Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:27

Ооган кыргыздары: өкмөттүн дымагы, коомчулуктун пикири


Памирлик кыз. (Антрополог Тобиас Маршаллдын бул сүрөтүн автордун уруксаты жок башка маалымат булактарына чыгарууга болбойт!).
Памирлик кыз. (Антрополог Тобиас Маршаллдын бул сүрөтүн автордун уруксаты жок башка маалымат булактарына чыгарууга болбойт!).

Кыргыз өкмөтү Ооганстандан дагы 1,5 миңдей этникалык кыргыздарды көчүрүп келерин жарыялады. Бирок муну айрымдар тарыхый жаңылыштык катары сыпаттап жатат. Буга чейин Ооганстандан 100 чакты үй-бүлө Кыргызстанга көчүрүлүп келип, Нарынга жана Алайга жайгаштырылган. Бир тобу кайра кетип калышканы маалым.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Ооганстандан бир жарым миңге чамалуу этникалык кыргыз көчүрүлүп келерин 15-июлда журналисттерге билдирди. Анын айтуусунда, бул алдыдагы эки жылда ишке ашчу иш.

"2022-жылдан 2024-жылга чейин Ооганстандын кичи жана Чоң Памир аймагынан биздин өлкөгө 1500 этникалык кыргызды, 400 үй-бүлөнү көчүрүп келүү пландалууда. Аларга үй куруп, айылдын инфраструктурасын өнүктүрүү үчүн быйыл мамлекеттик бюджеттен 77 млн. 220 миң сом бөлүнөт".

Былтыр сентябрда президент Садыр Жапаров Ош облусунун Чоң-Алай районунда Кичи жана Чоң Памирден келген этникалык кыргыздар үчүн шаарчанын курулушуна капсула салган.

Шаарча үчүн Кашка-Суу айылынын Бурган-Суу тилкесинде 30 гектар жер жеке турак жайларын жана социалдык объектилерди курууга трансформацияланган. Ал жерге 30 үй куруп, айылдын инфраструктурасын өнүктүрүү үчүн 2022-жылы мамлекеттик бююжеттен 77 млн. 220 миң сом бөлүнөрү кабарланган.

Министрлик памирлик кыргыздарды алып келүү жана жайгаштыруу үчүн иш алып барууга бюджеттен 244 миллион 530 миң сом сарпталарын билдирди.

Кыргызстан Ооганстандагы этникалык кыргыздарды эки жылдын ичинде толугу менен көчүрүп келүүнү максат кылып жатканын президент Садыр Жапаров да былтыр күзүндө маалымдаган. Мамлекет башчы анда памирликтер Кыргызстанга көчүрүп кетүүнү өтүнүп жатканын айткан.

Тарыхчы-илимпоздордун пикири бир кылка эмес

Ооганстандын Улуу жана Кичи Памир тоолорунда оор шартта жашаган кыргыздар тукум курут болуп кетпесин деген негизде аларды Кыргызстанга көчүрүп келүү маселеси акыркы он жылдан бери көтөрүлүп келет.

Бирок бул боюнча тарыхчы-окумуштуулардын пикири да бир кылка эмес. Айрымдары Памир кыргыздардын тарыхый мекени болгонун, алардын жашоо таризи обочо экенин айтып, алып келүүгө каршы болсо, бул жакка көчүрүүнү колдогондор алардын социалдык абалы начар экенин жүйө келтирет.

Тарых илимдеринин кандидаты Аскарбек Беделбаев памирлик кыргыздарды өлкөгө алып келүү алардын эрки, каалоосу менен гана ишке ашуусу керек деген пикирде.

"Памирликтердин жашоо-шарты катаал. Анын үстүнө азыр ооган бийлиги да жардам көрсөтпөй калды. Эгерде алар өздөрү кааласа, бул жакка көчүрүп келүүгө болот. Алардын жери кыргыздыкы болгон деген менен чек ара жагынан Ооганстандын карамагында. Ошого саясий чечим кабыл алып, күч менен алып келүүдөн карманышыбыз керек. Буга чейин көчүрүп келгенде да алардын бир тобу кайра кетип калышпадыбы. Бул жакта калгандарынан бизди мамлекет багышы керек деп өкмөттүн көзүн карап отуруп калгандары болду".

Памир кыргыздарын Кыргызстанга көчүрүп келгенде алардын уникалдуу маданияты жок болорун айткандар да жок эмес. Ошол себептүү Памирге оорукана, мектеп сыяктуу социалдык объектилерди куруп, элдин саламаттыгына жана цивилизацияга ыкталышына көмөк көрсөтүүнү сунуштагандар бар.

Кайрылмандар боюнча эксперт, журналист Жолдош Турдубаев этникалык кыргыздардын билим алуусуна шарт түзүү керек деп эсептейт.

"Аларды ошол жакка эле калтырып, бирок саламаттыгына кам көргөнүнө, мектептен билим алышына шарт түзүп берүү керек. Балдардын билим алуусуна шарт түзүлсө жакшы болсок. Аларды тарыхый мекенинен козгоонун кереги жок".

Эске салсак, 2017-жылы 50 чакты, 2019-жылы дагы 50 үй-бүлө Кыргызстанга алып келинип, адегенде Нарынга жана Алайга жайгаштырылган. Айрымдары билим алуу үчүн балдарын гана жиберген. Кийин бир нече үй-бүлө Ооганстанга кайра кайтып кеткен.

Көчүрүп келүү ордуна колдоо көрсөтүү керек

Жогорку Кеңештеги социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин эксперти Салтанат Бараканова​ памирлик кыргыздар көчүрүлүп келгени менен обочодо калып, өлкөдөгү шарты катаал аймактарда жашап жатканын белгиледи.

"Бул жакка келген кайрылмандар кайра эле климаты катаал, тоолуу аймактарда жашап калып жатат. Андан көрө ооган бийлиги уруксат берсе, памирлик кыргыздарга турак жай, мектеп жана башка жашоону жеңилдетүүчү шарттарды түзүп берүү керек".

Ал эми Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Каныбек Иманалиев Памирдеги кыргыздар жашаган аймак Кыргызстан үчүн стратегиялык жактан да маанилүү экенин айтууда.

Улуу Памир менен Кичи Памирди бириктирген Вахан коридорунун картадан көрүнүшү. Ооганстан.
Улуу Памир менен Кичи Памирди бириктирген Вахан коридорунун картадан көрүнүшү. Ооганстан.

"Маселенин эки жагын караш керек. Анткени алар жашаган аймактын аянты чоң. Учурунда кыйынчылык менен алган жерлерин оңой эле таштап кеткени да болбой калат. Анын ордуна цивилизацияны ошол жакка алып баруу керек. Алардын негизги көйгөйү - оорукананын жоктугу, ун азыктарынын жетишсиздиги жана кыштоодогу түйшүктөр. Ал жактагы жаштарды алып келип, медицина ж.б. кесиптерге окутуп, кайра мекенине жөнөтө тургандай шарттар түзүлүшү керек. Геосаясий жактан алганда да алардын жери Кыргызстан үчүн аябай маанилүү. Бийик жерде жайгашкан, ары жагында Пакистан, Ооганстан, берки тарабында Тажикстан, Кытай, Кыргызстан турат. Төрт өлкөдө тең кыргыздар жашайт. Ушуну эске алганда аларды ошол жерде эле кармап, гуманитардык жактан колдоо маанилүү".

Былтыр Ооганстандагы талибдер бийликти басып аларда 350дөй оогандык кыргыздар Кыргызстанга өтүп кетүү максатында Тажикстандын аймагына кире качкан, бирок Дүйшөмбү “Кабул кепилдик берди” деп, аларды артка кайтарган.

Кийин "Талибан" кыймылы (Кыргызстанда ишмердиги тыюу салынган) Ооганстандагы бийликти басып алгандан кийин Памирдеги кыргыздар да алардын башкаруусуна өткөнү маалым болгон.

Азыр Памирде жашагандардын жалпы саны 1,5 миңге чамалуу. 2019-жылдын 23-декабрында 50 кишиден турган 11 памирлик үй-бүлө Алай районунун Сары-Могол айылына көчүрүлүп келип, кийинчерээк Талды-Суу айылындагы атайын алар үчүн курулган үйлөргө киргизилген.

2017-жылы Нарынга 50 памирлик кыргыз келип, жатаканага жайгаштырылган. Алардын бир тобу кийинчерээк Ооганстанга кайра кайтып кеткен эле.

Памирлик кыргыздардын мүдөөсү
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:06 0:00

XS
SM
MD
LG