Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:17

Немис элчисинин Киевге жакпаган сунушу


Украина чыгышындагы абал.
Украина чыгышындагы абал.

Чыгыш Украинада кандай шартта шайлоо өткөрүү маселеси Германия менен Украина ортосунда дипломатиялык чырга алып келди.

Украинадагы немис элчисинин Донецк жана Луганскта Орусия таасириндеги куралдуу топтор турганына карабай, шайлоо өткөрүүгө болот дегени Украинада катуу каршылык жаратты. Украинанын бир депутаты Киевдеги Германия элчилигинин ичиндеги Берлин дубалынын фрагментин боёп, жазып салды. Бирок ал вандализмге барды деп да айыпталды.

Чыгыш Украина маселесин чечүү жана Украинанын аймактык бүтүндүгүн камсыздоо үчүн Минск-1, Минск-2 келишимдери түзүлгөн.

Бирок ал келишимдерди аткаруу боюнча тараптарда абдан олуттуу келишпестик бар. Өзгөчө расмий Киев менен Москва, Орусия колдогон жикчилдер ортосунда талаш көп.

Расмий Киев Донецк менен Лугансктагы Орусия менен Украинанын чек арасы Украина мамлекетинин көзөмөлүнө толук алынып, Орусия колдогон куралдуу топтор чыгарылгандан кийин Украина мыйзамдарына ылайык шайлоо өткөрүүнү жактайт.

Жикчилдер жана Москва аны колдобойт.

Мына ушул туңгуюктан чыгуунун жолун учурда Украинанын негизги колдоочусу болуп турган Германия, тагыраак айтканда, Германиянын Украинадагы элчиси Эрнест Райхел сунуштады. Ал Орусиянын куралдуу топтору турганына карабай, шайлоо өткөрүлүшү керек деген пикирин билдирген.

Бул Украина коомчулугунда, парламентте каршылыкты пайда кылды. Айрымдар Берлинден элчисин чакыртып алууну талап кылды. Жогорку Рададагы Порошенконун блогу аталган фракциянын мүчөсү Алексей Гончаренко вандализмге тете кадам жасап, Киевдеги Германия элчилигинин алдында турган Берлин дубалынын кесиндисине “Nein” же “Жок” деп кызыл боек менен 8-февралда жазып салган.

Украина депутатынын бул аракетин расмий Берлин сынга алды. Германия тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мартин Шефер: - Украина депутатынын немис элчилигинин ичиндеги Берлин дубалынын тарыхый фрагментин боёп салышына абдан өкүнөбүз. Бул немис элчисинин сөзүнө реакция болсо да, аны ашкере жосунсуз жорук деп баалайбыз,- деп билдирди.

Европа лидерлери Киев менен айрым маселелерде келишпестигин буга чейин ачыкка чыгарбай келишкен. Элчи Эрнест Райхелдин сөзү андай линияга төп келбей калды. Райхелдин пикири акыркы жумаларда чыгыш Украинада кырдаал кескин курчуп, жаңы кагылышуулар 35 кишинин өмүрүн алгандан кийин айтылды. Мына ошол кагылышуу Норманд форматында жолугушууларды кайра улантууга себепкер болуп калды.

Германия канцлери Ангела Меркель жакында эле Польша өкмөт башчысы менен жолугушууда Украина маселесин чечүү үчүн Норманд форматындагы кезектеги жолугушуу белгиленип жатканын билдирди:

- Чыгыш Украина чатагы боюнча Германия жана Польша Европа Биримдигинде окшош позицияда. Мен бүгүн эле Орусия президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу кайрадан сүйлөштүм, анткени биз кырдаалга абдан тынчсызданып жатабыз. Биз Норманд форматында кандай кадамдарга барууну макулдаштык. Кандай болгондо да кырдаал жакшы эмес. Минск келишими аткарылбай жатат, ошондуктан Орусияга киргизилген санкция да жакын арада алынбайт.

Украинанын тышкы иштер министри Павел Климкиндин билдирүүсүнө караганда, Норманд форматындагы жыйын 17-февралга белгиленип жатат. Ал форматта Орусия, Германия, Франция жана Украинанын тышкы иштер министрлери Чыгыш Украина чатагын жөнгөрүүнү талкуулашат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG