Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Август, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:02

Судья камалганы үчүн жазуучунун соту белгисиз мөөнөткө жылды


Олжобай Шакир.
Олжобай Шакир.

Олжобай Шакирдин соту ишти караган соттук коллегиянын мүчөлөрүнүн бири өткөн аптада коррупцияга шек саналып камалганы үчүн белгисиз мөөнөткө жылып кетти.

Өлкөнүн эгемен тарыхында соттолгон алгачкы жазуучу Олжобай Шакирдин ишинде эмне өзгөрүү бар?

“Мыйзамсыз чечим чыккан”

8-июлда Чүй облустук сотунда жазуучу, публицист Олжобай Шакирдин адвокаттарынын Аламүдүн райондук сотунун өкүмүнө каршы жазган апелляциялык арызы боюнча сот отуруму болбой калды.

Бул тууралуу “Азаттыкка” жазуучунун адвокаты Бакытбек Автандил уулу билдирди. Анын айтымында, Олжобай Шакирдин ишин карай турган соттук коллегиянын бир мүчөсү Улукбек Калыбеков жакында эле пара алууга шек саналып кармалган. Ушундан улам жазуучунун иши башка судьяга өтүп, соттук жараян белгисиз мөөнөткө жылды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Чүй облустук сотунун судьялары Улукбек Калыбеков менен Тилек Абдырашитовду Кылмыш-жаза кодексинин “Кылмышка кошо катышуулардын түрлөрү”, “Опузалап пара алуу”, “Пара алуу” жана “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренелери менен айып коюп кармаган.

Бакытбек Автандил уулу.
Бакытбек Автандил уулу.

“Олжобай Шакирдин иши боюнча буга чейин Аламүдүн райондук соту тарабынан такыр эле негизсиз, мыйзамсыз чечим чыккан деп эсептейбиз. Анткени ал жерде Шакирдин айыпталышына тиешелүү эң маанилүү аргумент, далил жок болуп кеткен. Видео далилдер үч материалдан тиркелген эмес. Башка эле кылмыштын курамы жок видеодалилдер изилденип, ошонун гана негизинде сот мыйзамсыз чечим чыгарган. Албетте, бул өкүмдү алдыда Чүй облустук соту өзгөртүүгө тийиш”, - деди адвокат Бакытбек Автандил уулу.

14-майда Чүй облусунун Аламүдүн райондук соту калемгер Олжобай Шакирди “Массалык башаламандыктар” беренеси менен күнөөлүү деп таап, беш жылга эркинен ажыраткан. Прокурор соттон аны жети жылга абакка кесүүнү сураган. Тогуз айга чукул тергөө абагында отурган Шакир өзүнө тагылган айыпты моюнуна алган эмес. Сотто акыркы сөзүн сүйлөп жатканда ал онлайн митинг уюштуруп, эл менен бийликти диалогго чакыргысы келгенин айткан. Адвокаттары көз карандысыз экспертизанын бүтүмүнө көңүл бурууга чакырып, политологиялык экспертиза чукул чыгарылганын билдиришкен.

2023-жылы 23-августта кармалган Шакир ошондон бери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурат.

“Олжокем сынган жок”

Жазуучунун жубайы Назгүл Бейшеке жолдошунун учурдагы абалын, алдыда облустук соттон күтүп жаткан чечим тууралуу буларды айтты:

“Үмүт деген үзүлбөйт экен да. Ансыз деле Олжобайдын күнөөлөрү сотто далилденген жок. Ошол эми. "Кемпирабадчылардын" баарын кармоого эч негиз жок деп камактан чыгарышты. Олжокемди да ошентип эле чыгарып коюшат деген үмүттө турам. Үй камагына чыгарбай биротоло актап эле коёт деген үмүт. Жолдошум отурарын отуруп берди. Ага өткөн ишемби күнү кирип чыктым. Маанайы жакшы. Биздин жеңишибиз ошол - Олжокем сынган жок. Чыгарма жазууну токтоткон жок. Камалгандан бери эле ыр, күндөлүгүн жазып келет. Азыр ушу тапта да олуттуу зор чыгарманын үстүндө иштеп жатыптыр. Өзүн жакшы кармады”.

Олжобай Шакир жана жубайы Назгүл Бейшеке.
Олжобай Шакир жана жубайы Назгүл Бейшеке.

Чыгармачыл чөйрөдө жазуучу, акын, публицист катары таанымал Олжобай Шакир 2017-жылдары “РухЭш” коомдук агартуу багытындагы жеке сайтын негиздеген. Сайт уюштурган "Улут үлгүсү" жана "Улут абийири" сыйлыктары коомчулукта кадыр-баркка ээ, коомчулуктун көйгөйүн көтөрүп келген ишмерлерге берилип келет.

Жазуучу жана акын Шакир - "Үшкүрүк", "Өзүм менен өзүм" аттуу поэтикалык жыйнактардын; повесть, аңгемелерден турган "Эски тегирмендин орду" жыйнагынын жана тарыхый темада жазылган "Куюн доор" романынын автору. 2021-жылы ЛГБТ чөйрөсүнүн өкүлдөрү кабылган оор тагдырды чагылдырган “Адам+” аттуу повестин чыгарган.

Мындан сырткары котормо менен да алектенип, "Күмүш сырга", "Алтын сырга" деп аталган дүйнө ойчулдарынын афоризмдер жыйнагын кыргызчалаган.

“Кызматты бекер берсе албаган киши”

Төкмө акын Мундузбек Усупбек уулу быйыл жыл башында устаты Элмирбек Иманалиевге арналган айтыш-концертте Олжобай Шакир боюнча да маселе көтөргөн. Төкмө акын алдыда калемгер акталышы керек деген пикирде:

Мундузбек Усупбек уулу.
Мундузбек Усупбек уулу.

“Олжобай Шакир агабыздын бир жыл камакта олтурганы эле жетиштүү деп ойлойм. Аны бошотуп эле коюшса болмок. Анын үстүнө ага “массалык башаламандык”, “бийликти басып алууга чакырык” деген беренелер негизсиз коюлган деген пикирдемин. Шакир - алардын креслосун бекер берсе да албай турган киши. Өзүнүн чыгармачылыгы менен иш кылып келе жатат. Жөн эле камап, оозун жаап коюшту. Кылмыш кылган жок эч кандай. Болгону пикирин эркин билдириптир. Анан сүйлөп койгону үчүн беш жыл камалганы туура эмес чечим болду. Сөзсүз акталышы керек”.

Олжобай Шакир деген адабий ат менен таанылган Олжобай Эгембердиев камакка алынганга чейин Фейсбуктагы баракчасы аркылуу бийликтин дарегине ачуу сын-пикирлерди айтып келген. Соңку ирет Ысык-Көлдөгү төрт пансионатты Өзбекстанга башкарууга берүүгө каршы чыккан. Президент Садыр Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевди ачык маекке чакырып жүргөн. 31-августта борбор калаада нааразылык акциясын өткөрүү демилгесин көтөргөн.

  • 16x9 Image

    Максат Жангазиев

    "Азаттыктын" кабарчысы. 2015-жылы КУУнун филология факультетин, 2020-жылы КМЮАнын башкаруу жана укук факультетин аяктаган. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты. "Жүрөк үнү" аттуу ыр жыйнактын автору.

Facebook Forum

Тектеш

XS
SM
MD
LG