Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:56
Садыр Жапаров. 16.10.2020.
Садыр Жапаров. 16.10.2020.

Жапаров жаңы реформа баштай тургандыгын шардана кылды

Учурда Кыргызстандын өкмөт башчысы жана президенттин милдетин аткаруучу болуп иштеп жаткан мурдагы оппозициячыл саясатчы Садыр Жапаров өлкөдө реформалар боло тургандыгын тастыктады.

4-октябрдагы парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына каршы 5-октябрдагы нааразылык митинги башаламандыкка жана элдик толкундоого айлангандан кийин Кыргызстанда саясий кризис башталган.

Бир жумага созулган нааразылык иш-чараларынан соң президент Сооронбай Жээнбеков өз арызы менен 15-октябрда кызматтан кетти. Анын арызын Жогорку Кеңеш 16-октябрда кабыл алды.

Кыргызстандын Баш мыйзамына ылайык, президент кызматтан кеткенде анын милдетин убактылуу Жогорку Кеңештин төрагасы аткарышы керек. Бирок учурдагы ЖК төрагасы Канатбек Исаев бул кызматты өз каалоосу менен аткаруудан баш тартаарын билдирген.

16-октябрдан тарта президенттин милдетин да аткарууга киришкен өкмөт башчы Садыр Жапаров 5-6-октябрдагы окуялардан соң, 6-октябрда тарапташтары тарабынан абактан бошоп чыккан.

Садыр Жапаровдун өлкөдө реформалар боло тургандыгын, жемкорлорго каршы күрөш чыңдалаарын шардана кылышын анын тарапкерлери шаттана колдоп чыгышты, ал эми анын сынчылары болсо эгерде ал кеңири демократиячыл катмарлар менен кызматташа албаса жана алдыдагы парламенттик шайлоонун таза өтүшүн камсыз кылбаса, анда анын реформа аракети туңгуюкка кептелиши ыктымал деген күмөндөнгөн пикирлерин билдиришүүдө.

16:00 14.10.2020

Садыр Жапаров: Криминал түп тамыры менен жоголот, саясий куугунтук болбойт

Премьер-министрликке шайланган Садыр Жапаров Кыргызстанда криминалды түп тамырынан жок кылат, саясий куугунтукка жол бербейт. Бул тууралуу ал 14-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешевдин суроолоруна жооп берип жатып айтты:

“Криминал деген түп тамыры менен жок болот. Катуу күрөшөбүз. Жок болот криминал. Келгиле, өнүккөн өлкөлөр сыяктуу криминалды жок кылып, таза, өнүккөн мамлекетти түзөлүчү. Силер жардам бергилечи мага. Саясий эч кандай куугунтук болбойт. Мен сиздерге сөз берем. Саясий куугунтуктан мен, менин үй-бүлөм жана бир туугандарыбыз, баарыбыз жон терибиз менен өттүк. Саясий куугунтуктан, адилетсиздиктен менчелик өткөн араңыздарда бир да адам жок болушу керек”.

14-октябрда Жогорку Кеңеш Садыр Жапаровду премьер-министр кылып шайлап, өкмөттүн курамын жана түзүмүн бекитти. Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин депуттарынын бир бөлүгүнүн кароосуна 6-октябрдагы жана 10-октябрдагы программасын парламентке толуктап алып келүүнү убада кылды.

16:02 14.10.2020

16:05 14.10.2020

Депутат Акаев Садыр Жапаровду тарапкерлерин тыюуга чакырды

Жогорку Кеңештин 14-октябрдагы кезексиз сессиясында КСДП фракциясынын депутаты, 4-октябрдагы парламенттик шайлоодо «Ата Мекен» партиясынан талапкер болгон Жанарбек Акаев премьер-министр Садыр Жапаровго кайрылып, өкмөткө сын айткан оппозициячыл саясатчыларды куугунтуктабай, алардын сынана көңүл буруп иш алып барууга чакырды.

«Бүгүн биз сизге кемчиликтерди ачык айтып, ката кетирсеңиз көзүңүзгө сайын көрсөтүп турушубуз керек. Оппозиция сөзсүз керек. Сын айтып койгон адамды куугунтуктагандардын тагдыры эмне болгонун билесиз. Эгер сиз туура иштеп, өлкөдө өнүгүү болсо, биз сизди кош колдоп колдоого даярбыз. Бирок кемчилик кетирсеңиз аны сындап турушубуз керек. Мактап-мактап, жардан ары түртүп тургандардан абайлашыңыз керек. Туруктуулук үчүн биз сизди колдоп беребиз. Эми легитимдүү премьер-министр болосуз. Азыр көпчүлүк эл сизди колдоп турат. Муну тана албайбыз. Ошол эле убакта көчөгө 20 миңдеген жаштар, эл, 13 саясий партиянын өкүлдөрү, саясий күчтөр чогулуп, калыстыкты талап кылып чыкпаганда, сиз азыр түрмөдө болот элеңиз. Ошолорду душман көрбөңүз», - деген Жанарбек Акаев окуяда жаракат алган миңден ашык адамга компенсация берүү маселесин кароого үндөдү.

Садыр Жапаров компенсация маселеси каралып жатканын билдирди.

Мындан тышкары Жанарбек Акаев Садыр Жапаровду тарапкерлерине кайрылып, ар кандай радикалдуу коркутуп-үркүтүүнү токтотууга чакырды.

«Мына, Аида Камчыбековна туура маселени айтты. Сиз бүгүндөн калбай тарапкерлериңизге кайрылып, «менин ишимди сындап аткандар болсо аларга калыс мамиле кылгыла, ар кандай радикалдуу күчтөр менен коркуткан туура эмес» деп, өзүңүздүн сөзүңүздү айтып койсоңуз, саясий күчтөр да, баары ыраазы болот эле», - деди ал.

Садыр Жапаров сын айткандарды колдой турганын билдирип, «туура эмес кылсам сындагыла, сын айткан сайын адам түзөлөт» деп жооп берди.

16:06 14.10.2020

Адвокат: Темирлан Султанбековду сот үй камагына чыгарды

Шаардык сот «Социал-демократтар» партиясынын мүчөсү Темирлан Султанбековду үй камагына чыгарууга макул болду. Бул тууралуу 14-октябрда «Азаттыкка» анын адвокаты Чынара Жакупбекова билдирди:

«Үй камагына чыкты. Азыр чечимди алып, милициянын убактылуу кармоочу жайынан чыгарып келебиз. Мыйзам боюнча, мөөнөтү 10-декабрга чейин болуш керек».

22 жаштагы Темирлан Султанбеков 4-октябрдагы парламенттик шайлоого катышкан. Ал Бишкектеги жапырт башаламандыкка байланыштуу 10-октябрда козголгон кылмыш ишинин негизинде Кой-Таш айылында кармалган.

11-октябрдан тартып ачкачылык жарыялаганын журналисттерге айткан.

12-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту Султанбековду №1 тергөө абагына эки айга камоону чечкен.

Жаш саясатчы кармоо учурунда сабалганын жана кыйноого кабылганын 12-октябрда Кыйноого каршы улуттук борбордун мүчөлөрү менен жолугушууда билдирген.

Султанбеков бошотулушу керек экенин бир топ саясатчылар айтып чыгышкан жана бул суроо жаңы шайланган өкмөт башчыга да, парламент спикерине да берилген.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG