Эки жылдан бери Алматынын тургуну Болат Айдосов интернеттеги Инстаграм социалдык тармагы аркылуу автоунаа тетиктерин сатып келет.
- Ар бир товардан мен 300дөн 3000 миң теңгеге чейин пайда табам. Казакстандын бардык шаарларынан кардар тапкам. Мен мамлекет менен тапкан пайдамды бөлүшкүм келбейт. Жылдык кирешем кудайга шүгүр, азыркы киргизилип жаткан жаңычылдыкка каршымын. Жакында аба үчүн да төлөп калабызбы - деп нааразылыгын билдирди “Азаттыктын” казак кызматына Болот Айдосов.
Баарынан көп интернет соода менен Алматынын тургундары алек болушары маалым. Калаа акимиатынын мамлекеттик кирешелер боюнча комитетинин өкүлү Едил Адилшаих:
- Өз товарларын социалдык тармак аркылуу саткан адамдар үчүн атайын мыйзам жок. Алар өз алдынча соодагерлер жана ишкерлер катары каралат. Ар биринин өз кирешеси бар. Биз жаңы эч нерсе ойлоп тапкан жокпуз. Казакстанда ар бир жеке ишкер мамлекетке салык төлөөгө милдеттүү деген мыйзам Казакстанда мурдатан эле бар.
Ошентсе да эгер ишкердин жылдык кирешеси 12 айлык эсеп көрсөткүчүнөн жогору турса, ал каттоого турууга милдеттүү. Ар бир саткан товардан түшкөн пайданын 2% салык катары төлөп турушу керек.
Комитет өкүлүнүн билдиришинче, социалдык тармактардагы бизнес эми мамлекеттик органдар тарабынан текшерилип турат. Эгер ишкер мамлекеттик кирешелер комитетинде каттоого турбаса, алгач бийлик өкүлдөрү ага эскертүү берет андан соң айып пул салышат. Андан тышкары Каржы министрлигинин мамлекеттик кирешелер комитети Apple жана Google эл аралык компанияларга да салык салууну көздөшүүдө. Едил Адилшаихтин айтымында, аталган компаниялар менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.
- Алар мыйзамды бузбайт жана Казакстандын мамлекеттик бюджетине өз кирешесинин үч пайызын которуп турат деген үмүттөмүн. Эгер компаниялар бул мыйзамды аткарбаса, алардын товарлары сот чечими аркылуу конфискацияланат. Биз компаниянын өкүлдөрү менен түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. Эки тарап тең бул ишти аткарат деген ишеничтемин.
Казакстандык экономисттер социалдык тармактарда соода жүргүзгөн ишкерлерге салык салууга эл аралык кризис түрткү болду деп эсептешет.
Экономист Илияс Исаевдин пикиринде, бийлик дал ушундай жол менен мамлекеттик бюджетти толтуруп, жыртык-тешиктерди бүтөөнү көздөп жатат. Ал электрондук дүкөндөрдүн пайда болгонуна бир топ болуп калса да буга чейин суроо көтөрүлбөгөнүн айтты:
- Социалдык тармактардагы ишкерлер салык төлөшү керек деген маалыматты мен телевизордон уктум. Эл аралык стандарт кандай экенин билбейм, бирок мен соцтармактардагы ишкерлер башка бир өлкөлөрдө салык төлөйт дегенди уккан эмесмин. Казак бийликтери мындай кадамга барууну бюджетти толтуруунун бир түрү катары эсептеп жатышат.
Электрондук дүкөндөр жана социалдык тармактар аркылуу товар сатып алуу кадимки дүкөндөргө караганда кыйла арзан. Дагы бир көз карандысыз экономист Лейла Ануар кызы бийликтин бул чечимин туура деп санайт:
- Аткаминерлерди айыптаганга болбойт бул керектүү жана туура кадам. Азыр жердин баарында кризис. Алар өз кирешеси менен мамлекетке да бөлүп турушса жакырланып кетишпейт.
“Медиа-систем” агенттигинин маалыматына ылайык, Казакстанда социалдык тармактардын активдүү колдонуучуларынын саны 3,3 миллион адамды чапчыйт. Казакстандыктар арасында ВКонтакте социалдык тармагы кеңири жайылган. Инстаграм колдонгондор саны 1 миллион 300 миңден ашат. Алардын 70% аялдар түзөт. Андан кийинки орундарда Мой мир, Facebook, Одноклассники жана Twitter турат.