушуруп отуруп бербей, айрымдар эч нерсеге карабай өз ишин аткарууда. Тилекке каршы жакынкы келечекте Түркмөнстанда чоң өзгөрүүлөр болоруна ишене албай турам. Аймактык алкакта карасак, учурдагы көрүнүштөр көңүл көтөрөрлүк эмес. Негизинен Борбор Азиядагы авторитардык режимдер бири-бирин колдошот. Дүйнө болсо мындай эволюцияны көрмөксөнгө салууда.
2009-жылдан тарта түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган, 2013-жылдан бери коңшу Кытайдын лидери Си Цзинпин да "кара тизмеге" алынган.
Быйыл журналисттерге катаал чара жагынан Түркия өзгөчөлөндү. Июлдагы төңкөрүш аракети ишке ашпай калгандан кийинки жазалоонун алкагында ондогон журналисттер камалып, ММКлар жабылды.
Баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан журналисттерди коргоо комитетинин Борбор Азия жана Европа боюнча координатору Нина Огнианова түрк өкмөтү төңкөрүш аракетин шылтоолоп, коомду медиадагы сынчыл добуштардан тазалоодо дейт:
- Так санды көрсөтүш кыйын. Анткен менен июлдагы төңкөрүш аракетинен кийин жабылган, иши токтотулган маалымат каражаттарынын саны 150дөн ашты. Ал эми 100дөн ашуун журналист камакта же түрмөдө отурат деп ишенимдүү айта алабыз. Булардан тышкары дагы көптөгөн журналисттер өлкөдөн кетүүгө, качууга аргасыз болушту. Биз Түркия маалымат каражаттарына каршы катаал чараларды жапырт көрүп, өлкөдө ой-пикирдин көп түрдүүлүгүн жок кылуу багытында баратат деп айта алабыз.
Ошондой эле "прессанын душманы" тизмесинде Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын, Иран диний көсөмү Аятолла Хаменеи, Сирия президенти Башар Асад да бар. Мындан тышкары “Талибан”, “Ислам мамлекети” террордук топтору кирген.
Жетекчилери "кара тизмеге" киргизилген өлкөлөр сөз эркиндиги боюнча рейтингде арткы орундарда.
"Пресса душманы" делгендер арасында Кыргызстандан эч ким жок. Сөз эркиндиги боюнча жалпы рейтингде Кыргызстан 85-орунда, постсоветтик өлкөлөр арасында 6-орунда турат.
Ошентсе да уюм өлкөдөгү маалымат каражаттарында цензура сакталып, редакциялык саясат ММК ээлеринин эрки менен жүргүзүлөрүн белгилейт. 2015-жылы президент тууралуу жалган маалымат жазды делип журналист 2 млн сом доого жыгылганы мисал келтирилет.
"Чек арасыз кабарчылар" эл аралык таасирдүү, өкмөттүк эмес уюм. Ал "дүйнөдөгү маалымат эркиндигин, журналисттерди коргоо" деген ураан менен иш алып барат. 1985-жылы негизделген уюмдун баш кеңсеси Парижде жайгашкан.