Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:14

Пакистан: Кызыл Чырым кызматкерин өлтүрүп кетишти


Халил Рашид Дэйл, 2011-жыл
Халил Рашид Дэйл, 2011-жыл

Пакистандын Балучистан чөлкөмүндө Кызыл Чырым уюмунун кызматкери, британиялык доктурду барымтачылар өлтүрүп кетишти. Аны белгисиз бирөөлөр январь айынан бери барымтада кармап келишкен.

Жергиликтүү полициянын маалыматына караганда, Халил Рашид Дэйлдин башы кесилген сөөгү жекшембиде Балучистандын борбору Кветта шаарынын жанында табылды.

Кызыл Чырым уюмунун башкы директору Ив Даккорд билдирүү жасап, бул “ырайымсыз кылмышты катуу айыптады” жана маркумдун жакындары, достору менен кайгысын бөлүшөөрүн айтты.

Британиянын тышкы иштер министри Уильям Хэйг Пакистан элине жардам берип жүргөн адамдын өлтүрүлүшүн маанисиз, адамгерчиликке жатпаган окуя деп баалады. Министр доктурду бошотуу үчүн тынымсыз аракет көрүлүп келгенин белгиледи.

Исламды кабыл алууга чейин Дэйлдин аты Кен болчу.

Британиялык депутат Рассел Браун өз иши үчүн ыраазычылыкка татыган адам ушундай ажал тапканына өкүнөт:

- Маалыматка караганда, аны жапайы бир ыкма менен өлтүрүшкөн. Бул абдан, абдан өкүнүчтүү. Себеби Кен өз мекенин таштап, бөтөн жердеги элге жардам берип жүргөн. Ал өлүмгө эмес, кубаттоого арзыган адам эле. Кенди жакшы билген бул жердеги да, тигил жактагы элдин да кабыргасы кайышып турган кез экенин билем.

Полициянын айтымында, барымтачылар Дэйлдин денесине кат тиркеп, акча төлөнбөгөндүгү үчүн көзүн тазалашканын жазышкан.

Дэйлдин жакын досу Шиле Хоувет маркумду мындайча эскерет:

- Мусулман ысымын алгыча мен Кен деп билген сүйүктүү досум мыкты адам болчу. Ар бирибиз андай кишиге туш болууну каалайт элек. Өмүр бою колунда жоктордун, кыйналган кембагалдардын камын көрүү, аларга көмөктөшүү менен алектенген, өз ишине берилген адам эле.

Дэйл Пакистанга чейин Ооганстан, Ирак жана Сомалиде иштеп келген. Аны барымтага ким алганы азырынча белгисиз бойдон калууда.

Аймакта балучи сепаратисттер, Талибандын таламын талашкан согушкерлер менен катар кадыресе кылмыш топтору өзгөчө активдүү. Бай пакистандыктарды, чет өлкөлүк жарандарды акча өндүрүп алуу үчүн барымтага алган учурлар көп жолугат.

Жергиликтүү сепаратисттер мунай, газ жана минералдык ресурстарга бай, бирок эли жакыр чөлкөмдүн эгемендиги үчүн күрөшүп келатышат.

Аймакта кошуна Ооганстандан ооп келген миңдеген качкындар да топтолгон. Алардын көбү Кызыл Чырым өңдүү гуманитардык уюмдардын жардамына муктаж.

Январь айында Дэйл барымтага алынгандан кийин Кызыл Чырым Пакистандагы ишин улантаарын билдирген. Ага чейин уюм өлкөдөгү программаларын кыскартаарын айтып келген.

Балучистанда Кызыл Чырым саламаттыкты сактоо программаларын ишке ашырып, бир нече клиника ачкан.

XS
SM
MD
LG