Паранжы менен узун сакалга тыюу салуу керекпи?
Жогорку Кеңештин депутаты Шарапаткан Мажитова Кыргызстанда паранжы жамынып жүрүүгө жана узун сакал коюуга тыюу салуу тууралуу мыйзам долбоорун даярдап, ал коомдук талкууга чыгарылды. Эл өкүлү мындай чара өлкөдөгү коопсуздук үчүн маанилүү деп эсептейт.Кыргыз коомунда мындай демилгени жактагандар да, ага каршы болгондор да болуп, маселе кызуу талкуу жаратты. "Азаттыктын" студиясында: Жогорку Кеңештин депутаты, мыйзам долбоорунун демилгечиси Шарапаткан Мажитова, теолог Маметбек Мырзабаев. Ал эми телефондон Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директорунун мурдагы орун басары Канатбек Мурзахалилов кошулду.
Чыгарылыштар
-
Июль 09, 2024
Кыргызстанда насыя эмнеге кымбат?
-
Июнь 26, 2024
"Апрелчилерди" араздаштырган сунуш: мыйзам жана түшүнүк
-
Май 28, 2024
Сүттүн баасы: Эл өкүлдөрү менен өкмөттүн талашы