Орусиянын Шибер (орусча: Сибирь) жана Ыраакы Чыгыш аймактарынын бир катар шаарларында 9-январда бийликтерге каршы нааразылык чаралары өткөрүлдү.
Владивосток
Ыраакы Чыгыштагы негизги шаар – Владивостокто пикет уюштурулду. Бул пикетти акыркы жолу “мыйзамга ылайык” деп санашууда (жекшембиден тартып нааразылык чарасынын бул түрү атайын уруксат алган соң гана өткөрүлүүгө тийиш).
Владивосток шаарында борбордук аянтта “Мөөнөтсүз нааразылык” чарасынын өкүлдөрү пикетке туруу үчүн кезекке туруп жатышты. 10-январан кийин пикет да макулдугу жок уюштурулган чакта сыйзамсыз саналмакчы. Пикетке 20 тургун кезек менен турганы кабардалды.
Бул иш чарага катышкан Татьяна Намазбаева калайык аз катышса да, бул чараны “жапатырмак калк катышты деп атоо керек”, – деп келекеледи. Анын айтымында, коомдук жыйын өткөрүү тууралуу эч бир арызды шаар бийликтери канааттандырган жок.
Бийликтер өздөрүнүн тыюуларын коронавирус коркунучу менен түшүндүрүүдө. Ошол эле учурда жаңы жылдык жармаңкелер жана маданий шаан-шөкөттөр Владивостокто ээн-эркин уюштурулду.
Георгий Какабадзе көтөрүп чыккан көрнөктө “Орусиядагы негизги көйгөй – бул сенсиң. 10-январдан тартып эми эч нерсе жасоого болбойт” деп жазылган.
Хабаровск
Хабаровск шаарында камактагы саясатчы, мурдагы губернатор Сергей Фургалга тилектештик билдирүүнүн ушуну менен 183-күнкү чарасы өттү.
Хабаровскилик тургундар крайдын өкмөтүнүн имаратынын алдында жыйылышты. Аянтта музыка ойноп турду. Журналисттер нааразылык чарага чыккандар менен маек куруп жатышты. Андан соң демонстранттар шаар көчөлөрү менен тынч жүрүш уюштурушту. Аларды полиция четтен байкап ээрчип отурду.
Тасма. Хабаровск шаарында. 09.1.2021.
Барнаул
Бийликтерге каршы айрым кишилер чыккан пикетттер Алтай крайынын борбору Барнаул шаарында да өткөрүлгөндүгү маалымдалды. Бул тууралуу “Жарандык коомду колдоо тобу” деген уюм Телеграм каналында кабардады.
Новосибирск
Шибердеги Новосибирск шаарында да тургундар Хабаровск шаарындагы нааразылык чарасын колдоо иретинде көчөгө чыгышты. Алар Хабаровск шаарындагы “Эл – бул бийлик!”, “Ойгонгула, шаарлар, Атажуртубузда – алаамат!” деген сыяктуу ураандарды кайталап чакырып жатышты.
Тасма. Новосибирск шаарындагы нааразылык чарасы. 09.1.2021.
Новосибирскиликтердин ишемби күнкү нааразылык чарасы тууралуу тасма Ю-Тюбда жарыяланды.
Кыскача:
* 2021-жылдын босогосунда Орусиянын президенти Владимир Путин саал мурдараак парламент кабыл алган бир нече мыйзам долбоорлоруна кол койду. Алар жарандык коомдун ишмердигине карата мурдагы тыюуларды катаалдантат же жаңы тыюуларды киргизет.
Маселен, көчөнү тоскондорго карата кылмыш иши козголот, ушак-айың үчүн абакка кесүүгө болот, уюмга эле эмес, кишиге да “чет элдик агент” макамы ыйгарылышы ыктымал, жалгыз кишинин пикети массалык нааразылык чарасына теңелет, ж.у.с.
* Мурдагы губернатор Фургалды колдоо чаралары 2020-жылдын июлунан бери улантылып келет. Нааразылык чарасына чыккандар анын соту адилет жүрүшүн талап кылууда. Фургал мырзага саясий буюртма менен киши өлтүрткөн деген доо коюлган. Оппозиция бул доону саясий буюртма катары баалоодо.
2020-жылы 17-декабрда маалымат жыйынында президент Путин Фургалды жоопко тартуу аракети – туура кадам болуп саналат, деген пикирин билдирген.