Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:48

Айыл чарба кооперативин түзүүнүн күңгөй-тескейи


 Иллюстрация.
Иллюстрация.

Министрлер кабинетинин “айыл чарба кооперативдерин, үрөнчүлүк жана асыл тукум чарбаларын өнүктүрүү жөнүндө” 309-токтому жер-жерлерде дыйкандардын нааразычылыгын жаратууда. Алар мындан ары жөнөкөй дыйкандар жерди ижарага алууга мүмкүн болбой калганын, токтом ири ишкерлердин гана кызыкчылыгын көздөй турганын билдирүүдө. Айыл чарба министрлиги бул чечим үрөнчүлүк жана асыл тукум чарбаларын өнүктүрүү үчүн кабыл алынганын жүйө келтирип жатат.

Министрлер кабинетинин “айыл чарба кооперативдерин, үрөнчүлүк жана асыл тукум чарбаларын өнүктүрүү жөнүндө” 309-токтому 2021-жылы 17-декабрда чыккан. Токтом чыкканы аймактардагы дыйкан-фермерлер каршылыгын билдирип, маселе Жогорку Кеңеште дагы көтөрүлгөн.

28-январда Жогорку Кеңештеги “Элдик” депутаттык тобу аталган токтом боюнча Айыл чарба министрлигинин маалыматын укту.

Министр Аскарбек Жаныбеков Жогорку Кеңештин “Элдик” депутаттык тобунун отурумунда токтомдун маани-маңызын түшүндүрдү.

Аскарбек Жаныбеков
Аскарбек Жаныбеков

“Бүгүнкү күнү Кыргызстандын айыл чарбасындагы биринчи көйгөй - үрөн. Сапаттуу үрөн жок. Себеби үрөн чарбалардын карамагында 276 миң гектардын 12 миң гектары гана бар. Анын 4 миң гектары гана максаттуу пайдаланылат десек 10 миң тонна гана үрөн өндүрө алат. Бизге башканы эсепке албаганда эле дан өсүмдүктөрүнө гана 130 миң тонна үрөн керек. Кыргызстанда асыл тукум мал 5% жетпейт. Кайсы жерден асыл тукум мал сатып алаласыздар? Эч жерден таба албайт. Кыргызстанда асыл тукум кой да жок, уй да жок, жылкы да жок. Ошол үчүн мамлекеттик фонддогу жерди багыттуу пайдалануу үчүн ушул токтом чыкты”.

30 жылдан бери Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунда калган 25% жерди, бул - 276 580 гектар, айыл өкмөтү дыйкандарга ижарага берип келген.

Министрлер кабинети 309-токтому менен аталган 276 580 гектар жердин рентабелдүү 75% айыл өкмөттөрүнөн Айыл чарба министрлигине мөөнөтсүз алганы жатат. Министрлик жерди ар бир райондо түзүлгөн комиссия аркылуу айыл чарба кооперативдерине, үрөнчүлүк жана асыл тукум чарбаларына берет.

Анткен менен бул токтомго Кыргызстандын аймагындагы дыйкандар жана фермерлер каршы чыгууда. Алар токтом колунда бар адамдардын гана кызыкчылыгын көздөйт деп эсептешет.

Ысык-Көл облусунун Түп районунун тургуну Эмил Кожомамбетов буларды билдирди.

“Мамлекеттик фонддун жерлери азыр деле кооперативдерде, үрөнчүлүк же асыл тукум чарбаларында. Мурдагы чиновниктер, айыл өкмөттөрү, колунда бар адамдар ошолорду түзүп жерди ээлеп алышкан. Азыр жаштар талашып жатат. Аукциондордо ала албай калышты. Ошондуктан булар өздөрүнө ылайыктап токтом токуп чыгышты. Мына, жаңы түзүлгөн кооперативдер жерди ала албайт экен. Мен токтомго түп тамырынан каршы эмесмин. Бирок тең укуктуулук сакталыш керек”.

Министрлер кабинетинин 309-токтомуна ылайык мамлекеттик фонддогу жерлерди үч жыл мурун түзүлгөн кооперативдер гана алалат. Бирок айыл чарба министри мамлекеттик фонддогу жерлерди кооперативдерге берүү 2023-жылдын 1-январына чейин токтотулганын маалымдады.

Ал эми үрөнчүлүк жана асыл тукум чарбалары тиешелүү талаптарга жооп бериши керек.

Өкмөттүн токтомуна Талас облусунун дагы бир катар дыйкандары каршы чыккан. Алардын бири, Талас облусунун Манас районунун тургуну Раимберди Жумашов буга чейин жерди ээлеп келген үрөн чарбалары эч кандай үрөн чыгарбаганын айтууда.

“Мурдагы депутаттар, айыл башчылар жерди өздөрүнө жаза берип, эми элге бербей, кооперативдерге өтүп алганбыз деп жатат. 40-50 гектар жерлерди өздөрүнө жаздырып алышкан. Үрөн өндүрөт деген үрөн чарбаларын көргөнбүз. Бирөө дагы өндүргөн жок. Баары өздөрүнө иштеп жатат. Бир дагы үрөн, бир дагы асыл тукум мал, бир дагы техника иштеткен жок. Ал эми жаштар жери жок жүрүшөт”.

Жер алгач беш жылга берилет, эгер ишмердүүлүгү талапка жооп берсе ижара келишими 20 жылга узартылат. Эгер кайсы бир райондо үрөнчүлүк же асыл тукум чарбалары жок болсо, Айыл чарба министрлигине өткөн мамлекеттик фонддун жери кайра айыл өкмөткө ижара менен кайтарылып берилет.

Айыл чарба министрлиги дыйкандардын кооптонуусуна негиз жок экенин айтып жатат.

“Бир райондо мамлекеттик фонддун 10 миң гектар жери бар деп коелу. Ал жерди азыр миң эле киши пайдаланып, каймагын калпып отурат. Бул токтом иштеп баштагандан кийин миң эмес 500 гана киши иштетип калышы дагы мүмкүн. Бирок 500 үрөнчүлүк чарба өндүргөн үрөн ар бир дыйканга барып жатпайбы. Азыр болсо миң адам же үрөн өндүрбөйт же асыл тукум мал бакпайт, бирок байып жатат. Эгер жободо көрсөтүлгөн талаптарга жооп бербесе комиссия бир тараптуу келишимди жокко чыгарат. Келишимди гана жокко чыгарбастан, анын макамын жокко чыгарабыз. Көрөсүздөр, эми жанталашып иштеп башташат”, - деди министр Аскарбек Жаныбеков.

Айыл чарба министрлиги өткөн жылы өлкөдөгү 146 үрөнчүлүк чарбасын текшерип чыккан. Анын жүрүшүндө 96 гана чарба иштеп жатканы белгилүү болгон. Кыргызстан өзүн үрөн менен 15% гана камсыздайт.

Айыл чарба тармагы боюнча адис Манас Саматов Министрлер кабинетинин 309-токтому боюнча каршы чыгып жаткан дыйкандарды колдоп жатат.

Манас Саматов
Манас Саматов

“Министрлер кабинетинин токтому көз боемочулук. 30 жылдан бери уланып келе жаткан жерди ээлеш үчүн коррупциялык чечим. Мен министрликке барып сунушумду айтып келдим. Чоң-чоң фирмалар менен гана эмес, жалпы фермалар менен иштеш керек. Бардык дыйкан-фермерлерге бирдей мамиле кылыш керек"

Советтер союзу тарап, менчиктештирүү башталгандан кийин Кыргызстандагы айдоо-сугат жерлеринин 75% айылдагы элге үлүшкө таратылып берилген. Ал эми 25% жер айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунда, тагыраагы айыл өкмөттөрүнүн балансында калган.

  • 16x9 Image

    Марат Тагаев

    Марат Тагаев – “Азаттык” радиосунун кабарчысы. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG