Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:46
Садыр Жапаров. 16.10.2020.
Садыр Жапаров. 16.10.2020.

Жапаров жаңы реформа баштай тургандыгын шардана кылды

Учурда Кыргызстандын өкмөт башчысы жана президенттин милдетин аткаруучу болуп иштеп жаткан мурдагы оппозициячыл саясатчы Садыр Жапаров өлкөдө реформалар боло тургандыгын тастыктады.

4-октябрдагы парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына каршы 5-октябрдагы нааразылык митинги башаламандыкка жана элдик толкундоого айлангандан кийин Кыргызстанда саясий кризис башталган.

Бир жумага созулган нааразылык иш-чараларынан соң президент Сооронбай Жээнбеков өз арызы менен 15-октябрда кызматтан кетти. Анын арызын Жогорку Кеңеш 16-октябрда кабыл алды.

Кыргызстандын Баш мыйзамына ылайык, президент кызматтан кеткенде анын милдетин убактылуу Жогорку Кеңештин төрагасы аткарышы керек. Бирок учурдагы ЖК төрагасы Канатбек Исаев бул кызматты өз каалоосу менен аткаруудан баш тартаарын билдирген.

16-октябрдан тарта президенттин милдетин да аткарууга киришкен өкмөт башчы Садыр Жапаров 5-6-октябрдагы окуялардан соң, 6-октябрда тарапташтары тарабынан абактан бошоп чыккан.

Садыр Жапаровдун өлкөдө реформалар боло тургандыгын, жемкорлорго каршы күрөш чыңдалаарын шардана кылышын анын тарапкерлери шаттана колдоп чыгышты, ал эми анын сынчылары болсо эгерде ал кеңири демократиячыл катмарлар менен кызматташа албаса жана алдыдагы парламенттик шайлоонун таза өтүшүн камсыз кылбаса, анда анын реформа аракети туңгуюкка кептелиши ыктымал деген күмөндөнгөн пикирлерин билдиришүүдө.

16:20 14.10.2020

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков Кыргызстанда түзүлгөн кырдаалдан чыгуунун, коомду бириктирүүнүн жана абалды турукташтыруунун жолдорун сунуш кылды.

Жээнбековдун пикиринде, бийликтин алгачкы кадамы - саясий куугунтуктоону токтотушу зарыл. Экинчи кадам катары ал соттор бийликтин буюртмасы менен эмес, калыс иштеши керек экенин билдирди.

Мындан тышкары Жээнбеков күч түзүмдөрү саясатчыларды жана жарандык активисттерди куугунтуктоосун токтотушу зарыл болорун белгилеп, 5-октябрдагы окуя камоо, куугунтуктоо жана коркутуп-үркүтүү өлкөнүн жана бийликтин көйгөйлөрүн чечпей турганын көрсөткөнүн кошумчалады.

Ошону менен катар саясатчы парламенттин жаңы төрагасы, жаңы өкмөт башчы жана президент өзгөчө ой жүгүрткөн жарандык активисттерге, саясий оппоненттерине, журналисттерге жана жалпыга маалымдоо каражаттарына сый мамилени сөз менен эмес, иш жүзүндө көрсөтүшү зарыл экенин белгиледи.

Жээнбеков Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып, 2019-жылдын 12-декабрында камакка алынган. Ал Бишкектеги №1 тергөө абагында отурган. «Жарандык көзөмөл комитети» уюму аны саясий туткун деп тааныган.

16:43 14.10.2020

Жээнбеков Жапаровду жана өкмөттү дайындоо тууралуу жарлыкка кол койду

Президент Сооронбай Жээнбеков өкмөт башчысын жана мүчөлөрүн дайындоо тууралуу жарлыкка кол койду. Жарлык президенттин сайтына жарыяланды.

Жогорку Кеңештин 14-октябрдагы чукул жыйынында Садыр Жапаров Кыргызстандын өкмөт башчылыгына бир добуштан шайланып, өкмөттүн сунушталган курамы жана түзүмү жактырылган. Жапаров депутаттардын алдында сүйлөп жатып өкмөттүн курамында 15-20% өзгөрүү болорун билдирген.

— Жапаров Садыр Нургожоевич Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматына;

— Новиков Артем Эдуардович Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри кызматына;

— Мамытканов Максат Сүйүналиевич Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри кызматына;

— Исмаилова Аида Жекшенбаевна Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри кызматына;

— Сабиров Равшанбек Азатович Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри кызматына;

— Аманбаев Бактыбек Абдилашимович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчиси — министри кызматына;

— Казакбаев Руслан Айтбаевич Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри кызматына;

— Ниязбеков Улан Омоканович Кыргыз Республикасынын ички иштер министри кызматына;

— Жаманкулов Марат Тургунбаевич Кыргыз Республикасынын юстиция министри кызматына;

— Мукашев Кыялбек Белекович Кыргыз Республикасынын каржы министри кызматына;

— Муканбетов Санжар Турдукожоевич Кыргыз Республикасынын Экономика министри кызматына;

— Чодуев Эркинбек Урайымович Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри кызматына;

— Бердалиев Бакыт Чырмашбаевич Кыргыз Республикасынын транспорт жана жолдор министри кызматына;

— Ажикеев Бообек Эргешович Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри кызматына;

— Бейшеналиев Алмазбек Бейшеналиевич Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри кызматына;

— Бейшеналиев Алымкадыр Савирдинович Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министри кызматына;

— Кадырбеков Нуржигит Кадырбекович Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри кызматына;

— Кочкоров Улукбек Тойчубаевич Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүгүү министри кызматына;

— Сагынбаев Жыргалбек Калмуратович Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматына;

— Исмаилов Алтынбек Жапарович Кыргыз Республикасынын маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматына дайындалышты.

4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийин Кыргызстанда саясий кризис башталган. Буга чейин парламенттин бир катар депутаттары эки жолу чукул жыйынга чогулуп, өкмөт башчылыкка 6-октябрга караган түнү абактан бошотулган мурдагы депутат Садыр Жапаровду бекиткенин жарыялаган. Бирок ошол чечимдердин мыйзамдуулугу суроо жараткандыктан бүгүн маселе Жогорку Кеңеште кайрадан каралган.

17:01 14.10.2020

Жапаров: Жээнбековго отставкага кетип, экс бойдон калуусун сунуш кылам

Бүгүн Өкмөт үйүнүн алдында акцияга чыккандардын президент Сооронбай Жээнбековдун кызматтан кетүүсү тууралуу талаптары мамлекет башчынын өзү менен талкууланат.

Бул тууралуу 14-октябрда премьер-министр болуп бекитилген Садыр Жапаров журналисттердин “Сиз тарапташтарыңыздын президенттин отставкасы боюнча талабын колдойсузбу?” деген суроосуна жооп берип жатып төмөнкүлөрдү айтты:

“Тарапташтарымды мен чакырган жокмун. Алар менин эле тарапташтарым эмес. Бүткүл кыргызстандыктар деп билсеңиздер болот. Бүткүл кыргызстандыктардын талабы – президент кетсин, шайлоо жокко чыксын деп келип жатышат. Анан, үчүнчү талабы – Садыр Жапаровду отургузуп келели деген талап менен чыгышкан. Мен бүгүн президентке жолугам. Бул маселени чечебиз. Бүгүн аягына чыгарабыз. Мындан ары туруктуулук болушу керек. Менин оюмча, эң биринчи келишимге келишибиз керек. Ал мыйзамдуу жолго салынгандан кийин арызын жазып кетерин, экс бойдон каларын айткан. Мен ошол чечимди сунуш кылам. Кандай кабыл алат, өзүнүн иши”.

Мурдагы депутат, 6-октябрда абактан чыккан Садыр Жапаров бүгүн премьер-министр болуп дайындалды. Буга чейин ал президент менен жолукканын, Жээнбеков абал турукташса отставкага кетүүгө даяр экенин билдиргенин айткан.

17:11 14.10.2020

Жапаров: Матраимов Кыргызстандан чыгып кеткен деген маалымат бар

Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимов Кыргызстандан чыгып кеткен деген маалымат бар. Бул тууралуу 14-октябрда “Азаттыктын” суроосуна жооп берип жатып премьер-министр Садыр Жапаров билдирди:

“Матраимов боюнча менде маалымат жок. Такталбаган маалымат боюнча, ал өлкөдөн чыгып кетти деп жатышат. Эртеси эле күнү чыгып кетти деп мага маалымат беришкен. Мен билбейм. Аны Чек ара кызматы билиши керек. Расмий эмес, мындай чыгып кеткен деп жатышат”.

Райымбек Матраимов.
Райымбек Матраимов.

«Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору», (OCCRP) анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» медиасы чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо», «Көмүскө акча ташыгандар кербени» деген иликтөөлөр жарыяланган. Иликтөөдө ал иштерге Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тиешеси бар болушу ыктымалдыгы айтылган.

Бул иликтөөлөргө байланыштуу Райымбек Матраимов, анын Жогорку Кеңештеги агасы, депутат Искендер Матраимов, алардын жубайлары жана үй-бүлөлүк «Ысмайыл Матраимов атындагы фонд» үч медианы сотко берген. 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо жеңген төрт партиянын ичинен экинчи орунга чыккан "Мекеним Кыргызстан" саясий партиясы Матраимовдордун колдоосу менен шайлоого барганы белгилүү.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG