Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:41

Помпео Түркияда Хашогги тууралуу сүйлөштү


Режеп Тайып Эрдоган менен Майк Помпео.
Режеп Тайып Эрдоган менен Майк Помпео.

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео шаршембиде түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган менен кездешүүдө саудиялык журналист, бир нече күндөн бери дайынсыз болуп жаткан Жамал Хашоггинин маселесин талкуулады.

Мамлекеттик катчы президент Эрдоган менен жолугушкандан кийин Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу менен да сүйлөшүү жүргүздү.

Анкарага чейин, андан мурунку күнү Вашингтондун чабарманы Эр-Риядда Саудиянын падышасы Салман жана башка жетекчилер менен да жолугушкан. Түрк баш калаасына аттанып жатып Помпео журналисттин жоголушу жакшылап иликтенери, күнөөлүү адамдар жазаланары тууралуу убада алганын айтты:

- Саудиянын расмий адамдары ким күнөөлүү болсо да жоопко тартылаарын так айтышты. Бул маселе канчалык маанилүү экенин алар жакшы түшүнүшөт. Иликтөөнү аягына чыгарууга белсенип турушат. Отчеттору менен таанышууга бизге да мүмкүнчүлүк беришет. Муну биз үчүн жасашаарын айтып сөз беришти.

Жамал Хашогги.
Жамал Хашогги.

Жамал Хашогги бир жылдай АКШда жашап келаткан. “The Washington Post” гезитине сауд падышалыгын сындаган, реформаларга чакырган макалаларды жазып жүрүп таанылган. 2-октябрда Сауд Арабиясынын Стамбулдагы консулдугуна кирип кетип, ошол бойдон чыккан эмес. Түрк расмий өкүлдөрү Саудиядан атайын келген тыңчылар Хашоггинин көзүн тазалашкан, денеси жок кылынган деп ишенишет. Алар муну далилдеген аудио тасманы Саудиянын жана АКШнын өкүлдөрүнө да беришкенин айтып келатышат.

Саудиянын падышалык бийлиги "журналист консулдуктун ичинде өлтүрүлгөн" деген маалыматты четке кагууда.

Түрк полициясы 16-октябрда консулдуктун имаратын 8 саат бою тинтип, топурактын, ДНКнын үлгүлөрүн чогултуп кетти. Тинтүү башкы консулдун резиденциясында да болмок.

АКШнын президенти Доналд Трамп Хашоггинин жоголушуна сауд бийлиги жооптуу болсо, расмий Эр-Рияд катаал жазага кабылаарын, ошол эле маалда Саудия менен курал-жарак соодасы сыяктуу келишимдерди үзүү Американын өзүнө эле кедергисин тийгизерин айткан.

Британия, Франция, Германия сыяктуу Европа өлкөлөрү Саудия менен Түркияны журналисттин жоголушун жакшылап иликтөөгө чакырышты. Сауд падышалыгына санкция киргизүүгө үндөгөндөр да болду. Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча жогорку комиссары Мишел Бачелет консулдукта иштеген саудиялык дипломаттардын кол тийбестиги алынышы керек экенин ишарат кылды.

Ал эми Сауд Арабиясы "кандай гана чара болбосун ага жооп кайтарабыз" деп эскертип келатат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG