Коалициялык көпчүлүктүн жыйыны башталып, депутат Иса Өмүркулов сөз сүйлөөдө.
Вице-спикер Мирлан Бакиров: Күн тартибинде өкмөттүн курамын жана программасын бекитүү турат. Аны 6-октябрда коалициялык көпчүлүк сунуш кылган. Бирок 10-октябрдагы жыйында Садыр Жапаровдун дайындалышынын легитимдүүлүгү маселеси жаралгандыктан бүгүн бул маселе кайрадан каралат.
Вице-спикер Аида Касымалиева мыйзам жолуна түшүп, өкмөттүн курамын жана программасын кайра бекитиш керектигин айтты. Учурда премьер-министрлик кызматка Садыр Жапаровдун гана талапкерлиги каралууда.
Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңеш Садыр Жапаров боюнча маселени ыкчам карап, бул процесске мыйзам чегинде чекит коет деп ишенет. Бул тууралуу мамлекет башчысы 14-октябрда кыргызстандыктарга премьер-министрдин легитимдүүлүгүнө байланыштуу жолдогон кайрылуусунда айтты.
Жээнбеков Жапаровду премьер-министрликке мыйзамдын бардык нормаларын сактоо менен кайра кароо тууралуу сунушун парламентке жөнөткөнүн билдирди. Жогорку Кеңештин буга чейинки токтому мыйзамдын талаптары сакталбай кабыл алынып калганын айтты.
Өлкөдө абал тынч болуусу жана өкмөттү башка мамлекеттер таануусу үчүн өкмөт башчынын талапкерлигин мыйзамды кынтыксыз сактоо менен бекитүү зарыл экенин кошумчалады.
Ошону менен катар президент маселелер күч менен эмес, мыйзам алкагында чечилиши зарыл экенин белгиледи.