2020-жылдын 4-октябрында талаштуу парламенттик шайлоодон кийин бийлик алмашып, өлкөнүн Баш мыйзамы өзгөртүлүп, Кыргызстан президенттик башкарууга кайтты. Ошол учурдагы Оштогу окуялардын хронологиясы.
Октябрь окуясы: Оштогу саясий абал
Ош шаарында 2020-жылдын 6-октябрында эрте менен башталган митинг түнкү саат экиге чейин уланган. 8-9-октябрь күндөрү ошол учурда мэрликтен шаардык кеңештин чечими менен алынган Таалайбек Сарыбашовдун, мурунку президент Сооронбай Жээнбековдун тарапташтарынын митинги болуп турган.

1
6-октябрь күнү Ош шаарынын борбордук аянтына таңкы саат жетилерде эл чогулуп баштаган. Саат 07:21, 2020-жылдын 6-октябры.

2
Митингди "Биримдик" партиясынан парламенттик шайлоодо талапкер болгон Бекмурза Эргешов алып барууда. Саат 07:22, 2020-жылдын 6-октябры.

3
Күбөлөрдүн айтымында, таңкы саат 3-4төр чамасында эле аянтка үн жаңырткычтар коюлуп, митинг өткөрүүгө кам ура башташкан. 07:33, 6-октябрь, 2020-жыл.

4
Чогулгандар президент Сооронбай Жээнбековду бийликтен кетирүүгө каршы пикирлерин айтууда. 09:26, 6-октябрь, 2020-жыл.

5
Митингде алгачкылардан болуп Жогорку Кеңештин депутаты, экс-президент Сооронбай Жээнбековдун бир тууган иниси Асылбек Жээнбеков чыгып сөз сүйлөдү. 08:31, 6-октябрь, 2020-жыл.

6
Асылбек Жээнбеков мыйзамдуу жол менен шайланган президентке жана парламентке баш ийүү керек экенин белгилеген. 08:47, 6-октябрь, 2020-жыл.

7
Ош шаардык мэриясынын жана облустук администрацияны күч түзүмдөрү көзөмөлдөп турду. Алар саясатчыларды, алардын тарапташтарын жана журналисттерди "эч нерсени талкалабагыла" деген талап менен имаратка киргизип жатты. 10:15, 6-октябрь, 2020-жыл.

8
Мэриянын ичиндеги жыйналган килем. 10:18, 6-октябрь, 2020-жыл.

9
Ошол учурдагы Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов да эл алдына чыгып сүйлөп, калаада шайлоо таза өткөнүн айтты. 08:22, 6-октябрь, 2020-жыл.

10
Ал арада "Реформа" партиясынын мүчөлөрү "Сооронбай кетсин!" деп кыйкырганы үчүн ур-томокко алынды. Сүрөттө Мирбек Маматкасым жана ага кол салгандар. 08:16 6-октябрь, 2020-жыл.

11
Жогорудагы тасманы тартып жатканда “Азаттыктын” Оштогу кабарчысы Дастан Үмөтбай уулуна белгисиз киши кол салган. Ал телефонун тартып алууга аракет кылып, бет талаштыра муштап жиберген. 08:16 6-октябрь, 2020-жыл.

12
Митингди Сооронбай Жээнбековдун тарапташтары баштаганы менен "Сороонбай кетсин!" деген кыйкырыктар байма-бай айтылып жатты. Сүрөттөгү кишиге микрофон берилбей, аны трибунадан кетирүү аракети болгонуна карабай "Таза шайлоо болгон жок!" деп кыйкырып жатты. 08:37 6-октябрь, 2020-жыл.

13
Мэриянын ичинде болсо шаардык кеңештин депутаттары мэр Сарыбашовго ишеним көрсөтпөө тууралуу чечим кабыл алган. 11:15, 6-октябрь, 2020-жыл.

14
Чечимди "Мекеним Кыргызстан" партиясынан парламенттик шайлоодо талапкер болгон, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Жапар Ормонов аянттагыларга окуп берди. 11:30, 6-октябрь, 2020-жыл.
15
Ормонов трибунага чыгып сүйлөгөндөн кийин бийликке нааразы топ ур-токмокко алып, белгисиз адамдар аны жеке үйлөрдүн бирине алып кирип кетишти. 11:36, 6-октябрь, 2020-жыл.
Сүрөт айрымдардын үрөйүн учурушу мүмкүн. Басып көрүңүз.
Ормонов трибунага чыгып сүйлөгөндөн кийин бийликке нааразы топ ур-токмокко алып, белгисиз адамдар аны жеке үйлөрдүн бирине алып кирип кетишти. 11:36, 6-октябрь, 2020-жыл.
Ормонов трибунага чыгып сүйлөгөндөн кийин бийликке нааразы топ ур-токмокко алып, белгисиз адамдар аны жеке үйлөрдүн бирине алып кирип кетишти. 11:36, 6-октябрь, 2020-жыл.

16
Митингге чыккан кыздар. 12:33, 6-октябрь, 2020-жыл.

17
Күндүн экинчи жарымында мурдагы мэр Мелис Мырзакматовдун кайтып келүүсүн талап кылган ураандар айтыла баштады. Аянтта аны колдогон плакаттар да пайда болду. 14:54, 6-октябрь, 2020-жыл.

18
Маал-маалы менен куран окулуп турду. 15:14, 6-октябрь, 2020-жыл.

19
11:49, 6-октябрь, 2020-жыл.

20
Бул күнү облус башчысынын орду да талашка түштү. Төлөгөн Келдибаев, ага удаа эле Калмамат Анапияев өздөрүн губернатор деп жарыялашты. 17:33, 6-октябрь, 2020-жыл.