Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:24

ОСАГО: айып пул төлөөнүн мөөнөтү жылды


Бишкек шаары. 2023-жыл.
Бишкек шаары. 2023-жыл.

Автоунааларын милдеттүү камсыздандыруудан өткөрбөгөн айдоочуларга айып салуунун мөөнөтү жылдырылат.

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев бул маселе боюнча Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен жолугушканын парламенттин 26-январдагы жыйынында билдирди.

“Акылбек Жапаров менен кеңешип, 1-апрелден тарта айып салуунун мөөнөтүн жылдырдык. Президент да ушундай тапшырма берген экен”, - деди төрага.

Шакиев канча мөөнөткө жылдырыла турганын тактаган жок.

Депутаттардын эскертүүсү

25-январда Жогорку Кеңеште машинелерди милдеттүү түрдө камсыздандырууга байланыштуу маселе көтөрүлгөн.

Анда бир катар депутаттар апрелге чейин күнүгө миңдеген айдоочу полис алып үлгүрбөй турганын, камсыздандырган компаниялар дагы шайма-шай эместигин айтышкан. Бул жагдай социалдык чыңалууга алып келерин эскерткен эл өкүлдөрү дагы болду.

Кыргызстанда ушул жылдын башынан тарта айдоочуларды камсыздандыруу полисин алууга милдеттендирген мыйзам күчүнө кирген. Анда талапты аткарбагандарга апрелден баштап айып пул салуу каралган.

Парламенттин 25-январдагы сессиясында депутат Дастан Бекешов шайлоочуларынан камсыздандырууга байланыштуу кайрылуулар көп түшүп жатканын билдирди. Ал президенттин жана өкмөттүн парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылып, апрель айына чейин миңдеген айдоочуга полис берүү мүмкүн эместигин айтып, милдеттүү камсыздандыруунун мөөнөтүн жылдырып турууну сунуштады. Ошондой эле өкмөт тиешелүү маалыматтарды бериши керектигин айтты.

"Камсыздандыруу негизи керек. Бул нерсе өнүккөн мамлекеттерде, көп өлкөлөрдө бар. Бирок ушундай темп менен кете берсе эч ким жетишпей калат. Күн сайын кеминде он миң машина камсыздандыруудан өтүшү керек. Камсыздандыруу компаниялар ага даяр эмес, буга убакыт керек. Жайга чейинби, күзгө чейинби же кийинки 1-январга чейинби кичине жылдырып турса. Жумасына азыр канча машине камсыздандыруудан өтүп жатат, бул тууралуу өкмөт маалымат берсе, Урматтуу Алмасбек Акунжанович, ушуну карап чыксаңар".

Ушул тапта Кыргызстанда 11 камсыздандыруу ишканасы айдоочуларга полис берип жатат. Алардын бирөө мамлекеттик, калганы жеке менчик компаниялар. Расмий маалыматка ылайык, полистин баштапкы баасы 1680 сом жана машинанын түрүнө, кыймылдаткычынын көлөмүнө, айдоочунун жаш курагы менен стажына карап өзгөрөт.

"Ыйман Нуру" фракциясынын лидери, депутат Нуржигит Кадырбеков бул маселе социалдык чыңалууга алып келиши ыктымалдыгын эскертти. Ал талап-шарттарга байланыштуу суроо көп экенине токтолду.

"Муну "1-апрелге чейин каттап бүткүлө" деп айтып коюу оңой эле. Жеке компаниялардын техникалык мүмкүнчүлүктөрү дагы жетпейт экен. Мен бүгүн бир камсыздандыруу компаниясынын өкүлүнүн маегин эртең менен угуп келдим. Ал абдан бактылуу сүйлөп жатат. Ал бактылуу болбой анан ким бактылуу болот? Кыргызстанда 2 миллиондой машина болсо, ошолордун ар бири жок дегенде 1600 сомдон 3 миң сомго чейин төлөсө, орто эсеп менен 2 миң сом деп алганда деле канча акча түшүп жатат? Экинчиден, барсаң эле каттай койбойт экен, паспортуңду, айдоочулук күбөлүгүңдү, техпаспортту сурайт экен. Эң кызыгы - "машине ээсинен ишеним кат алып кел" деген талап бар экен. Бирок бирөө машинени каттатып коюп Орусияда жүрөт, бирөө ооруканада жатат, дагы бирөө балким төрөп жатат. Мунун баарын кандай кылабыз? Электрондук версиясы жок экен, интернеттен алуу мүмкүн эмес экен. СССРдин убагына кайра кетип жатабыз. Мунун алдын албасак социалдык чыңалуу болот, кийинки митинг ошол камсыздандырган компаниялардын имаратынын алдында өтөт. Бул шылуундардын бекер акча табуу жолу экен. Ошончо киши төлөсө, бирок кокус бирөө кырсыктаса, камсыздандырууну алуу өтө кыйын болот. "Атаңа бар, энеңе бар" деп атып, акырында "өзүң күнөөлүү экенсиң" деп төлөбөй коюшса эч ким эч нерсе дей албайт. Ашып баратса 150 миң сом берет экен. Аны 30 күндө төлөп беребиз дешет экен, бирок аны аткарбай койсо деле эч кимдин колунан эч нерсе келбейт. Мен Америкада окуп келгем, өнүккөн өлкөлөрдө деле андай эмес. Адам өз эрки менен эле өтө турган эреже болушу керек", - деди депутат.

"Азаттык" камсыздандыруу полисин берген айрым компаниялар менен байланышууга аракет кылды, бирок бул макала жазылып жаткан чакта алардын расмий сайттарында, Юстиция министрлигинин каттоосунда көрсөтүлгөн телефондоруна чалып, байланыша алган жок.


Кыргызстанда "Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчиликтерин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө” (ОСАГО) мыйзам 2015-жылы эле кабыл алынган. Документ 2016-жылы иштей башташы керек болчу, бирок камсыздандыруу полисинин баасы, төлөнө турган кенемте, анын шарттары так аныкталбай айдоочулар каршы болуп жети жылдан бери ишке ашпай келген.

Депутат Тазабек Икрамов милдеттүү түрдө полис алууну талап кылууга каршы экенин айтты.

"Камсыздандырууну 2025-жылга чейин жылдыруу керек, азыр даяр эмес. Качан машинаны алып, ошонун документтерин каттатып жатканда камсыздандырган компаниялар болуп, өздөрү кандай иш алып барарын, кандай учурда камсыздандыруу төлөнүп берилерин айтып тургандай болушу керек. Буга өкмөт же ушул жерде отурган депутаттар кызыкдар болбошу керек. Ушунчалык кызыкдар болуп жаткан адамдар машинесин камсыздандырсын. Бул жерде элди мажбурлап "машинаңды камсыздандыр" деп талап кылуунун өзү туура эмес. Ошол компаниялар өздөрү иштесин, түшүндүрсүн, элдерди ынандырсын".

Парламент жыйынында айрым депутаттар төрага Нурлан Шакиевге кайрылып, тармактык комитеттин кийинки жыйынына камсыздандыруу полисин берген компаниялардын өкүлдөрүн чакырууну, алардын даярдыгы, чарк-чамасы тууралуу маалымат алууну сунуштады.

Спикер маселе президентке чейин жеткенин билдирди. Ал жагдай оң жагына чечилет деп убада кылганы менен анын чоо-жайын тактаган жок.

"Бул маселе чоң талкуу жаратты. Бул боюнча мамлекет башчысы менен дагы сүйлөшүп жатабыз. Буюрса оң жыйынтык болот. Талкууларга биз сөзсүз көңүл бурабыз. Сиздер айткан сунуштарды эске алабыз. Оң жыйынтык чыгат деп ойлойм", - Нурлан Шакиев.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда 1 миллион 400 миңдей машине бар. Ички иштер министрлигинин билдиришинче, соңку он жылда Кыргызстанда 68 миңге жакын жол кырсыгы катталган жана 10 миңдей жүргүнчү каза тапкан. Жол кырсыктарынын 80% айдоочулардын күнөөсүнөн болору айтылган.

XS
SM
MD
LG