Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:38
Садыр Жапаров. 16.10.2020.
Садыр Жапаров. 16.10.2020.

Жапаров жаңы реформа баштай тургандыгын шардана кылды

Учурда Кыргызстандын өкмөт башчысы жана президенттин милдетин аткаруучу болуп иштеп жаткан мурдагы оппозициячыл саясатчы Садыр Жапаров өлкөдө реформалар боло тургандыгын тастыктады.

4-октябрдагы парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына каршы 5-октябрдагы нааразылык митинги башаламандыкка жана элдик толкундоого айлангандан кийин Кыргызстанда саясий кризис башталган.

Бир жумага созулган нааразылык иш-чараларынан соң президент Сооронбай Жээнбеков өз арызы менен 15-октябрда кызматтан кетти. Анын арызын Жогорку Кеңеш 16-октябрда кабыл алды.

Кыргызстандын Баш мыйзамына ылайык, президент кызматтан кеткенде анын милдетин убактылуу Жогорку Кеңештин төрагасы аткарышы керек. Бирок учурдагы ЖК төрагасы Канатбек Исаев бул кызматты өз каалоосу менен аткаруудан баш тартаарын билдирген.

16-октябрдан тарта президенттин милдетин да аткарууга киришкен өкмөт башчы Садыр Жапаров 5-6-октябрдагы окуялардан соң, 6-октябрда тарапташтары тарабынан абактан бошоп чыккан.

Садыр Жапаровдун өлкөдө реформалар боло тургандыгын, жемкорлорго каршы күрөш чыңдалаарын шардана кылышын анын тарапкерлери шаттана колдоп чыгышты, ал эми анын сынчылары болсо эгерде ал кеңири демократиячыл катмарлар менен кызматташа албаса жана алдыдагы парламенттик шайлоонун таза өтүшүн камсыз кылбаса, анда анын реформа аракети туңгуюкка кептелиши ыктымал деген күмөндөнгөн пикирлерин билдиришүүдө.

14:58 14.10.2020

Депутат Абдылдаев: Башкы прокуратура спикердин да, премьердин да маселесин карашы керек

Жогорку Кеңештин депутаты Мыктыбек Абдылдаев Кыргызстанда парламенттин жетекчилигине жана өкмөт башчылыкка көрсөтүлгөн адамдардын мыйзам менен мамилеси боюнча суроо бар деп эсептейт. Парламенттин 14-октябрдагы чукул жыйынында сүйлөп жатып Абдылдаев спикер Канатбек Исаевге жана премьерликке талапкер болгон Садыр Жапаровго байланыштуу бул көрүнүштү парадокс деп атады:

«Коомчулукта «Канатбек Кедейканович мурунку биринчи эпизоду боюнча акталды беле же мөөнөтү өтүп кеткени үчүнбү?» деген сөз болушу мүмкүн. «Мөөнөтү өтүп кетүү» дегени колдонулган. Бул реабилитация эмес. Бул «Күнөө бар, бирок мейли, кете бер» дегени. Төрага тергөө алдында деген маселе бар. Мен билгенден «бул киши каякта экени белгисиз» деп кылмыш иши токтолуп калса керек эле. А бул жерде төрага болуп шайланып олтурат. Ошондуктан башкы прокурор бул абдан терең маселени көтөрүп, карашы керек. Төрага кынтыксыз болушу зарыл. Садыр Нуркожоевич, сиздики дагы».

Канатбек Исаев парламент төрагасы болуп 13-октябрда шайланган. Ал Абдылдаевдин айтканына мындайча жооп берди:

«Кылмыштын мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу эмес. Жогорку соттун «кылмыш курамы жок» деген чечими чыккан. Ал эми токтотулуп турган иш боюнча айтсам, мен Кыргызстанда жүрсөм, «каякта жүргөнү белгисиз» деп токтотмок беле? Ал туура эмес. Монтаж кылынган нерсени Алматыга жөнөткөнбүз. Ошонун корутундусу келгенге чейин кылмыш иши убактылуу токтотулуп турат».

Ал эми Садыр Жапаров кылмыш кылбаганын айтып, саясий туткун болгонун билдирди:

«Соттун чечими чыкты. Демек, мен соттолгон адам эмесмин. Ал эми тергөөгө кеткени «саясий буюртма» экенин бүтүндөй кыргыз журтчулугу билесиздер. Бир да факт болгон эмес. Эгер мен чыныгы кылмышкер болсом, минтип премьер болоюн деп бир бут аттап, басмак эмесмин. Мен кылмышкер эмесмин, саясий туткундагы адам болчумун».

Исаевге карата 2017-жылы «Коррупция», «Кылмышка даярдануу» «Калайман башаламандык» жана «Бийликти күч менен басып алуу же кармап туруу» деген беренелердин негизинде иш козголгон. Ал бир жылча атайын кызматтын тергөө абагында отуруп, кийин бошотулган.

Жапаровго карата 2013-жылы «Караколдо митинг уюштуруп, облус жетекчисин барымтага алган» деген негизде иш козголуп, 2018-жылы ал 11 жылга кесилген. Быйыл парламенттик шайлоодон кийин нааразылык башталганда 6-октябрда түрмөдөн бошотулган. 14-октябрда Жапаров парламентте Кыргызстандын өкмөт башчысы болуп шайланды. Жогорку сот ал акталбаганын, иши кайра тергөөгө жөнөтүлгөнүн билдирген.

15:03 14.10.2020

15:09 14.10.2020

«Ата Мекен»: туруктуулук үчүн премьерликке Садыр Жапаровду колдоп берүүнү чечтик

«Ата Мекен» партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев 12-13-октябрда Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев жана президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушту. Бул тууралуу партиянын басма сөз кызматынын өкүлү Динар Турдугулова «Азаттыкка» ырастады. Анын айтымында, бул жолугушууда негизинен өлкөдөгү кырдаал жөнүндө сөз болгон.

Маалыматка караганда, «Ата Мекен» партиясынын лидери жана парламенттеги фракциянын депутаттары кырдаал татаал экенин эске алуу менен, «тез арада бир пикир болбосо, өлкөнүн экономикасына, адамдардын коопсуздугуна чоң залака тийгизиши мүмкүн, буга байланыштуу тез арада легитимдүү, мыйзамдуу өкмөт түзүү зарыл» деген пикирге келишкен.

Партиянын ич ара кеңешмелеринен кийин парламенттеги «Ата Мекен» фракциясынын депутаттары «туруктуулук, тынчтык, ынтымак, элдин бакубат турмушу үчүн, премьерликке Садыр Жапаровду колдоп беребиз» деген чечимге келген.

Жанар Акаев: Мындан ары кемчиликти көзгө сайып көрсөтүп турабыз

15:14 14.10.2020

Садыр Жапаров Өмүрбек Бабанов менен жолукканы кабарланды

«Азаттыктын» ишенимдүү булактарынын маалыматына караганда Жогорку Кеңеш премьер-министрликке талапкер катары көрсөткөн Садыр Жапаров менен «Республика» партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов 13-октябрда жолукту. Маалыматта эки саясатчы өлкөдөгү азыркы кырдаалды талкуулаганы жана саясий күчтөр өлкөдө туруктуулукту камсыз кылууга барышы керек экендиги жөнүндө сүйлөшкөнү кабарланды.

Айрым маалымат булактары Жогорку Кеңештеги «Республика» фракциясынын мүчөлөрү Мирлан Жээнчороев, Руслан Казакбаев президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугуп, кырдаалды талкуулашканын да кабарлап жатышат.

Мирлан Жээнчороев жолугушуу болгонун бышыктап, кырдаалды турукташтыруу багытында көп тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын журналисттерге билдирди.

Садыр Жапаров 6-октябрдагы өлкөдөгү окуялар учурунда абактан чыккан. Ал буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттарынын бир бөлүгү менен премьер-министрликке көрсөткөнүн кабарланып, анын чечимдери боюнча талаш жаралып келген.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG