Жогорку Кеңештин жыйынына 82 депутат катышууда, дагы 8 депутат ишеним кат берди.
Коалициялык көпчүлүк Садыр Жапаровдун премьер-министрлик кызматка талапкерлигин жактырды.
Депутат Алтынбек Сулайманов: - Бүгүн бири-бирибиз менен талашып-тартыша турган күн эмес. Пикирлерибиз ар башка болсо да, келгиле, өкмөттүн түзүмүн, программасын жана курамын аягына чейин бекитип берели. Ушундай кырдаалга жетишине биздин да күнөөбүз бар. Токтотолу, өкмөт иштей берсин.