Текебаев: Тарых алдында эбегейсиз бийликке ээ Жапаровдукунан кем эмес Ташиевдин жоопкерчилиги бар
Жогорку Кеңештин депутаттык мандатын кайтарып алган “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев парламентте сүйлөгөн сөзүндө Садыр Жапаровго кайрылып, "президенттик, өкмөттүк, керек болсо парламенттик" бийлик эле эмес, элдин ишениминен, үмүтүнөн турган эбегейсиз бийликке ээ болгонун белгиледи. Бул эбегейсиз чоң жүк экенин айтып, парламенттик шайлоого чейин Жапаровдун идеяларын ишке ашырууга көмөктөшүүгө депутаттарды чакырды.
Депутат Текебаев ошондой эле Жапаровду саясий олимптин чокусуна жеткирген досу, саясатчы Камчыбек Ташиевди белгилеп, анын тарых алдындагы жоопкерчилиги Садыр Жапаровдукунан кем эмес экендигин белгиледи:
“Илгери госсекретарь деген кызмат бар эле. Мен бүгүн Ташиевдин кызматын “доссекретарь” деп айтар элем. Госсекретарга эскертүү, сөгүш берип, жумуштан бошотсоң болот эле. "Доссекретарды" алмаштыра, кутула албайсың. Буга чейин Акаев, Бакиев, Атамбаев, Жээнбековдун трагедиясынын негизги себеби эбегейсиз бийликти өз колуна жыйнап, анын үзүрүн эл эмес, жакын достору жана туугандары көргөндүгүндө болгон. Аларды аңга, жарга ошол жакындары, достору түрткөн. Бул Садыр Нуркожоевич, сизге, сиздин командага чоң сабак болушу керек. Ошондуктан, Камчыбек Кыдыршаевич, сиздин жоопкерчилигиңиз Садыр Нуркожоевичтикинен тарых алдында кем эмес, балким, андан да жогору”.
Кыргызстанда 4-октябрда кезектеги парламенттик шайлоо өткөн. Анын жыйынтыгына нааразы саясий партиялар эртеси күнү Бишкекте митинг өткөрүп, башаламандык башталган. 15-октябрда президент отставкага кетерин жарыялаган. Ошол эле күнү премьер-министр Садыр Жапаров мамлекет башчынын да милдетин аткарарын, себеби парламент спикери Канатбек Исаев бул милдетти аткаруудан баш тарканын жарыялаган.
Жогорку Кеңеш 16-октябрда Жээнбековдун отставкасын кабыл алды.
Шайлдабекова: кайра шайлоо 20-декабрга белгилениши мүмкүн
Кыргызстанда Жогорку Кеңешке кайра шайлоо 20-декабрга белгилениши ыктымал. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова 16-октябрда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында президенттин отставкасы боюнча маселе каралган учурда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.
"Парламенттик кайра шайлоону БШК дайындайт. Ал дайындалган күндөн тартып эки ай ичинде өтүшү керек", - деген Шайлдабекова Боршайкомдо кайра шайлоо 20-декабрга дайындоо тууралуу план бар экенин кошумчалады.
БШКнын төрайымы журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып конституциялык мыйзам боюнча учурда президенттин милдетин аткара баштаган премьер-министр Садыр Жапаров мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоого катыша албай турганын айтты.
"Мөөнөтүнөн мурда боло турган президенттик шайлоону Жогорку Кеңеш дайындайт. Кеңешме жүргүзүлөт. Мыйзамдарда чектөө жок. Бирок ал кеңешме аркылуу чечилиши керек. Мөөнөтүнөн мурдагы президенттик шайлоо үч ай аралыгында өтүүгө тийиш. Эки субъект дайындайт, ошолор кеңешип чечет", - деди Шайлдабекова.
4-октябрдагы парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына каршы 5-октябрда башталган нааразылык митинги башаламандыкка айлангандан кийин Кыргызстанда саясий кризис башталган.
Мыйзамга ылайык, кайра шайлоо өткөнгө чейин азыркы парламент легитимдүү бойдон кала берет.
Жапаров: Шайлоо босогосун төмөндөтүп, депутаттардын санын азайтуу керек
Жогорку Кеңештин 16-октябрдагы кезексиз жыйынында Кыргызстанда парламенттик шайлоодогу пайыздык босого, күрөө тууралуу маселе бир нече жолу көтөрүлдү. Жыйынга катышып жаткан өкмөт башчы жана президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров азыркы жети пайыздык чекке каршы экенин айтты:
“Үч пайыз өтө эле ылдый болуп калат го, беш пайызга түшүрсөк болот. Беш миллиондук күрөөнү бир миллионго түшүрсөңөр деген сунушум бар. 120 деген санды 70-90го түшүрүп, андан кийин конституциялык реформага барсак туура болот”.
Депутат Өмүрбек Текебаев да шайлоо босогосу боюнча эрежени өзгөртүү керектигин айтты:
"Биринчи кезекте шайлоо босогосун жетиден үч процентке түшүрүп, шайлоо күрөөсүн азайтыш керек. Бул жаш, жаңы, карапайым саясий күчтөрдүн парламентке келишине жол ачат".
Депутат Төрөбай Зулпукаров да парламентке өтүү үчүн азыркы пайыздык босогону өзгөртүш керек деп эсептерин айтты:
“Мен 11 пайызга көтөрүш керек деп келген элем. Оюмдан кайттым. Себеби элдин талабы ушундай экен. Аны үч пайызга түшүргөн туура эле болот. Мыйзамга өзгөртүү киргизишибиз керек”.
Ошону менен катар Зулпукаров бир эле адам Жогорку Кеңешке эки жолудан ашык депутат боло албайт деген норманы киргизүү керек деген оюн билдирди.
Депутат Алтынбек Сулайманов да буга чейин айтылган сунушун талкуулоого чакырды. Ал 14-октябрда шайлоо босогосун жети пайыздан үч пайызга, беш миллион сомдук күрөөнү бир миллионго түшүрүү, №2 форманы жок кылуу керектигин айткан болчу.
Дагы бир депутат Махабат Мавлянова сөзүндө пайыздык босогону эки же үч кылууну эмес, партиялык система аркылуу шайлануу ыкмасын кайра карап чыгуу актуалдуу экенин белгиледи.
Азыркы мыйзам боюнча Кыргызстанда парламентке өтүү үчүн шайлоого катышкан партиялар жалпы добуштардын жети пайызынан көбүн алышы зарыл. 4-октябрдагы кезектеги парламенттик шайлоодо мындай чектен 16 партиянын төртөө гана өтө алган. Эртеси күнү Бишкекте башталган нааразылык акциясы өлкөнү саясий кризиске алып келген.