Буга жооп кылып, Улуттук энергохолдинг эл аралык көз карандысыз аудиттин жыйынтыгы чыккандан кийин “Кыргызстан кеткен акчаны төлөп берүүгө даяр” экенин өзүнүн расмий сайтына жарыялады. Президент Алмазбек Атамбаев бул энергетикалык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн тез арада инвестор издөөнү тапшырды.
"Жебеген самсага төлөнгөн пул"
Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы Жогорку Нарын каскадын жана Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу боюнча макулдашуу расмий түрдө 9-августта күчүн жоготту. Буга байланыштуу Орусия Жогорку Нарындагы жолдорду түздөөгө жана жумушчулардын жатаканасына чыгымдалды деп эсептеген 37 миллион доллар чыгымын кайтарууну талап кылды. Бул макулдашууга 2012-жылы кол коюлган болчу. Бирок курулуш кечеңдегендиктен кыргыз тарап быйыл жыл башында ал макулдашууну жокко чыгарган. Анан убактылуу депутаттык комиссия курулушка кеткен чыгымды иликтеп чыгып, анын 3-4 эсе ашыкча көрсөтүлгөнүн таап чыккан. Кыргыз тарап муну эл аралык аудит аркылуу тастыктатып, анын негизинде кеткен чыгымды төлөп берерин билдирди.
Убактылуу депутаттык комиссиянын төрагасы Алманбет Шыкмаматов бул жагдай туурасында мындай дейт:
- Бирок аны күтпөй эле орус тарап “аудиттин жыйынтыгын күтүү ал силердин маселе, бизге болсо кеткен чыгымды төлөп бергиле, ал келишимде жазылган. Ага силердин жетекчилер кол койгон” деп катуу басым жасаса, биз төлөп берүүгө мажбур болобуз. Бирок биз бул иште көп акча желип кеткенин далилдеп берип, “силер биринчиден келишимге кол коюп туруп, аны аткарбай койдуңар, экинчиден башында которгон акчаңардын жарымын эле кайра өзүңөрдүн адамдар алып кетиптир” деп айтып коюшубуз абзел. Орусия башында бизге тил эмизип, “ГЭСтерди куруп беребиз” деп, анан Өзбекстан менен сүйлөшүп алгандан кийин каржылоону токтотконун тарых үчүн белгилеп коюш керек.
Башында ГЭСтер долбоору боюнча макулдашуу негизги кыргыз-орус кызматташтыгы катары каралган. Бирок кыргыз өкмөтү Орусия төрт жылга чукул убакыттан бери курулушка акча таба албаганын жүйө келтирип, макулдашуудан бир тараптуу чыккан. Москва расмий түрдө буга жооп кылган эмес.
Инвестор издөөнүн аракети
Ошол эле кезде кыргыз тарап долбоорлорду ишке ашырууга Кытай, Жапония, Түркия жана Сауд Арабия сыяктуу өлкөлөрдүн компаниялары кызыкдар экенин учурунда белгилеген болчу. Жакында президент Атамбаев инвестиция тартуу маселесине байланыштуу улуттук энергохолдингдин жетекчисин кабыл алды. Президенттик аппараттын маалымат саясаты бөлүмүнүн башчысы Алмаз Үсөнов бул туурасында мына буларга токтолду:
- Президент Атамбаев аталган объектилерди куруп, бүтүрүү үчүн өкмөт жакын арада инвесторлорду активдүү издөө зарыл экенин белгиледи. Ошондой эле мамлекет башчысы энергохолдингдин жетекчисине бул маселе боюнча өз сунуштарын иштеп чыгып, ГЭСтерди куруу үчүн жеңилдиктерди караган укуктук ченемдерди ишке киргизүүгө байланыштуу иш-чараларды алып барууну тапшырды.
Анткен менен Орусиядагы “Независимая газета” басылмасы “Кыргызстан үмүттөнгөн башка чет элдик компаниялардын бири да ал жакка ГЭС курууга каражат салгысы келген жок” деп табалап, бүтүм чыгарды. Басылма эми кыргыз тарап макулдашуудан чыккан соң кеткен чыгымды төлөп берүүгө тийиш экенин эскерткен. Анткени макулдашууга ылайык, андан чыккан тарап экинчисине кеткен чыгымды төлөөгө милдеттендирилген.
Кремлдин белгисиби?
Саясатчы Равшан Жээнбеков Москванын буга окшогон “белги” берүүсүнүн төркүнүн төмөндөгүчө чечмеледи:
- Соңку мезгилде Кыргызстан менен Орусиянын жетекчилеринин мамилеси сууп калганы байкалат. Өткөндө президент Атамбаев маалымат жыйында айткан сөздөн кийин Орусия Кыргызстандын жетекчилигине басым жасоо максатында 37 миллион доллар чыгымды доолатып жатышы мүмкүн. Себеби Атамбаев “Русгидро” жетекчиси Дод менен Орусиянын Бажы кызматынын жетекчиси Бельяниновдун камалышын Кыргызстанга байланыштуу деген сөзүндө дагы бир табышмак бар болуп жаткансыйт. Мүмкүн биздин президентте бир маалымат болушу дагы ыктымал. Анткени соңку мезгилде Орусияда түрдүү күчтөрдүн ортосунда күрөш жүрүп жатканы маалым. Ошондуктан ал жетекчилер коррупцияга шектелген күндө деле Кыргызстанды колдогон же болбосо каршы тараптын кызыкчылыгын караган күчтөрдүн ортосундагы оюндун курмандыгы болуп жатышы толук мүмкүн.
Өкмөт Орусиянын кеткен чыгымын бюджеттен төлөп берүү, курулган объектинин баасына жараша ага үлүш сунуштоо же болбосо инвестордун эсебинен акчаны кайтаруу сыяктуу варианттар боюнча бир чечимге келе элек. Өкмөттүн басма сөз кызматынан бул маселе жакын арада караларын белгилешти. Орусия Жогорку Нарын каскадын куруу үчүн башында 400 миллион доллар сарптала турганын айтып, кийин аны 700 миллионго көтөргөн. Камбар-Ата-1 ГЭСине болсо 2 миллиард доллар инвестиция салууну убада кылган эле. Бирок Путиндин Ташкенге сапарынан кийин Орусия тарап бул долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар эмес экенин иш жүзүндө көргөзүп койгонун талдоочулар белгилеп келишет.