Пакистандын түндүк-батышындагы Хайбер-Пахтунхва вилайетинин полициясы Ооганстан менен чек арага жакын аймакта төрт өспүрүм баланын өлтүрүлүшүн тергөө боюнча талаптарын билдирүү үчүн Исламабадга жүрүш жасоого далаалат кылган миңдеген демонстранттарды токтотту.
Жани Хел шаарынын тегерегиндеги элет аймагынан келген 3000ге жакын демонстрант 28-мартта таң эрте жеңил автунаа, жүк ташуучу унаа жана мотоциклдерден турган нааразылык кербенинин жүрүшүн башташты.
Бирок бул кербен жүрүшүн Банну шаарынан түштүгүрөөк 15 чакырым алыстыктагы Точи дарыясындагы көпүрөдөн полиция тосуп алган.
Бул тирешүү болгон окуя 2018-жылы гана Пакистандын Хайбер-Пахтунхва вилайетине бириктирилген мурдагы уруу башчылары бийлеп турган аймактардын биринде орун алды.
Пакистандын жалпы мамлекеттик парламентиндеги Түндүк Вазиристандын өкүлү болгон депутат Мохсин Давар (Mohsin Dawar) Точи дарыясындагы көпүрөдөгү тирешүү болгон жерге барууга аракет кылып жатканда, Карак шаарында жергиликтүү полиция тарабынан кармалган.
Давар мырза: "нааразылык чарасына чыккандардын талаптарын уккандын ордуна, мамлекет алар нааразылык чарасын Исламабадда өткөрүү жолун тандап калабы деген ой менен алардын өз аймагынан сырткары чыгышына тоскоолдук жаратуу максатында аймактын тегеретесиндеги жолдорго бөгөт койду”, – деп 26-мартта эле өз сын пикирин билдирген болчу.
Давар мырза “Твиттердеги” 28-марттагы жарыясында артка чегинүүгө жол жок экендигин, өкмөт ар кандай жабыркоолорго жол бербеш үчүн тирешүүдөн баш тартышы керектигин жазды.
“Кыйноого алынып өлтүрүлгөн 4 өспүрүмдүн маселесин вилайеттин бийлиги жана борбордук өкмөт 8 күн бою көрмөксөнгө салышты”, – деп Давар ачууланды.
Ошол эле учурда, Банну шаарынан 25 чакырымдай чыгыш тараптагы Домайл (Домел) шаарында жүздөгөн демонстранттар 28-мартта нааразылык жыйынын өткөрүшүп, эгерде демонстранттарга Исламабадга карай жөнөөгө уруксат берилбесе, анда Пешавар менен Дера Исмаил-Хан шаарларынын ортосундагы Инд автожолун жабабыз деп бийликтерди коркутушканы маалымдалды.
Жани Хел шаарынын тегерегиндеги элет аймагында 21-мартта ок жаңылып өлгөн төрт өспүрүмдүн сөөгү табылган. Алар андан үч апта мурда илбээсиндерге аңчылык кылабыз деп үйлөрүнөн талаага кеткен боюнча табылбай жаткан болчу.
Маалыматка караганда, 13 жаштан 17 жашка чейинки жаштагы бул өспүрүмдөрдүн сөөктөрү талаада жашыруун көмүлүп салынган жайдан бир койчунун иттери таап алган соң, казылып алынган экен.
Элет калайыгы 21-марттан тартып алгач жергиликтүү деңгээлде нааразылык чараларын башташкан.
Нааразылык жүрүшкө чыккандардын негизги талабы – Пакистан өкмөтүнүн талиптерге жана башка жоочуларга аймакта ишмердик жүргүзүүгө жол бербөө кепилдигине жетишүү.
Жүрүштүн катышуучулары ошондой эле жергиликтүү бийликтерден аймактагы атайын коопсуздук төбөлүн кызматтан алуу үчүн борборго расмий арыз жөнөтүшүн талап кылышууда.
Жергиликтүү полиция төрт өспүрүмдүн сөөгү табылган соң, киши өлтүрүү боюнча тергөө ишин баштагандыгын жарыялаган.