Депутат Жанарбек Акаев: - Бүгүн шайлоо босогосун төмөндөтүү тууралуу мыйзам долбоорун депутаттардын кароосуна жиберебиз. Долбоордун авторлору - Жанар Акаев, Алтынбек Сулаймнов, Дастан Бекешев жана Эльвира Сурабалдиева. Биз босогону 3 пайызга төмөндөтүүнү сунуш кылабыз. Бирок көпчүлүк депутаттар беш пайыз деп турушат. Ошол себептен мунасага келип, төрт пайызга түшүрөбүз деп ойлойм
Депутат Талантбек Мамытов: - Өкмөттүн курамын бекиткенден кийин биринчи кезекте чечилиши керек болгон маселелер: бюджеттин таңкыстыгы, коронавирус менен күрөшүү жана кыш мезгилине даярдануу.
Депутат Акылбек Жапаров: - Парламент өзү чечим кабыл албагандыктан ушундай кырдаалга келдик. Парламент болгон шарттарды түзүп берип, иштей албагандарын кетирип, өз функциясын аткарышы керек. Депутаттар ушундай кырдаалда айлык албай иштеп, моралдык жоопкерчиликти алышы керек.
Жарым саатка тыныгуу жарыяланды.