Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:31

Виржиния Куллудон: Биз Кыргызстанга жардам бергибиз келет


Виржиния Куллудон - ЕККУнун расмий өкүлү
Виржиния Куллудон - ЕККУнун расмий өкүлү

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун полиция кеңешчилери Кыргызстанга азырынча жөнөтүлбөйт. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" уюмдун расмий өкүлү Виржиния Куллудон айтты.

Полиция кеңешчилерин Кыргызстанга жиберүү кийинкиге калтырылышын ал ошол миссияга негиз болчу документ – меморандумга – азырга чейин кол коюла электиги менен түшүндүрдү.

Виржиния Куллудон:
Кеңешчилерди жиберүүнү кийинкиге калтырдык. Бирок ЕККУ өзүнүн полиция кеңешчилерин Кыргызстанга жибергенге азыр деле даяр. Аларды биз Венада даярдыктан өткөрдүк. Азыркы абалды кыргыз бийликтери менен талкуулап жатабыз.

Төрөкул Дооров: ЕККУнун полиция кеңешчилерин жиберүү кийинкиге калтырылды дедиңиз. Качан жиберилээрин айта аласызбы?

Виржиния Куллудон: Полисмен-кеңешчилерди Кыргызстанга качан жиберишибиз азыр расмий Бишкектин жообуна байланыштуу болот. Алар документке кол коюшса эле, биз кеңешчилерди жибергенге даярбыз. Кыргызстанга барчу миссиянын курамы толук бекитиле элек. Бирок анын башчысы тандалып, ал бүгүн Бишкекте кыргыз өкмөтүнүн өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Келерки аптада да бизден расмий делегация Кыргызстанга сүйлөшүүлөргө барат. Башкача айтканда, иш дале жүрүп жатат. Бирок Европадагы коопсуздук кызматташтык уюму өзүнүн полисмен-кеңешчилерин жөнөтүүгө даяр деп айта алабыз. Бишкектен эле жоопту күтүп турабыз.

Төрөкул Дооров: Расмий Бишкек менен сүйлөшүүлөрдө дале мунаса табылбай жатканын кантип түшүнсөк болот? Азыр сүйлөшүүлөр кандай мүнөздө өтүп жатат?

Виржиния Куллудон: Биз азыр миссиянын Кыргызстандагы иши боюнча деталдарды гана тактап жатабыз. Биз кыргыз өкмөтү менен эң жакшы мамиледебиз деп айта алам. Азыркы талкуулар бир аз убакытты алат. Бирок биздин ортобузда эч кандай конфликт жок. Кыргыз бийлиги азыр миссияны качан жана кайсыл жерге жайгаштырууну гана бизге так айтышы керек. Биз сүйлөшүүлөрдү улантышыбыз зарыл. Анткени акыбал дале опурталдуу жана араң эле тургандай сезилет. Кырдаалга биз Кыргызстан менен биргеликте көз салып турабыз. Биз кыргыз жетекчилигине өзүбүздүн оюбузду, каалообузду таңуулагыбыз келбейт. Биз Кыргызстанга жардам берүүнү каалайбыз.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG