БУУнун башкатчысы Антонио Гутерреш өз билдирүүсүндө Ирактын Күрт автономиясынын референдуму бул аймакта "Ислам мамлекети" тобун биротоло жеңүү жана экстремисттерден бошотулган шаарларды кайра куруу аракетинен алагды кыларына” көңүл бурууда.
Ага катар Ирактын “суверенитети, аймактык бүтүндүгү урматталышы” керек деген БУУ башкатчысы борбордук өкмөт менен Күрт автономиясынын лидерлерин ортодогу талашты “диалог жана конструктивдүү мунаса” менен чечүүгө чакырган.
Гутеррештин мындай үндөөсү астында Күрт автономиясынын өзүндө аймактык парламент 25-сентябрдагы референдум планына колдоо көргөздү.
Ал эми автономия лиделери бул күндөрү үгүт өнөктүгүн жүргүзүп, элди референдумга мобилизациялоо аракетин көрүүдө:
- Референдумга альтернатива боло алгыдай сунушту али көрө элекпиз. Биз “Даишти” (“Ислам мамлекети” тобунун арабча аталышы) жеңдик, мунун ордуна алар (Багдаддагы борбордук өкмөт) бизге сыйлык ыйгарып, мамлекетибизге ээ болуу чечимибизге батасын берет деп ойлогонбуз. Бирок, тескерисинче, алар бизге каршылык көргөзүүдө, биз аларды укпайбыз. Биз референдумду кийинкиге калтырбайбыз, - деп ырастады Күрт автономиясынын лидери Масуд Барзани өткөн аптадагы (15-сентябрь) үгүт жыйындарынын биринде.
Ирактын күрт лидерлеринин планы боюнча жыйынтыгы азырынча мыйзамдык күчкө ээ эмес референдум автономия аймагында эле эмес, ага коңшу жана макамы узактан бери талашка түшүп келе жаткан Киркук провинциясында да өткөрүлмөкчү.
Киркуктун макамы боюнча референдум өткөрүүнү 2007-жылы расмий Багдад өзү да сунуш кылып, АКШ колдоп, бирок саясий ыйкы-тыйкылыкка байланыштуу улам артка жылып келген.
Ирактын парламенти өткөн аптада эле күрт референдумун четке кагуу менен катар аны колдогону үчүн Киркуктун губернаторун кызматтан бошотууну буйруган эле.
Ал эми премьер-министр Хайдар ал-Абади Эрбилдеги бийликтерди сүйлөшүүгө чакырып, аларды “от менен ойноп жатасыңар” жана эгер кандайдыр бир кыянатчылык тутанса, “аскерий кийлигишүү” болот деп эскерткен:
- Күрт аймагы Киркуктун мунайына көзөмөл орноткондон кийин аны экспорттоп жатышат. Алардын көздөгөнү мына ушул нерсе болчу. Алар Киркуктун мунайын мыйзамдарды жана Конституцияны бузуу менен экспорттошууда. Бирок, мындан Күртстан гүлдөп кеткен жок да?
Ирактын бийликтери ошондой эле референдумда күрт аймагынын көз карандысыздыгы колдоо тапкан күндө деле аны турмушка ашыруу өтө оор болот деп ырасташууда.
Түркия менен Ирандын каршылыгы
Күрт референдумуна Багдад эле эмес, коңшу Түркия менен Иран дагы каршы чыгып жатат.
Бул эки өлкөдө тең чоң сандагы күрт азчылыгы бар. Маселен, Иран эгер Ирактын күрт аймагы көз карандысыздык алса, Тегеран алар менен буга чейин түзгөн чек ара жана коопсуздук макулдашууларынын баары күчүн жоготорун эске салууда.
“Бул чек ара келишимдери Ирактын борбордук өкмөтү менен гана калат. Күртстан аймагынын борбордук өкмөттөн бөлүнүшү чек арадагы эки тараптуу өткөөлдөрдүн баары тосмолонот, Ирандын Күртстан аймагы менен коопсуздук жана чек ара макулдашууларынын баары токтойт”,- дегенди билдирет деди Ирандын Улуттук коопсуздук кеңешинин катчысы Али Шамкани мамлекеттик теледен.
Ал эми Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган күрт лидерлеринин референдумду кийинкиге калтыруудан баш тартышын “чоң жаңылыштык” деп атап, бул маселени ушул аптада, БУУнун Башкы ассамблеясында жолуккан учурунда АКШ президенти Дональд Трамп, Ирактын премьер-министри Хайдар ал-Абади менен талкуулай турганын айтууда:
- Биздин максат эмне? Биздин максат - Ирактын аймактык бүтүндүгү. Бирок азыр Түндүк Ирактын (Күрт автономиясынын) бийликтери Иракты бөлүүнү карай кадам жасоодо, - деди Эрдоган Нью-Йоркко жөнөп жатып.
17-сентябрь күнү Стамбул шаарында күрт референдумуна каршы жүздөгөн адам катышкан демонстрацияда өттү.
Ирактын коңшуларынан күрттөрдүн көз карандысыздыгына жана өз мамлекетине ээ болуу мүдөөсүнө буга чейин Израил гана колдоо көргөзгөн.
АКШ менен Евробиримдик болсо референдум Багдаддагы борбордук өкмөттү дагы алсыратат деп ага каршы чыккан.
Күрт аймагында 5,5 миллиондой калк бар жана ал автономия укугун 2005-жылы Иракты федералдык республикага айланткан Конституциянын негизинде алган.