Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:06

"Телеграмдагы" топтун талаштуу иши


Москва шаардык соту "Новое величие" тобунун мүчөсү Анна Павликованы камакта калтырган учуру.
Москва шаардык соту "Новое величие" тобунун мүчөсү Анна Павликованы камакта калтырган учуру.

Москвада жакында экстремисттик деп табылган "Новое величие" тобунун соту башталат. Адвокаттары "бул топту ФСБнын агенти чагымчылар менен уюштуруп, анын мүчөлөрүн күч органдарына салып берген" деп айтышууда.

Быйыл 15-мартта ОМОН Москвада он кишини камакка алган. Азыр алардын алтоо СИЗОдо, төртөө үй камагында. "Новое величие" тобунун эң жаш мүчөлөрү Анна Павликова 18 жашта, Мария Дубовик 19 жашта. Калгандарынын ата-энелери журналисттер жана укук коргоочулар менен сүйлөшүүдөн баш тартып жатышат.

Тергөө кармалгандарды "Орусияда бийликти күч менен алмаштырууну көздөгөн экстремисттик топту уюштурган" деп айыптап келет.

Интернетке топтун лидери экени кабарланган 25 жаштагы Руслан Костыленковдун сурактагы видеосу таркатылган. Анда Руслан Орусиядагы бийликти алмаштырыш үчүн жашыруун уюм түзгөнүн моюнга алган.

Руслан Костыленков.
Руслан Костыленков.

- "Новое величие" уюмун түзгөнүм үчүн камактамын. Уюмдун максаты - Орусиянын аймагында тартип орнотуу, бийликтегилерди трибуналга такоо, репрессивдүү мыйзамдарды жокко чыгаруу жана Баш мыйзамды өзгөртүү. Биз митингдерди өткөрүүнү, башка акцияларга катышууну жана укук коргоочу органдарга түз каршылык көрсөтүүнү пландаганбыз.

"Медиазона" интернет-басылмасында Костыленковдун тааныштары Руслан видеодо башкача көрүнгөнүн жазып, "ал ур-токмокко кабылган" деген ойлору менен бөлүшкөн.

Тергөө болсо "Новое величие" уюму былтыр 5-ноябрда оңунан чыкпай калган "Мальцевдин төңкөрүшүнүн" кийин уюшулган деп болжолдойт. "Артподготовка" радикал уюмунун лидери Вячеслав Мальцев азыр Орусияда эмес.

"Новое величие" тобундагылардын үйлөрүн тинтүүдө оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын "Шайлоочулардын бойкоту" акциясы жөнүндө кагаздар жана топтун уставы табылган.

Укук коргоочулар кылмыш иши толугу менен бул Орусияда бийликти күч менен алмаштырууга чакырган документке, телеграм-чаттагы сүйлөшүүлөргө жана топко жашыруун киргизилген күч органдарынын кызматкерлеринин көрсөтмөсүнө негизделгенин белгилешет.

Адвокат Максим Пашков "топту телеграм-чатта ФСБнын агенти экени айтылган Александр Константинов (чатта Руслан Д. деген ат менен) уюштуруп, топтун уставын жана программасын өзү жазган" деген ойдо.

Максим Пашков.
Максим Пашков.

- Бул окуя - баштан-аяк полициянын чагымы. Атайын кызмат кызуу кийлигишпесе мындай нерселер болмок эмес. Балдар Интернетте таанышкан. Баары бирдей Орусиянын азыркы бийлигине сын көз карашта эле. Мындай эле, "Макдоналдста" чогулуп, саясатты жана жаңылыктарды талкуулашчу. Мындай талкуу үчүн сот жообуна тартууга мүмкүн эместигин түшүнгөн бул адам кеңсени ижарага алган, анын акысын төлөгөн, балдарды чогулткан, уюмдун саясий иш программасын жана уставын жазып чыккан, баракчаларды чыгартып, мунун баарын видеого тартып, анан ыкчам кызматкерлерге өткөрүп берип, погонуна дагы бир "жылдыз" алган, - дейт Максим Пашков.

Константиновдун көрсөтмөсүнө караганда топтун мүчөлөрү Москва облусунда Хотьковонун алдындагы эски полигонго барып, ал жакта “Сайга” мылтыгынан ок атып, "Молотов коктейлдерин" жасоону үйрөнүшкөн.

Камактагы 18 жаштагы Анна Павликованын энеси Ольга "балдар атайын кылтакка илинишкен" деп эсептейт:

- Жаштарды кылтакка алып, аларды жетектеп, бардыгын өздөрү көрсөтүшкөн. Мындайча айтканда иш билгилик менен жайылган торчо.

"Новое величие" тобу камакка алынганга чейин 28-январда Навальныйдын "шайлоочулар бойкотуна", февралда "Москвичтер троллейбустарды жактайт" жүрүшүнө жана Борис Немцовду эскерүү маршына катышкан.

Укук коргоочу Алла Фролова бул окуяда Алексей Навальныйдын аты аталып жатканы бекеринен эмес деген ойдо:

Анна Фролова.
Анна Фролова.

- Навальный жаштарды бириктире алды. Муну менен ал бийликке коркунуч келтирди. Билимдүү, алдуу-күчтүү жаштарды бириктирүү оңой эмес. Булар өлкөнүн эртеңки келечеги. Анан аларды чектен чыгарбаш үчүн токтотуш керек да. Муну болсо ар кандай ыкма менен жасаса болот.

Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 1-бөлүгү боюнча экстремисттик уюмду түзүү үчүн айыпталган адам он жылга чейин, ал эми мындай уюмга мүчө болгондор алты жылга чейин эркинен ажыратылат. Жогорку сот бул берене менен кылмыш жообуна 16 жаштан баштап тартса болоорун түшүндүргөн.

8-майда Москванын Дорогомилов райондук соту "Новое величие" тобунун мүчөлөрү делген Дмитрий Полетаев, Петр Карамзин, Мария Дубовик, Руслан Костыленков жана Вячеслав Крюковду камакка алуу мөөнөтүн 13-сентябрга чейин узартты. Үй камагындагы Павел Ребровский, Максим Рощин, Сергей Гаврилов жана Рустам Рустамовго да камак мөөнөтү узартылган. Камакка алынганда 17 жашта болгон Анна Павликованын иши 11-майда каралат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG