Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:17

Динзе: ФСБ Азимовду камоо үчүн сценарий түзгөн


Акрам Азимов ушул жылдын апрель айында ФСБ тарабынан Москвада кармалган.
Акрам Азимов ушул жылдын апрель айында ФСБ тарабынан Москвада кармалган.

Орусиянын Санкт-Петербург шаарындагы быйыл апрелде болгон терактты уюштурду деп айыпталган Акрам Азимов Орусиянын Федералдык Коопсуздук кызматынын «жашыруун абагында» кыйноого алынып, ага тагылган айыптарды моюнуна алууга аргасыз болгонун анын адвокаты Ольга Динзе «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун орус кызматына берген маегинде айтты.

Адвокат Ольга Динзе Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматына тиешелүү делген бул жашыруун түрмө тууралуу маалыматты текшерүү боюнча арыз менен Башкы прокуратурага кайрылган. 3-апрелде Питердин метросундагы жардыруудан 14 адам каза таап, элүүгө жакын адам жараат алган. Тергөө Кыргызстанда туулуп-өсүп, кийин Орусиянын жарандыгын алган 22 жаштагы Акбаржан Жалилов жардырууда жанкечти болгон деп аныктаган. Кийин Орусиянын атайын кызматтары терактты уюштуруучу катары теги кыргызстандык Аброр Азимов менен анын иниси Акрам Азимовду камакка алган. Ольга өз сөзүн Акрамдын ишин кантип алып калганынан баштады.

Ольга Динзе: Бизге алгач Аброр менен Акрам Азимовдордун туугандары кайрылып, жардам сурашты. Биз көпкө бул кылмыш ишине кирише албай аттык, анткени ар кандай жолдор менен, тергөөчүлөр да, убактылуу абак-жайдын жетекчилери да бизди ага-инилерге жолуктурбай жатышты. Акыры жолукканда Акрам Азимов Кыргызстандын атайын кызматтары тарабынан кармалганы белгилүү болду. Андан соң ал катуу кайтаруу менен 2017-жылдын 15-апрелинде Москвага жеткирилген. Учактан түшкөндөн кийин эле көзүн таңып автоунаа менен бир жакка алып барышкан. Ал болгону жер төлөөгө түшүп бараткандагы тепкичтерди көргөн. Ал жактан тамак, атургай суу бербей кыйнашкан.

Кийин тергөөчүгө айтып бере турган көрсөтмөлөрдү жаттатырышкан. Аларга жакпаган, туура эмес жоопторду бергенде онго чейин санап туруп, ток менен урдурушкан. Акрам улам эсин жоготуп жыгылганда, эсине келишин күтүп, кайра кыйноолорун улантышкан. Кыйноолор муну менен эле чектелбей, балдарынын, аялынын өмүрү менен коркутушуп, «аялыңды зордуктайбыз» дегенге чейин барышкан.

Ошентип ал жерде төрт сутка кармаган соң, Акрамды дагы эле көзүн таңган бойдон автоунаа менен башка жакка алып барышып, колдорун чөнтөгүнө салып, унчукпай отурууну буйрушкан. Алар ошондой эле ага «кызматкерлер» барып, машинеге салып кетерин айтышкан. Көрсө бул баягы биз көргөн интернетке чыккан жасалма съемканын сценарийи экен. Ал видеодо Акрам аялдамада отурат, ал эми анын жанындагы сумкада граната табылган эле.

Ошондой эле Акрамдын сөзүнө караганда, ага ФСБнын өкүлдөрү төрт размерге чоң бут кийим кийгизип коюшкан. Ал кийип турган кийимдин айрымдарын, граната салынган сумканы да ФСБнын өкүлдөрү беришкен. Бул атайын алдын ала уюштурулган кармоо процессинен кийин аны машинеге отургузушуп, колдорун артка кайрышып, кишен тагышкан. Андан соң колуна гранатаны карматышып, манжаларын издерин түшүртүп алышкан. Ошондон кийин гана Тергөө комитетине жеткиришкен.

Ал жакта тергөөчүдөн башка адвокат жана котормочу бар болчу. Адвокат унчукпай эле фильмдерди көрүп, котормочу менен тамашалашып отурган. Акрамдын айтымында, ал келгенге чейин эле анын «көрсөтмөлөрү» кагазга терилип, даярдалган экен. Тергөөчү жөн гана тактоо иретинде бир-эки суроо берген. Ошондой эле аны кыйноого алган ФСБнын кызматкери, аны Акрам үнүнөн, баскан-турганынан эстеп калганын айтат, аялына чалып өз ыктыяры менен Москвага келгенин айтууну буйруган.

Акрам аялына чала албай, энесине чалып, телефондун үнүн катуу чыгарып «Апа, мен өзүм Москвага келдим» деп айтканда, энеси «Мен сага ишенбейм» деп жооп берген. Сүйлөшүү орус тилинде жүргөн.

"Азаттык": Азыр ага-ини Аброр менен Акрам Азимовдор кайда жана алар өзүлөрүн кандай сезип жатышат?

Ольга Динзе: Алар дароо эле «Лефортово» тергөө изоляторуна камакка алынган. Акрамга ушул күнгө чейин ФСБнын оперативдик кызматкерлери келип турушат. Алардын бири Акрамды кыйноого алган. Биз Башкы прокуратурага кайрылуу жөнөткөндөн кийин алар тез-тез келип, Акрамга психологиялык басым жасоону, үй-бүлөсүн жок кылабыз деп коркутуп-үркүткөндөрүн күчөтүштү.

Бизге белгилүү болгондой ушул эле маалда, Кыргызстандын атайын кызматынын өкүлдөрү Жалал-Абаддагы анын аялына барышып, орус тилинде “Бейиште жолугабыз” деген бир сүйлөмдү жазып берүүнү талап кылышкан. Бирок аялы орусча билбегендиктен, Акрамдын энеси келини мындай сүйлөмдү жаза албасын жана уулу баары бир ишенбестигин айткан. Биз бир нече ирет тергөөчүнүн атына арыз жазып, оперативдүү кызматкерлерди Акрамга киргизбөөнү өтүнгөнбүз. Бирок тергөөчү биринчи жолкусунда биздин суранычты четке каккан. Экинчи жообун күтүп жатабыз.

"Азаттык": Силер бул жашыруун түрмө кайда экенин аныктоого аракет кылдыңарбы? Анткени бул тууралуу бир эле Аброр менен Акрам Азимовдор эмес, башка кармалышкандар да айтып келишпеди беле?

Ольга Динзе: Ооба, биз аныктаганга аракет кылдык. Аларды алып барган убакытка караганда бул жашыруун түрмө Теплый стан районунун аймагында, Подольскто же Лубянкада болушу ыктымал.

Акрам Азимовдун Кыргызстанда кармалганы тууралуу маалыматтар мурда эле айтылган. Бирок бул маалыматты Кыргызстандын Ички иштер министрлиги ырастаган да, төгүндөгөн да эмес.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG