Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:23

Питтсбурдагы антисемиттик кылмыш


Питтсбург университетинде ишемби күнү кол салуунун курмандыктарын эскерүү жыйыны. 28-октябрь, 2018-жыл.
Питтсбург университетинде ишемби күнү кол салуунун курмандыктарын эскерүү жыйыны. 28-октябрь, 2018-жыл.

Кошмо Штаттарда бүгүн Питтсбург шаарындагы синагогада ок аткан адам сотко жеткирилгени жатат.

Алгачкы соттук жараяндын алдында америкалык прокурорлор кандуу окуя үчүн айып коюлуп жаткан адамды өлүм жазасына тартууну суранганы жатышканын жарыялашты.

Эки күн мурда, 27-октябрда Пенсильвания штатындагы Питтсбург шаарынын синагогасында, жергиликтүү жөөт жамаатынын диний жөрөлгөсү учурунда ок атылып, кеминде 11 кишинин өмүрү кыйылган. Бул кол салуу антисемиттик кылмыш катары бааланууда.

Куралчан адам ичинде ок аткан синагога. Питтсбург, 28-октябрь, 2018-жыл.
Куралчан адам ичинде ок аткан синагога. Питтсбург, 28-октябрь, 2018-жыл.

Соңку эки күндөн бери Питтсбургдагы кол салуунун курмандыктарын Кошмо Штаттарда, Израилде, Ватиканда Рим папасы Франциск өткөргөн диний жөрөлгөдө, айрым Европа мамлекеттеринде да эскерип жатышты.

Ал эми Питтсбургдун өзүндө 28-октябрда жергиликтүү диний жамааттардын баарынын өкүлдөрү келген эскерүү иш-чарасына эки жарым миңдей киши катышты.

Учурда кандуу окуя боюнча тергөө иштери жүрүп жатат. Америкалык прокурорлор эми 29-октябрда сотко жеткириле турган кылмышка шектүү, 46 жаштагы Роберт Бауэрсти өлүм жазасына тартууну суранганы жатышканын билдиришүүдө:

Скот Брэди.
Скот Брэди.

​- Синагогадагы адамдарга кол салуу учурунда Бауэрс геноцид тууралуу айтып, жөөт улутундагыларды өлтүргүсү келерин билдирген. Полиция менен тирешүүдөн кийин ал акыр аягында багынып берди жана бүгүн федералдык түрмөдө отурат. Бауэрске жалпысынан 29 пункт боюнча федералдык айып коюлууда. Мунун 11и - диний ишенимин аткарып жаткан адамдарды өлтүрүү. Адамдарды өлтүрүү үчүн ал 11 ирет ок атуучу курал колдонгон. Мунун ар бири үчүн өлүм жазасын берүүгө болот. Ал жасаган кылмыштын акыркы жети пункту болсо өз өмүрүн тобокелге салып, Брауэрсти токтотууга аракеттенген полиция кызматкерлери менен байланыштуу. Ал каарман полиция кызматкерлеринин үчөө да Бауэрс аткан окко учкан, - деди Пенсильвания штатынын федералдык прокурору Скот Брэди.

Питтсбургдагы кол салуу үчүн күнөөлүү адамга алдыда өлүм жазасы сураларын АКШнын башкы прокурору Жефф Сэшнс да ишарат кылууда.

Кандуу окуя 27-октябрда, ишемби күнү эртең менен Питтсбурдагы жөөт ибадатканаларынын биринде ымыркайга ат коюу жөрөлгөсүнүн учурунда болгон. Күбөлөрдүн айтымында, кол салган адам “Жөөттөрдүн баары өлүшү керек!" деген сөздөрдү кыйкырган.

Бауэрстин огунан 11 адамдын өмүрү кыйылгандан тышкары дагы алты киши жарадар болгон. Кол салуу жек көрүүнүн негизинде жасалган кылмыш катары кабыл алынды.

Президент Дональд Трамп окуяны ал түгүл “антисемиттик кылмыш” деп атады.

- Бул жапырт киши өлтүрүү - айдан-ачык кастык жана жек көрүү. Мындайды элестетүү, ишенүү мүмкүн эмес. Бул антисемиттик аракет. Жек көрүүнүн ууусуна шыкалган мындай антисемитизм кайсы жерде пайда болсо да каршылык көргөзүлүп, айыпталышы керек. Америкада антисемитизм жана диний жек көрүүнүн кандай формасы болбосун келишүү мүмкүн эмес, силер муну билесиңер, - деди президент Дональд Трамп Индианополис шаарында жактоочулары менен жолугуп жатып.

Кан төгүүнү АКШдан эки партиянын саясатчылары, дүйнө лидерлери, Бириккен Улуттар Уюму айыптады.

Конгресстин мүчөлөрүн шайлоо алдында болгон бул окуя АКШда куралды көзөмөлдөө маселеси боюнча талкууларды да кайра жандантты.

Кол салуунун курмандыктарын эскерүү жөрөлгөсү. Питтсбург, 27-октябрь, 2018-жыл.
Кол салуунун курмандыктарын эскерүү жөрөлгөсү. Питтсбург, 27-октябрь, 2018-жыл.

The New York Times басылмасы белгилегендей, Питтсбурдагы кол салуу АКШда диний жайларда акыркы үч жылда үчүнчү ирет ок атылышы болду. Былтыр ноябрда Техас штатындагы чиркөөдө куралдуу адам 26 кишинин, 2015-жылы Түндүк Каролина штатындагы чиркөөдө тогуз кишинин өмүрүн кыйган.

The New York Times келтирген маалыматтарга караганда, 2017-жылдын статискасы АКШда былтыр антисемиттик мүнөздөгү инциденттер 57% өскөн. Бул антисемиттик багыттагы кылмыштар өкмөттүк эмес уюм (Anti-Defamation League) тарабынан каттоого алына баштаган 1979-жылдан берки эң жогорку көрсөткүч.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG