Нарын облустук сотунан билдиришкендей, коронавирус пандемиясынан улам өлкөдөгү өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаалдарга байланыштуу, абакта отурган, оор кылмыштар боюнча айыпталгандардын соттук отурумдары аймакта акыркы үч-төрт айдан бери токтоп турган.
Ушундан улам 21-июлда соттук коллегия соттолуучулардын жана алардын жактоочуларынын апелляциялык даттанууларынын негизинде эки жазык ишин жана бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча бир ишти Нарындагы №24 тергөө абагы менен видеобайланыш аркылуу өткөрдү.
Жазык иштери боюнча соттук отурумдар бир жактоочунун ооруп калганына, үчүнчү иштин жактоочусу жакында пневмониядан каза болгондугуна байланыштуу кийинки мөөнөттөргө жылды.
Мекеменин басма сөз катчысы Барктабас Белековдун айтымында, соттук отурумда судья, прокурор жана адвокаттар сот залында отурушкан. Ал эми айыпталуучулар тергөө абагындагы видео камерадан соттун жүрүшүн онлайн режимде көрүп турушкан.
“Сотторду онлайн өткөрүү үчүн мекемедеги техникалык мүмкүнчүлүк жол берет. Соттук мекеме бул аракеттер айыпталуучуларды соттук отурумдарга атайын транспорттор менен ташуу жана кайтаруу маселелериндеги түйшүктөрдү азайтып, аларга каралган материалдык чыгымдарды кыскартууга да шарт түздү”, - деди Белеков.
Облустук сотто ушундай тартиптеги кийинки соттук отурум 4-августта болот. Жогорку соттун басма сөз кызматы онлайн режимдеги сот иштери башка облустарда да уланарын билдирди.
Буга чейин Жогорку соттун жана прокуратуранын ондогон кызматкерлери COVID-19 илдетин жугузуп алышканы айтылган. 2-июлда бир катар чуулгандуу иштерде жактоочу болгон адвокат Кайрат Загибаев пневмониядан кайтыш болгон.
Мындан сырткары дагы төрт адвокат аталган дартты жугузуп, каза болгону тууралуу маалымат тараган. Оорудан көз жумган адвокаттардын жакындары аларды ишке берилген адис болчу дешип, пандемия учурунда кардарын коргоп, сот отурумдарынан калбай, үзгүлтүксүз катышып жүргөнүн билдиришкен.
Ушундан улам өлкөдө күч алган коронавирус эпидемиясына байланыштуу шашылыш эмес сот иштерин убактылуу токтотуу жөнүндө сунуштар көтөрүлгөн.
Адвокат Канат Хасанов санариптештирүү саясатынын алкагында Бишкек шаарындагы жана аймактардагы соттор онлайн режимде иштөөгө мүмкүнчүлүк алганын, Жогорку сот экономикалык жана жарандык кылмыштарды убактылуу токтотуп же онлайн өткөрүшү зарыл экенин белгилеген.
Ошол эле кезде соттордун онлайн тартипте өтүшүн колдобогондор чыгат. Алардын бири - Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып, камакта жаткан саясатчылардын жактоочуларынын бири Замир Жоошев буларга токтолду.
“Кой-Таш окуясы боюнча сот онлайн өткөрүлөт деп угуп жатам. Бирок ал жерде жараяндар бузулбашы керек. Жараянга айыпталуучулар сөзсүз катышышы керек. Эгер алар катышпаса, анда кош стандарттуулук орун алат. Менимче, сотту тез өткөрүп, шашылыш чечим чыгаруунун аракетин көрүп жатышат”.
Бийлик өлкөдө сот системасын жакшыртыш үчүн бюджеттен былтыр 2 миллиард 154 миллион сом бөлүнгөнүн жарыялаган. Ошондой эле жалпы мамлекетте жүрүп жаткан санариптештирүү саясатынын алкагында иштерди бөлүштүрүү автоматташтырылып, сот залдары видеобайкоо менен жабдылган. Расмий маалыматка караганда, отурумдарды электрондук форматка өткөрүш үчүн Кыргызстанда соттордо автоматташтырылган маалыматтык система ишке киргизилген.
Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелери боюнча комитетинин төрөгасынын орун басары, депутат Таабалды Тиллаевди угалы.
“Сот отурумдарын бирдиктүү базага жана онлайн тартипке өткөрүү маселесин Жогорку Кеңеште көтөрүп, талап кылып келгенбиз. Бул система пандемия бүткөндөн кийин да иштеши керек. Ошол эле учурда сот отурумдарына катышкан байкоочуларга жана күбөлөргө өзүнчө шарт түзүлүшү зарыл. Бирок бул чоң каражатты талап кылат. Аларга өзүнчө бөлмө уюштурулушу керек. Керектүү жабдыктар менен камсыз болушу абзел. Эми бул акырындык менен ишке ашат. Биз мына ушул талапты Жогорку сотко койгонбуз”.
Кыргызстанда 2010-жылы бийлик алмашкандан бери сот тармагын реформалоо тууралуу сөз болуп келет. Бийлик реформа үчүн бардык аракеттер көрүлүп жатканын билдирүүдө. Бирок сотторго карата коомчулукта сын-пикирлер токтой элек.
“Бир дүйнө - Кыргызстан” укук коргоо кыймылынын жетекчиси Төлөкан Исмаилова сот отурумдары онлайн тартипке "даярдыгы жок өттү" деп эсептейт.
“Сотторду реформалоо үчүн бюджеттен чоң сумма бөлүнгөн. Бирок анын жыйынтыгы көрүнгөн жок. Пандемия учурунда сот отурумдары оору жугузуу коркунучуна карабай улана берди. Мунун айынан көптөгөн адвокаттар, сотко катышкан адамдар ооруду, айрымдары каза болду. Эми сот отурумдарын онлайн режимге өткөрүп жатышат. Бул система өнүккөн өлкөлөрдө эбак эле жөнгө салынган. Ал эми Кыргызстанда бул система кандай иштейт жана алгоритми кандай болору тууралуу элге маалымат берилген жок”.
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын айрым аймактарында 25-марттан 10-майга чейин өзгөчө абал режими жарыяланган кезде Жогорку сот 6-апрелден 13-апрелге чейин карантинге жабылган. Ошондой эле 30-марттан 3-апрелге чейин Ош, Жалал-Абад облустарынын, Бишкек шаарынын, Чүй облустук жана Чүй район аралык сотторунун иши бир жумага токтотулган.
Ага чейин Кыргызстандын сот органдары өзгөчө абал шартында кадимки тартипте иштей берерин билдиришкен.
Эскертүү!
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.