Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:07

АКШ Иранга кастарын тикти


Пентагондун башчысынын милдетин аткаруучу Патрик Шанахан. 11-февраль, 2019-жыл. Кабул.
Пентагондун башчысынын милдетин аткаруучу Патрик Шанахан. 11-февраль, 2019-жыл. Кабул.

Пентагон Иран тараптан келчү коркунучтардын алдын алуу максатында Жакынкы Чыгышка кошумча америкалык аскерлерди жөнөтүү планын караштырып жатканын ырастады.

Бул тууралуу АКШнын коргоо министринин милдетин аткаруучу Патрик Шанахан бейшембиде билдирди. Бирок Шанахан аскерлердин саны боюнча маалыматты четке какты. Анын айтымында азырынча бул тууралуу сөз боло элек.

Ал арада Кошмо Штаттардын президенти ушул эле күнү журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Жакынкы Чыгышка аскер жиберүү боюнча күмөн санап жатканын билдирди. Дональд Трамп бул маселени Пентагондун жетекчилиги менен талкуулап, караштырып көрөрүн кошумчалады.

22-майда бир катар маалымат каражаттары, анын ичинде «Reuters» Вашингтондогу өз булактарына таянып, Иран менен АКШнын ортосунда чыңалуу курчуп турган маалда Пентагон Жакынкы Чыгышка беш миңдей аскер жөнөтүү планын караштарып жатканын жазган.

Аты-жөнүн ачыкка чыгаргысы келбеген аткаминерлер маалымат агенттигине Пентагондун бул сунушун Ак үй колдор-колдобосу белгисиз экенин айтышкан.

Иран коюшу мүмкүн болгон чабуулдардын алдын алыш үчүн ушул айда АКШ Жакынкы Чыгышка жана Перс булуңуна учак ташуучу согуштук кемесин, бомбалоочу учактарын жана «Patriot» ракетасын жайгаштырган.

Патрик Шанахан.
Патрик Шанахан.

Айрым байкоочулар Жакынкы Чыгышка кошумча аскерлерди жөнөтүү Дональд Трамптын бул аймактагы америкалык күчтөрдүн санын азайтуу боюнча билдирүүлөрүнө каршы келерин белгилеп жатышат.

Буга чейин коргоо министринин милдетин аткаруучу Патрик Шанахан Ирандан аймакка келтирчү коркунучтарына карабастан Вашингтон согушту каалабай турганын билдирген.

Ал эми 20-майда АКШнын президенти Дональд Трамп Иранга дагы бир жолу эскертүү берип, ортодо жаңжал чыга турган болсо, анда Ислам Республикасынын күнү бүтөөрүн билдирген. Ал эми Ирандын Жогорку руханий лидери, аятолла Али Хаменеи «Ирандын жаштары израилдик жана америкалык цивилизациянын кыйрашына күбө болушат»​деп 22-майда студенттер менен жолугушуп жатып айтты.

Вашингтон менен Тегерандын ортосундагы чыңалуу бир жыл мурда, Трамп АКШ Иран менен дүйнөлүк алты держава кол койгон келишимден чыкканын жарыялагандан кийин курчуй баштаган.

​Андан бери Кошмо Штаттар Иранга каршы экономикалык санкцияларын калыбына келтирген.

Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

Тегеран санкциялардын кайра жанданышын мыйзамсыз чечим деп эсептейт. Ушундан улам Иран өзөктүк келишим боюнча айрым милдеттенмелерин аткарууну токтоторун жарыялаган.

Вашингтон Ирандын тандалма аскер бөлүгү - Ислам революциясынын сакчылар корпусун чет элдик террордук уюм катары тааныды. АКШнын чечимине Тегеран дароо жооп кайтарып, АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн Борбордук командачылыгын жана анын бөлүктөрүн террордук уюм деп тааныды.

Ал арада Вашингтон Иран менен АКШнын ортосундагы чыңалган кырдаалга байланыштуу Кошмо Штаттардын Ирактагы элчилигинин эң зарыл кызматкерлеринен башкаларга өлкөдөн чыгып кетүүгө буйрук берди.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG