"ОВД-Инфо" медиа долбоорунун маалыматына караганда, Орусияда активисттер же аскерге чакырылуучулар видео байкоо жана жүзүнөн аныктоо системалары аркылуу кармалган окуялардын 600гө жакыны катталган.
Бирок "Роскомсвобода" коомдук долбоорунун эсебинде, чыныгы статистика алда канча жогору.
Сергей Захаровду метродо бараткан жеринен кармап кетишкен, себебин түшүндүрүшкөн эмес. Полиция бөлүмүнө жеткирилгенде ал жактагы кызматкерлер Захаровдун өзүнөн "Кайсы бир акцияга катышканың үчүн кармалдыңбы?" деп бир нече жолу сурашкан. Ал "Силердин мени кармап кетишиңерге кандайдыр бир негиз болгондур. Эмнеге кармалдың деп кайра менден сурап жатасыңарбы? деп жооп берген. Ошондон кийин аны коё беришкен.
"Досторубуз менен Сева Лисовскийдин спектаклине жөнөп, Бертольд Брехт көчөсү менен кетип баратканбыз. "Измайловскаяга" жеткенибизде бизге адатта метродо кезметте турган полиция кызматкерлеринин экөө келди, - деп эскерүүдө “Признаки жизни” долбоорунун "Лобное место" даректүү тасмасынын башкы каарманы Дарья. – Бизди 26-февралда кармап кетишкенде митингге [2022-жылы] катышканыбыз тууралуу берене боюнча салынган айыппулду төлөй электердин атайын тизмесинде экенибизди айтышты". Тасмадагы дагы бир каарман, акын Никита Левитский Дарьяны кармалганда сүрөткө тартып алышканын айтууда. "Митингдерде сүрөткө тартып алышкандардын көбүн алардын сүрөт базасында болгону үчүн гана кечээ метродон кармап кетишти", – дейт ал.
Егор Комлевди, Елена Грибкованы жана дагы кеминде 13 кишини абакта белгисиз жагдайда каза болгон оппозиционер саясатчы Алексей Навальныйды акыркы сапарга узатуудан кийин кармашкан.
Саясий активисттерди же нааразылык акцияларынын катышуучуларын видео камера аркылуу көзөмөлдөө аракети Орусия Украинага толук масштабдуу агрессиясын баштаганга чейин эле жүргүзүлүп келген.
2022-жылы январь айында "ОВД-Инфо" долбоорунун сайтына орус бийлиги видео камераларды жана адамды жүзүнөн аныктай турган системаны нааразылыгын билдирген жарандарга каршы кантип колдонору тууралуу баяндамасы жарыяланган.
Баяндамада айтылгандай, 2021-жылы укук коргоочулар кармоолор тууралуу кеминде 454 факт аныкташкан, алардын 363ү оппозиционер Алексей Навальныйды колдоо акцияларына байланыштуу болгон, арасынан кеминде 164ү соттук териштирүү учурунда же полиция кызматкерлери менен сүйлөшкөндө далил катары фото жана видематериалдарды көрсөтүшкөнүн айтып беришкен. 125 киши ошол материалдар менен таанышып чыгууга мүмкүнчүлүк алышкан. "ОВД-Инфо" белгилегендей, адамды жүзүнөн аныктап билүүчү система тууралуу сот токтомдорунун арасынан алтоондо гана жазылган.
2021-жылы 6-майда ошол кезде Москванын Черёмушки районунан муниципалдык депутат болуп турган Юлия Щербакова кармалган. Аны ички иштер башкармалыгына күчтөп салып кетишкен жана ошол эле күнү Навальныйды колдоо акциясына катышканы үчүн деген негизде соттошкон. Бирок видео көзөмөл камерасына түшүп калган аял башка экени, Щербакованын эч тиешеси жоктугу териштире келгенде аныкталган.
"Роскомсвободанын" юристи Саркис Дарбинян Moscow Times басылмасына айтып бергендей, Орусиянын бийлиги Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) видеокөзөмөлдү колдонуу жаатындагы чектөөлөр боюнча сунуштамаларын тоготкусу келбей жатат жана жарандардын биометрикалык маалыматын мыйзамсыз пайдаланууда.
"ОВД-Инфодогу" укук коргоочулар нааразылык акцияларынын катышуучуларын же башка активисттерди камоону жалпы эле жарандарды коркунучта кармап туруу аракети деп баалап келишет. Бийликтин мындай аракети адамдарды өздөрүнүн жарандык укуктарын ишке ашыруудан баш тартууга мажбурлайт. Нааразылык акциясына катышуунун өзү эч кандай мыйзам бузуу эмес экенин белгилеген укук коргоочулар Орусиянын Административдик укук бузуулар жөнүндөгү кодексинде кылмыш жасоо ниети үчүн да жазалоо каралбаганын эскертүүдө.
Адамды жүзүнөн аныктоо функциясы бар видео көзөмөл системасы кылмыштуулукту азайтып, кылмыштардын бетин ачуу үчүн орнотулган. Бирок "Свобода" радиосуна маек кургандар бул ыкма тандалма иштөөчү, ката кетирүүчү репрессия каражатына айланганын, ал эми кылмыштын бетин ачуу көрсөткүчү мындай система киргенден бери жогоруламак түгүл кайра төмөндөп кеткенин айтып беришти.
"Коллективное действие" изилдөө борборунун негиздөөчүсү Сергей Росс кесиптештери менен жазган илимий эмгегинде адамды жүзүнөн таануучу системалар Москвада качан орнотула баштаганын, алардын түрлөрү кандай болгонун жазган.
Маалыматта айтылгандай, тасмасы кара жана ак түстөгү алгачкы камералар 2001-жылы үйлөргө жана коомдук жайларга тагылган. Ал эми адамды жүзүнөн таануучу алгачкы системалар 2012-жылы Москва метросуна орнотула баштаган. 2021-жылы мындай автоматташтырылган система Москвадагы мамлекеттик органдарга тийиштүү камералардын баарына коюлган.
Изилдөөчүлөрдүн эсебинде, бир гана Москвада бүгүнкү күндө 205 миңден ашуун камера иштеп жатат. Камералардын саны боюнча экинчи орунда Подмосковье (80 миңден ашуун), андан кийин Санкт-Петербург (67 миң) жана Татарстан (32 миң) турат. Ал эми "эч нерсе көрбөгөн" аймак – Чукотка (15 камера).
Кымбат система
Moscow Times басылмасынын журналисттери эсептеп чыккандай, адамдарды көзөмөлдөп туруучу системаларды сатып алууга кеткен чыгым 2011-жылдан бери 3,6 миллиард рублди түздү, анын 1,2 миллиарддан ашууну – Украинага каршы согуш башталгандан берки чыгымдар.
2011-жылдан бери "Коопсуз шаар" системасына кошулган камераларды тейлөө жана алардагы видеону атайын маалымат базасына жөнөтүп туруу боюнча дээрлик 600 келишим түзүлгөн. Жалпы суммасы 120 миллиард рубль болгон. Анын 90 миллиардга жакыны боюнча келишимдерди Москва мэриясы түзгөн.
Басылма Москванын Маалымат технологиялар департаментинин 2022-жылы 29-ноябрда түзгөн келишимине таянып белгилегендей, видео байкоонун эң кымбат түрү короо ичиндеги көзөмөл системасы болгон – анын камераларынын бирөөнө эле бюджеттен айына 15,5 миң рубль бөлүнүп турган, келишимдин беш жылдык мөөнөтү ичинде 900 миң рубль төгүшкөн. Коммерциялык структуралар үчүн башкача шарттар сунуш кылынган. Мисалы, "Ростелеком" баасы 3 миң рубль турган, адамды жүзүнөн аныктоочу система болсо, кошумча 1,8 миң рубль кошула турган камераларды сунуштоодо.
Камералар кантип иштейт?
Социолог Антон Васильев (аты-жөнү коопсуздук үчүн өзгөртүлдү) саясий активисттердин изине түшүү үчүн адамды жүзүнөн аныктоочу системалардын логикасы катардагы уурулук же башка кылмыштардын жүзүн ачуу ишиндегиден абдан айырмаланып турарын айтууда. Анан дагы бул иштерди ар башка адистер аткарат.
"Камералар иштеп жатат. Биз аны көрүп жана билип турабыз", – дейт Васильев. Анын айтымында, бүгүнкү күндө видео байкоо жүргүзүүчү жана адамды жүзүнөн аныктоочу камералар негизинен метродо жакшы иштеп жатат. Ал жерде ыңгайлуу шарт бар – жарык тийиштүү деңгээлде тийип турат, камералар ыңгайлуу жерге орнотулган, алардан жашынып өтүп кетүү мүмкүн эмес.
Васильев белгилегендей, метродогу бул система мурда кылмышкерлерди же активисттерди издөөдө өтө эле сейрек колдонулчу. Анткени ал, социологдун айтымында, "өтө жакшы" иштечү, ал эми полиция кылмыштардын баарын ачууга анча деле умтулбай келет.
"Камераны күйгүзгөндө система ушунчалык тездик менен иштей баштагандыктан, маалыматтар дароо лог болот (маалымат жазылып, ага тез жетүү мүмкүнчүлүгү менен түзүлөт). Издөөдө жүргөн адам аныкталып калса, дароо жазылат, ал маалыматты анан иштеп чыгыш керек болот. Албетте, ансыз да иш толтура болуп жатканы аз келгенсип камера күйүп турса, андан түшкөн маалыматты да иштеп чыгыш керек болуп, түйшүк көбөйсө, кимге жакмак эле? Эч кимге. Ошондуктан отчет үчүн керек болгон учурда гана камераларды күйгүзүп, тийиштүү отчетко жетип алгандан кийин кайра өчүрүп коюшчу.
Андыктан бул жерде маселе ошол камералар кандай иштегенинде эмес, деги эле мындай системаларды кандай кабылдоо керектигинде. Полиция кызматкерлеринде деле күнүмдүк жумушунда кайсы бир активистти же оппозиционерди издей калайын деген эч кандай умтулуу жок. Алар күнүгө ансыз деле ар кандай уурулук жана башка кылмыштар, арыз-даттануулар менен алек. Кылмышты ачууга жардам берген системалардын болгону алар үчүн жакшы, бирок бул процесстин көзөмөлдөнүшү оор болуп кала тургандай тездеп кетиши, тескерисинче, жаман. Себеби, алар кылмышкерди кармайын деген эмес, жумуштан сый акы алайын же эскертүү алып калбайын деген эле ниет менен иштешет".
Камералардын ишинин натыйжалуулугун баалоодо эске ала турган дагы бир фактор – бул алардын метродон башка жердеги иштөө сапаты. Адамдын жүзүн таанып, салыштыра турган система үчүн маалыматтар паспорттук кызматтан же чет өлкөгө чыгуучу паспорттордун картотекасынан алынат, ошондуктан, Васильевдин айтымында, күч кызматкерлери чет элдик жарандарды аныктоодо айрым кыйынчылыктарга дуушар болушат.
"Соңку 2023-жылдагы маалымат боюнча, чет жакка чыгуучу паспорт Орусиянын жарандарынын 13 пайызында бар. Кадимки паспорттогу сүрөттөрдү да эске алсак болот. Өлкө сүрөттөрдүн санарип форматына өткөнүнө 5–10 жылдай эле болду. Демек, аларда Орусиянын калкынын кеминде үчтөн экисинин сүрөтү жок", – дейт социолог.
Анын айтымында, орусиялык ири банктар маалымат базасын кеңейтүү максатында 2020-жылы ар кандай шылтоолор менен кардарлардын биометрикалык маалыматын чогултууга аракет кылышкан. Банкка барып биометрикасын тапшыра турган жарандарга ар кыл бонустарды убада кылышкан, бирок муну кантип жана эмне үчүн жакшыртса болору тууралуу түшүнүгү болгон эмес. Бул акциянын натыйжасында, Васильевдин эсеби боюнча, өзүнүн биометрикалык маалыматын болжол менен 100 миңдей адам тапшырган.
"Коллективное действие" изилдөө борборунун негиздөөчүсү Сергей Росстун белгилешинче, күч органдары адамды жүзүнөн аныктай турган система үчүн сүрөттөрдү каерден алып жатканын азыр деле жүз процент ишенимдүүлүк менен так айтуу мүмкүн эмес. Бирок соттук териштирүүлөргө жана маалымдоочулардын айткандарына, башка өлкөлөрдүн бул сыяктуу системаларынын иштөө ыкмасынын анализине таянып, ал камералар кайсы бир адамды аныктоодо референттик көрүнүштүн сапатынын начардыгынан улам туура эмес маалымат берген учурлар көп кездешет деген бүтүмгө келген. Росс да Васильев сыяктуу эле адамдардын фотосүрөттөрү ар кайсы жактан алынууда деген пикирде.
Социологдун айтымында, Москвада кылмыштардын бетин ачуунун жалпы көрсөткүчү төмөн, бирок оор кылмыштардын ачылышы боюнча көрсөткүч жалпы өлкөдөгүгө салыштырмалуу өтө жогору, анткени мындай учурда система жакшы иштейт. Бирок ошол эле учурда адамдарды жүзүнөн аныктоочу системанын маалыматы камтылган кылмыш иштеринин көбү ара жолдо калып, териштирүү дээрлик аягына чыгарылбайт. Васильев камералардын бүт жакта колдонулушу коомчулук арасында жапырт нааразылык жаратышы ыктымал экенин, андайдан күч структуралары кооптонорун айтууда. Ошондуктан биометрикалык маалыматтар киргизилген күндө да кылмыштардын бетин ачуу көрсөткүчү жогорулайт деп үмүттөнүүгө негиз жок, бирок камералар саясий куугунтук каражатына айланган окуялар сейрек эмес. Бирок мында айрым жагдайлар бар.
Социологдун пикиринче, азыр нааразылык акцияларында жана ири митингдерде байкоо камералары начар иштейт жана дээрлик колдонулбайт. Себеби аянттарда төрт тарапты тең көрүп туруучу атайын оптикалык функциясы бар "Купол" камералары илинип турат. Алар формасы жагынан тегерек болгондуктан биометрикалык маалыматтар менен жакшы иштей алышпайт. Адатта мындай учурда антропометрикалык маалыматтардын анализ ыкмасын, ар бир адамдын өзүнө гана таандык сапаттарды колдонушат, бирок мындай система Орусиянын тажрыйбасында сейрек кездешет.
Мындай камералар негизинен нааразылык акциялары жүрүп жаткан кезде демонстранттардын кыймыл-аракетине байкоо жүргүзүүгө караганда полициянын ишин координациялоо үчүн көбүрөөк колдонулат. Эгер күч кызматкерлерине профайл берилип, алар кайсы бир активистти кармоого милдеттендирилсе, алар метродо орнотулган камералар аркылуу гана иштей турганы анык.
"Мурда, адамды жүзүнөн аныктоочу системалар мынчалык көп боло элек кезде, сизге жөн гана келип: "Митингдерге катышпагыла", - деп айтып кетишмек. Ал эми азыр келип: "Сиздин митингге барып катышканыңызды билебиз. Ал жакка мындан кийин барбаңыз же болбосо биз менен участокко жүрүңүз", - дешет. Мында камералардын иштеп турганы биринчи кезекте жарандарды коркутуу үчүн колдонулат, андан башка профайлдын кереги деле жок, анткени бардыгы баарын билишет", – дейт Васильев.
Камералар кылмышкерлерди аныктоого жардам береби? Анда эмне үчүн бул система Орусиянын жалпы аймагын камтыбайт?
Көптөгөн каражаты коротулганына жана адамдарды жүзүнөн аныктоочу системаны киргизүү боюнча көп аракет көрүлүп жатканына карабастан, 2018-2021-жылдары Орусияда кылмыштардын бетин ачуу көрсөткүчү жогорулабаганын Сергей Росс да, анын кесиптештери да белгилөөдө.
Тескерисинче, "Москва тажрыйбасы" башталгандан бери кылмыштарды ачуу көсөткүчүнүн деңгээли бардык багыттар боюнча бир нече пайызга төмөндөп кеткен. Изилдөөчүлөрдүн пикиринче, буга катталган кылмыштардын структурасында өзгөрүү башталганы себеп болушу ыктымал. Мисалы, изилдөө жүргүзүлгөн мөөнөттө кибер кылмыштардын саны чукул көбөйгөн.
Талдоонун жыйынтыгы көрсөткөндөй, мисалы, Москвада эле адамды жүзүнөн таануу системасын киргизүү уурулуктун жана коомдук жайларда жасалган кылмыштардын бетин ачуу көрсөткүчүнүн жогорулашына алып келген жок. Изилдөөнүн авторлору Москвада кылмыштын бетин ачуу көрсөткүчү жалпысынан төмөн (30%) экенин белгилешет (Германияда, мисалы, 60%). Жүзүнөн таануу системасын киргизүү муну жогорулаткан жок.
"Бул маалыматтар расмий адамдардын кишини жүзүнөн таануу системасы менен бирдиктүү көзөмөл системасын түзүүгө жумшалган миллиарддаган мамлекеттик каражаттар тууралуу үмүтү жана билдирүүлөрү реалдуулуктан алыс экенин айгинелеп турат. Убада кылынган "кылмыштарды издөө жана ачуу жаатындагы чыныгы революциясы" расмий адамдар айткандай болбой калды окшойт", - деп айтылат изилдөөдө.
"Кандай гана жаңыдан киргизилип жаткан, мисалы, камера жа ошол камерага тиркелген адамды жүзүнөн таануучу система сыяктуу ыкма болбосун, изилдөөнү жана тактоону талап кылат: ал түрдүү шартта кандай иштейт, ага полиция кызматкерлеринин реакциясы кандай болууда, аны кантип колдонуп жатат деген сыяктуу. Мунун баары изилдөөнү жана талдоону талап кылат. Мындай иш азыркыга чейин жасала элек", – дейт Росс.
Ошондой эле, Росстун айтымында, системаны иштеп чыккан ар кандай адамдар көп, алардын түрдүү мамлекеттик органдарда иштеген, кызыкдар болгон кураторлору да жок эмес. Алардын саны система кеңейген сайын көбөйүүдө.
"Мэр Собянинди деле айтсак болот, ал да бир өзүнчө оюнчу. Москвадагы системанын өзүнүн "ээлери" бар. Санкт-Петербурда өзүнчө система. Сбербанк, Центробанк же бул тармакты тейлеген министрлик сыяктуу да өзүнчө кызыкдар тараптар бар. Алардын ар биринин өз көз карашы, кызыкчылыгы бар. Ар кимиси мүмкүнчүлүгүнө жараша өзүнүкүн алдыга сүрөп, аракетин көрүп келе жатат. Мунун баары өнүгүү жагынан алып караганда өзүнчө бир көйгөйгө айланышы толук ыктымал. Ар кимиси "жуурканды өзүнө тартып", акыры иш оңунан чыкпай калчудай", – дейт Росс.
Камераны "алдап койсо" болобу?
NTechLab компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири, адамды жүзүнөн таануучу системалар жаатындагы алдыңкы "оюнчулардын" катарында келе жаткан Александр Кабаков алардын системасын алдап коюу өтө кыйын экенин, ал беткап тагынган кишини да аныктап берерин айткан.
Антон Васильев бул пикирге кошуларын, бирок Москванын системасын заманбап деп айтуу мүмкүн эмес экенин белгиледи:
"Соңку изилдөөлөр көрсөткөндөй, эгер адамды жүзүнөн аныктоочу система мыкты болсо, аны алдап өтүү, чынында эле, мүмкүн эмес. Эгер адамдын сүрөтү да, ага салыштыра турган сүрөт да жакшы сапатта болсо, ошол деле жетиштүү. Москвада, мисалы, системалар заманбап деп айта албайм. Ошол эле Сбербанктыкы ага караганда мыктыраак жабдыктар менен камсыздалган. Кырдаал келечекте өзгөрөбү же жокпу – белгисиз".
Сергей Росстун айтымында, адамды жүзүнөн таануучу системаны алдап коюуга теориялык жактан алып караганда мүмкүнчүлүк берүүчү нерселер аз эмес. Мисалы, чач жасалга, кишинин баскан ылдамдыгы жана стили, атайын кийими. "Орусияда гана эмес, жалпысынан ала турган болсок, алдоо мүмкүнбү? Экинчи суроо – саясий активисттер күн сайын туш болуучу орусиялык реалдуулук шартында камераларды алдаса болобу? Эки суроого тең жооп – "ооба", бирок эки башка "ооба" дейбиз".
Орусия боюнча, азыркы Москва жана саясий активисттер боюнча айта турган болсок, мындагы негизги өзгөчөлүк – системада сапаты начар сүрөттөр колдонулууда. Активисттер камера аркылуу так аныкталып кармалган учурлар да бар, бирок системанын катачылыгы катталган окуялар да жок эмес.
Мисалы, үй камагында отурган Люся Штейндин окуясын алсак. Ал курьерге окшоп кийинип алып үйдөн чыгып кете берген. Мейли, үйдүн камераларынын сапаты анча эмес дейли, бирок ал өлкөдөн чыгып кете алды да. Көптөгөн активисттер, алардын арасында өтө олуттуу айып тагылгандары да соңку эки жылда Орусиядан чыгып кетүүгө үлгүрүштү.