Саясат талдоочулар тынчсызданууга себеп жоктугун жана анын жеңишке жолу дымактуу атаандаштардан тазаланганын айтышууда.
Шайлоого камдалган шарт, утары дайын талапкер
Өзбекстанда 24-октябрга дайындалган президенттик шайлоого катышуу үчүн июлдун этегинен баштап талапкерлер көргөзүлөт.
Жакында азыркы президенттин басма сөз катчысы Шерзод Асадов Шавкат Мирзиёевдин шайлоого барышы белгисиз экенин айткан.
Бирок президенттин шайлоодон жеңип, экинчи мөөнөткө шайланууга шарт түзүлүп жатканын баамдагандар ага ишенген эмес.
Өзбек парламентинин төрагасынын орун басары Садык Сафаев Мирзиёев татыктуу талапкер экенин билдирди:
«Түз эле айтсам, Шавкат Мирзиёевден башка талапкерди көрбөй турам. Бул адам реформаларды демилгелеп, идеяларды ишке ашыруунун генератору жана локомотиви болду. Ага кийинки мөөнөткө жаңы мандат берүү - Өзбекстандын келечеги үчүн абдан маанилүү. Албетте, шайлоо атаандаштыкта өтүп, альтернативдүү программалар болушу керек. Эгерде биз бул шайлоону реформаларга баа берүү боюнча референдум катары алсак, өзгөрүүлөрдү жактырбаган адамдар да бар. Мына ошол адамдардын кызыкчылыгын камтып, бул боюнча маселе көтөрө турган партиялар болушу зарыл. Альтернативдүү программасыз жана атаандаш талапкерлерсиз шайлоо толук кандуу, чынчыл жана адилет деп бааланбайт».
Сафаев алдыдагы шайлоо өлкө өзгөрүлүп, ачык-айкындык болуп, жарандык коом жанданган башкача шартта өтөрүн, аны даярдоого жана өткөрүүгө баа берилерин белгилеген.
"Эрктин" талапкерине ташталган тузак
Бозгунда жүргөн өзбек оппозиционери Мухаммад Салих негиздеген “Эрк” партиясын Түркиядан Өзбекстанга кайтып келген мурдагы ырчы Жахангир Атажанов жетектейт.
Быйыл 26-майда Ташкентте партиялаштары чогулуп, Атажановдун президенттикке талапкерлигин колдогон. 15-июнда партиялаштар кайра чогулуп, анын шайлоого баруу планын талкуулап жатканда белгисиз бирөөлөр үйгө кирип келип, чатак чыгарган.
Милиция эртеси партиянын мүчөлөрүн суракка чакырып, басым көрсөткөнү кабарланды.
“Эрк” партиясынан президенттикке талапкерлигин коюуга үмүткөр Жахангир Атажанов мунун бардыгын аны жарыштан четтетүү аракети катары баалады:
«Мени келгенден бери тынч койбодуңар. Азыраак болсо дагы силерде ынсап барбы? Эмне биз жаман иш кылдыкпы? Аэропорттон шаарга түшөрүм менен карантинге киргиздиңер. Же бир ооруп, кесел болбосом. Өткөндө үйгө келип, ички иштер бөлүмүнө чакырып, төрт саат түшүнүк кат алышты. Тергөөчүбү же башкабы айтор бирөө мага “кечирим сурасаңыз, сизди кечиришет” дейт. Мен эмнеге силерден кечирим сурашым керек? Силер кимсиңер мен кечирим сурагандай? Эмне кылганым үчүн кечирим сурашым керек? Мен эмне, кылмышкерминби же силердин акыңарды жедимби? Менин үйүмө 15-20 чакты адам келип, баскынчылык кылды. 146-берене менен алар 20 жылга чейин камалышы керек болчу. Бирөө-жарымы эле камалсынчы. Камай албайсыңар. Анткени, силер өзүнөр жибергенсиңер. Кайсы абийириңер менен мени саясий күрөштөн четтетүүгө аракет жасап жатасыңар», - деди Жахангир Атажанов.
Өзбекстандын мыйзамы боюнча парламенттик жана президенттик шайлоого каттоодон өткөн гана партиялар катыша алат.
“Эрк” менен “Адилеттик жана өнүгүү” партиялары алдыдагы президенттик шайлоого катышуу үчүн катталууга арыз берип, бирок Юстиция министрлиги аларды каттоодон баш тартканы маалымдалган.
“Адилеттик жана өнүгүү” партиясынын жыйыны дагы үзгүлтүккө учурап, партия лидери, Термез университетинин мурдагы ректору Кыдырназар Аллакулов кармалган.
Катталууга арыз берген “Калк кызыкчылыгы” партиясынын лидери Махмуд Юлдашев дагы коркутууга дуушар болгонун билдирген. Ал саясий ишмердигин токтотууга эскертүү алганын айтып чыккан. Президенттикке талапкер чыгарууга ниеттенген саясий партиялар азырынча ушулар гана.
Бирок талдоочулар баамдагандай, Өзбекстанда кайра Каримов доорундагыдай эле көз карандысыз, атаандаш талапкерлерди жарыштан күч менен чыгаруу жана кылмыш ишин козгоп, камакка алуу сыяктуу өнөкөт усулдар колдонулуп жаткандай.
Алдыдагы президенттик шайлоонун легитимдүүлүгүн камсыздоо үчүн жасалма талапкерлер чыгарылып, эл көзүнө Мирзиёевге атаандаш катары көрсөтүү тууралуу бийликтин планы бар экенин айткандар чыгат.
Эгемен Өзбекстандын тарыхында саясатчы Мухаммад Салих 1991-жылдагы президенттик шайлоодо Каримовго атаандаш болуп, расмий көрсөткүч боюнча 12% ашуун добушка ээ болгон. Ошондон кийин ал куугунтукталып, Түркияга чыгып кеткен.
2000-жылы президенттикке талапкер Абдулхафиз Жалолов кабинадан чыгары менен добушун Каримовго бергенин жарыялаган. Саясат талдоочулар ошондон бери өзбек саясатында бийлик клон партиялары аркылуу жасалма талапкерлерди көргөзүүнү өздөштүргөнүн белгилешет.