Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:40

COVID-19: Орусияда каза болгондор согуштан кийинки көрсөткүчкө жетти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавирустун "омикрон" штаммы тарап жатканы улам бир өлкө чек араларын жабууга, чектөө киргизүүгө өттү. Ал тапта Орусияда былтыркы декабрдан ноябрга чейин каза болгондор Улуу Ата Мекендик согуштан кийинки эле көрсөткүчкө жеткени, мунун себептеринин бири COVID-19 илдети экени маалымдалды.

Кошмо Штаттар өлкөгө келгендердин бардыгынан сапарга чыгардан бир күн мурун тапшырылган тесттин жыйынтыгын талап кылууну караштырып жатат. Бул тууралуу Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борбору 30-ноябрда билдирди. Буга чейин толук эмделгендер учакка отурардан мурун 72 саат ичинде берилген анализди көргөзүүгө тийиш болчу. Мындай эреже коронавирустун “омикрон” вариантынын жайылып жатышына байланыштуу киргизилгени жатат.

Жаңы протокол президент Жо Байдендин 2-декабрга пландалган кайрылуусуна чейин бекитилет. Мамлекет башчы кышкысын пандемияны ооздуктоо үчүн көрүлүүчү чаралар менен тааныштырмакчы.

Мындан бир нече күн мурун эле АКШ чет өлкөлүктөр үчүн эрежелерди жумшартып, вакцина алгандарга чек арасын ачкан.

Ондогон башка мамлекеттер да “омикрондун” жайылышын алдын алуу максатында негизинен Африканын түштүгүндөгү бир нече өлкөнүн жарандарынын кирүүсүнө тыюу салган.

Түштүк Африка, 28-ноябрь 2021-жыл
Түштүк Африка, 28-ноябрь 2021-жыл

Жаңы штамм “олуттуу кооптонуу” жаратарын билдирген Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму ошол эле маалда андай тыюу вирустун тарашына жолтоо боло албасын, тескерисинче, элдин экономикалык абалына терс таасирин тийгизерин эскертти. “Так маалыматтарга таянып, коркунучту таразалап туруп” чара көрүүгө чакырды.

Бирок алгач Түштүк Африкада аныкталып, 20дан көп өлкөдө аныкталган “омикрон” тууралуу азыр так маалымат аз болууда. Атап айтканда, анын канчалык жугуштуу экенин, вакциналар канчалык коргой аларын илимпоздор тактай элек.

"Бул вирустун техникалык өзгөчөлүктөрүн айта албайбыз, маалымат аз. Бир-эки аптадан кийин бир аз түшүнүктүүрөк болуп калаар. Азыр анын канчалык кооптуу экенин да так айтуу мүмкүн эмес. Ушу тапта анын буга чейинкилерден жугуштуу экенин гана айта алабыз", - деди орусиялык адис, медицина илимдеринин доктору Владимир Власов.

Британия, АКШ жана Евробиримдик жаңы штаммдын тарашына байланыштуу үчүнчү дозаны же бустерди сайдыруу иштерин ыкчамдатууга киришти.

30-ноябрда Европанын Медицина агенттигинин аткаруучу директору Эмер Кук азыр колдонулуп келаткан вакциналар жаңы варианттан коргоорун, шаркеттеги бейтаптарда симптомдор жеңил болуп жатканын белгиледи.

"Бир жылга жетпеген убакытта Еврошаркетке бир миллиарддан көп доза вакцина келген. Ошол эле маалда биз 1,3 миллиард дозаны экспорттодук. Эми эмдөөнүн деңгээлин, өзгөчө жараян солгун жүрүп жаткан өлкөлөрдө көтөрүү үчүн аракет көрүүгө тийишпиз. Өзгөчө "омикрон жайылып жатканда бул абдан маанилүү".

Ал эми АКШнын "Модерна" фармкомпаниясынын аткаруучу директору азыркы вакциналар “омикрон” түрүнө каршы анча эффективдүү болбошу мүмкүн деп билдирди. Стефан Бансел Financial Times гезитине берген интервьюда жаңы штамм мутация болгонун жана өтө жугуштуу экенин белгиледи. Андыктан вакциналарды эмки жылы өзгөртүү керек болушу ыктымалдыгын кошумчалады.

"Модерна" жана Pfizer/BioNTech “омикронду” бутага алган препараттын үстүнөн иштеп жатышат. Бирок бул жараянга, вакцинаны жактырууга бир нече ай кетиши ыктымал. Анын үстүнө азыркы вакциналар да тартыш болууда.

Орусиядагы кырдаал

Ал тапта Орусияда былтыркы декабрдан бери үстүбүздөгү ноябрга чейин 2 миллион 400 миң киши өлгөнү маалымдалды. Мындай жаңылыкты “Ведомости" гезити демографтардын статистикасына таянып чыгарды. Маалыматка караганда, Улуу Ата Мекендик согуштан бери өлкөдө мынча өлүм-житим катталган эмес. 1941-1945-жылдары мындан 2-3 эсе көп киши каза тапкан. Андан кийин 2003-жылы 2 миллион 370 миң орусиялык өмүр менен кош айтышкан.

Санкт-петербург шаары
Санкт-петербург шаары

Бул жолку антирекордду адистер негизинен COVID-19 илдетинин пандемиясына байланыштырышат. Коронавирус менен күрөшүү штабынын маалыматына ылайык, ноябрь айында эле оорудан жана кесепеттеринен күнүнө орточо алганда 1 222 киши дүйнө салып жатты.

Ошол эле маалда демографтар өлүм-житимдин бардыгын эле коронавиурстан көрүү туура эместигин белгилешет. 200 миңден ашуун киши ооруга тиешеси жок себептерден улам көз жумган. Эксперттердин бир тобу саламаттык сактоо системасына чоң күч келип жатканына көңүл бурушат.

Андан тышкары Орусияда калктын улгайуусу да бул статистикага таасир этүүдө.

Коронавирустун жаңы түрүнөн көз жумгандар катталбагына менен, ал өтө ылдам жайылууда. Адистер чек араларды жабуу өңдүү чаралар менен убакыт утса болорун, илимпоздорго бул арада жаңы штаммды анализдеп чыгууга мүмкүнчүлүк түзүлөрүн айтышат. Андан тышкары жогоруда айтылгандай ооруканаларга, саламаттык саткоо системасына күч келтирбөө үчүн керек дешет.

XS
SM
MD
LG