Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:46
Садыр Жапаров. 16.10.2020.
Садыр Жапаров. 16.10.2020.

Жапаров жаңы реформа баштай тургандыгын шардана кылды

Учурда Кыргызстандын өкмөт башчысы жана президенттин милдетин аткаруучу болуп иштеп жаткан мурдагы оппозициячыл саясатчы Садыр Жапаров өлкөдө реформалар боло тургандыгын тастыктады.

4-октябрдагы парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына каршы 5-октябрдагы нааразылык митинги башаламандыкка жана элдик толкундоого айлангандан кийин Кыргызстанда саясий кризис башталган.

Бир жумага созулган нааразылык иш-чараларынан соң президент Сооронбай Жээнбеков өз арызы менен 15-октябрда кызматтан кетти. Анын арызын Жогорку Кеңеш 16-октябрда кабыл алды.

Кыргызстандын Баш мыйзамына ылайык, президент кызматтан кеткенде анын милдетин убактылуу Жогорку Кеңештин төрагасы аткарышы керек. Бирок учурдагы ЖК төрагасы Канатбек Исаев бул кызматты өз каалоосу менен аткаруудан баш тартаарын билдирген.

16-октябрдан тарта президенттин милдетин да аткарууга киришкен өкмөт башчы Садыр Жапаров 5-6-октябрдагы окуялардан соң, 6-октябрда тарапташтары тарабынан абактан бошоп чыккан.

Садыр Жапаровдун өлкөдө реформалар боло тургандыгын, жемкорлорго каршы күрөш чыңдалаарын шардана кылышын анын тарапкерлери шаттана колдоп чыгышты, ал эми анын сынчылары болсо эгерде ал кеңири демократиячыл катмарлар менен кызматташа албаса жана алдыдагы парламенттик шайлоонун таза өтүшүн камсыз кылбаса, анда анын реформа аракети туңгуюкка кептелиши ыктымал деген күмөндөнгөн пикирлерин билдиришүүдө.

14:38 14.10.2020

14:39 14.10.2020

Кворумдун айынан эки депутат чырдашты

Жогорку Кеңештин комитетинде шайлоо мыйзамдарын өзгөртүү боюнча сунушту кароо боюнча демилгеге байланыштуу чыр чыкты. «Бир Бол» фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов сунушу каралбай калганы үчүн Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, соттук-укуктук маселелер жана парламенттин регламенти боюнча комитетинин төрагасы Канат Керезбековду айыптады.

Эки депутаттын ортосунда чыр чыгып, аларды башка депутаттар ажыратып калганына журналисттер күбө болушту. Окуядан кийин Сулайманов менен Керезбеков журналисттерге комментарий беришти.

«Мушташ болгон жок. Айтыштык. «Эмнеге созуп жатасыңар? Өткөрүп койсок болот эле го. Бул коомчулуктун, партиялардын, элдин күтүп жаткан негизги маселеси болчу» дедим. Ич ара бири-бирибизге түшүндүрүү болду. Өткөрүп коюуга мыйзам жол бермек. Бирок депутаттар кетип калбадыбы. Жаш партиялар келсе, эркин атаандаштык болсо, шайлоо босогосун жети пайыздан үч пайызга, беш миллион сомдук күрөөнү бир миллионго түшүрөлү, №2 форманы жок кылалы деген үч маселени коёлу дегенбиз», - деди Сулайманов.

Керезбеков журналисттерге №2 форма боюнча маселе мурда комитетте каралганын, бирок жалпы жыйында колдоо таппай койгонун билдирди. Ал шайлоо мыйзамдары конституциялык мыйзамдардын катарына кирерин, алар өзгөчө абал учурунда каралбашы керек деген талап бар экенин, бирок ошого карабастан талкуулоо тууралуу түшкөн сунуш кворум жоктугунан каралбай калганын айтты.

14:53 14.10.2020

Садыр Жапаров криминалы жок мамлекет түзүүгө убада берди.

14:57 14.10.2020

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG