Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:59

Сахаров сыйлыгынын ээси Путинге айбат көрсөттү


Александр Мимруктун "Олег Сенцов" аттуу китебинин англисче нускасы. Киев, 8-декабрь, 2018-жыл.
Александр Мимруктун "Олег Сенцов" аттуу китебинин англисче нускасы. Киев, 8-декабрь, 2018-жыл.

Орус абагында отурган украиналык режиссер Олег Сенцовго Европа парламентинин Сахаров сыйлыгы расмий ыйгарылды. Адам укуктары жаатындагы бул абройлуу сыйлык 12-декабрда Страсбургдагы жыйында Сенцовдун бөлөсүнө тапшырылды.

12-декабрда Европарламентте советтик физик жана диссидент Андрей Сахаров атындагы эл аралык сыйлыкты тапшыруу аземи болду. Быйыл бул сыйлыкка орус түрмөсүндө отурган, дээрлик беш айга чукул ачкачылык кармап, дүйнөнүн көңүлүн бурган украин режиссеру Олег Сенцов татыганы октябрь айынын соңунда белгилүү болгон. Европарламенттин төрагасы Антонио Таяни бул чечимди мындай түшүндүргөн:

- Бул сыйлыкты ыйгаруу менен Европа парламенти анын өзүнө жана анын максатына тилектештигин билдирет. Биз 2014-жылы кармалып, 20 жылга абакка кесилген Олег Сенцовдун дароо бошотулушун талап кылабыз.

Быйыл 42 жашка толгон Олег Сенцов төрт жыл мурда "теракт даярдаган" деген жүйө менен Крымда кармалган. Андан мурда режиссер өзү туулуп өскөн Крым жарым аралын Москва аннексиялап алганын кескин сындап келген эле.

2015-жылы Орусиянын соту аны 20 жылга түрмөгө кескен. Сенцов күнөөсүн мойнуна алган эмес жана орус бийлиги койгон айыпты толугу менен четке каккан.

Сенцовдун бөлөсү Наталья Каплан (солдо), Европарламенттин төрагасы Антонио Таяни (ортодо) жана Сенцовдун адвокаты Дмитрий Динзе сыйлык тапшыруу аземинде, Страсбург, 12-декабрь, 2018-жыл.
Сенцовдун бөлөсү Наталья Каплан (солдо), Европарламенттин төрагасы Антонио Таяни (ортодо) жана Сенцовдун адвокаты Дмитрий Динзе сыйлык тапшыруу аземинде, Страсбург, 12-декабрь, 2018-жыл.

Украин режиссеру орус абактарында “саясий негизде” кармалып турган 60тан ашык украин жаранына эркиндик берүүнү талап кылып быйыл май айында ачкачылык акциясын баштаган. Бирок 145 күндөн кийин, 6-октябрда ачкачылык акциясын токтотуп, бул кадамга түрмө жетекчилигинин аны күч менен тамактандырышына жол бербеш үчүн барганын билдирген.

Европарламенттеги сыйлык тапшыруу аземинде Сенцовдун өзү жок экенин атайын даярдалган бош отургуч көрсөтүп турду. Анын ордуна сыйлык бөлөсү Наталья Капланга тапшырылды.

- Орусиядагы бир да украиналык саясий туткун 145 күн ичинде бошотулган жок. Бирок бул Олег жеңилип калды деген сөз эмес. Анын аракети менен бүтүндөй дүйнө Орусиянын репрессиясы тууралуу сүйлөй баштады. Олег украиналык саясий туткундардын маселесине элдин көңүлүн бурду. Ал жеңишке жетти, - деди Каплан Европарламенттин алдында сүйлөгөн сөзүндө.

Быйыл август айында Сенцов 30 килограммга чейин арыктаганы, абалы кескин начарлап кеткени кабарланган. Бирок ал жакын туугандарынын ачкачылык акциясын токтотуу жөнүндө чакырыктарына көпкө чейин кулак салбай келди. Сенцовдун маселесин бир катар Батыш лидерлери, алардын ичинде француз президенти Эммануэл Макрон, немис канцлери Ангела Меркел да көтөргөн.

Олег Сенцов түрмөнүн ооруканасында. 29-сентябрь, 2018-жыл.
Олег Сенцов түрмөнүн ооруканасында. 29-сентябрь, 2018-жыл.

Бирок Москва украин режиссерун "саясий туткун" деп тааныбайт. Орус бийлиги аны бошотуу жөнүндө чакырыктарды да четке кагып келет. Жайында режиссердун апасы уулуна ырайым берүүнү суранып президент Владимир Путинге жиберген өтүнүчүн Кремль канааттандырган эмес. Президенттин администрациясы Сенцов өзү Путинге ырайым сурап кайрылмайынча, өтүнүч каралбай турганын айтып жооп кайтарган. Режиссер өзү кылбаган кылмыш үчүн кечирим сурабай турганын айткан.

Учурда Сенцов абак жазасын Орусиянын Ямало-Ненецк округундагы Лабытнанги шаарынын "Ак аюу" деген түрмөсүндө өтөп жатат. Анын абактан жазган катын бөлөсү Наталья Каплан Европарламентте окуп берди:

“Карыганга чейин курсагы ток "кандуу башкаруучунун" жашоосун жашап өтсө болот. “Өз элиң суусап турат” деп эле жалганды жаадыра берсе болот. Ал түгүл дүйнөлүк лидерлер сени менен урушкусу келбей, сага кол бере беришет. Бирок өлүмүңдөн кийин дароо атың өчөт. Учур чак көбүнесе адилетсиз. Бирок тарых ар дайым тараза. Убакыттын өтүшү менен бардык нерсе өз ордуна коюлуп, чыныгы атынан атала баштайт”.

Ошондой эле Сенцов өз катында келечекте академик Андрей Сахаровдун атын алып жүргөн бул сыйлыкка дагы татыктуу иштерди жасай алаарына үмүт кылып турганын белгилеген.

Европарламент бул сыйлыгын 1988-жылы негиздеген. Ал жыл сайын дүйнөдө адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо жаатында аты чыккан кишилерге ыйгарылып келет. Сыйлыктын акчалай бөлүгү 50 миң еврого барабар.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG